АЙДАЙ

(Башы өткөн сандарыбызда)

– Мени аяп, боор ачыткандын кереги жок, достор. Элдар абдан жакшы адам, чын айтам, жакшы адам. Эми мен силерден кийинки курста окуйм. Баарыңарга ийгилик.
Көзүмдү шаша-буша аарчып, кол булгай чыгып кеттим.
Арстан билинбей жүрүп биздин үйдүн бир мүчөсү болуп калды. Аны менен жарашканыма бир жылдан ашып кетсе да, азыркыга чейин Элдарга турмушка чыкканымдын чыныгы себебин айта элекмин. Бир жолу бул кепти козгоп, бирок менин “жомогума” ишенбей койду. Дем алыш күнү болчу. Эки саат ваннада жатып, анан шашпай чыгып алып короодогу беседкада бетиме маска жаап отурсам келип калыптыр. Элдар Искенди алып ойноткону кеткен. Дарбазаны жапканды унутуп кеткенин байкабаптырмын. Бирөө келип көзүмө жапкан бадыраңды алып, мени тиктеп калды.
– Ансыз деле сулуусуң, не кыласың мындайларды пайдаланып?
Көзүмдү ача салсам, маңдайымда Арстан турат, көздөрү ойноктоп. Кубанычтын толкуну денемди жымыратып, сулуу жүзүнө тигилип туруп калдым. Бул жигиттин оттуу көздөрүнө качан толкунданбай, бейкапар тигиле алат болдум экен?
– Ох, жүрөгүм, коркутуп жибер­диң!
– Мени алдай албайсың, жакшысы, кубанып кеттим дей кал.
– Ооба, кубанып кеттим. Эми не дейсиң?
Оюм күтүүсүздөн айтылып кетти. Өзүмдөн муну күтпөгөм.
– Жакшы, башка бирөөнүкү болгонуңа карабай, мени көргөндө кубанганың менин баркымды көтөрөт.
Жымыя тиктеп туруп, колундагы бадыраңдын кесигин оозуна салды.
– Ой, жинди десе, токто, үйдөн жаңысын алып чыгып берем. Муну мен бетиме жаап отурбадым беле? Ушуну да жейби, жинди!
– Сенин бетиңден албадымбы, демек, таптаза. Мына моону да жегим келип турат. Эрдиңден өбө албаган соң жок дегенде сени өпкөн бадыраңды жейин.
Кой дегениме болбой бетимдеги бадыраңдын улам бирин алып жей баштады.
– Кой дейм, Арстан!
Экөөбүз алышып, ойной кеттик. Мурун мушташканыбызда эч аябай колу-бутумду кайрып, ыйлатып койчу. Эми анте албады. Кокусунан кучактай, демиге тиктеп туруп калды. Дагы бир секунд! Анан мобу эриндерге, көптөн бери мен күтүп сагынган эриндерге жабыша түшөм. Андан да коркунучтуусу, ал эриндер мени күттүрбөй эле өздөрү жакындап келатты! Жок!
– Жок! Жок! Токто, Арстан, мени кыйнаба, суранам, өтүнөм, жалынам, мени кыйнаба...
– Айтчы, неге? Неге мени эмес, аны тандадың? Атаңдын оорусу себеп болдубу?
Шыбырап араң угулган бул үндө кандай гана азап катылган?!
– Эми аны билүүнүн кажети жок.
– Жок, бар. Сага зарылчылыгы жок болсо, мага себебин билүү зарыл. Айт, неге экөөбүздүн тагдырды менден сурабай, акылдашпай туруп бир өзүң чечип койдуң? Ал менин да тагдырым эле го?
– Элдардын байлыгына кызыктым. Моондай үйлөрү, фирмасы, машиналары... Эмне акым жок беле?
Аябай ачууланып кетти. Жаагымды карыштыра кармап тиктеп калды.
– Мындай былжыр жомогуңду башкаларга айт. Мени ушуга ишенет деп турасыңбы? Айт, бирөө сени коркуттубу? Биздин мамилеге каршы болдубу?
Апам деп айтууга оозу барбады. Ажардын шантажынан кабары барбы? Жүрөгүм оозума кептеле түштү. Өгөй энесинин айынан атасынан алыстап жүрсө, эми менин айымдан өз энесинен ажырайбы? Жок, жок! Мен мындайга жол бербейм. Кечир, жаным, апаң экөөңдүн ортоңорго от коё албайм. Атам менен Ажардын мамилесинин бузулушуна да жол бере албайм. Кечир!
Жүзүмдөн жай гана сызылып түшө баштаган көз жашты аарчый, үшкүрүп отуруп калды.
– Кечир. Жаныңды ооруттум, кечир.
– Кечирим сураба. Эгер экөөбүздүн бирөөбүз кечирим сурашыбыз керек болсо, ал – мен. Эгер бирөөбүз азап тартышыбыз керек болсо, ал – менмин. Сенин күнөөң жок. Азап тартышыңды да каалабайм. Кечирим да сурачу болбо. Күнөөнүн баары менде.
– Эсиңдеби, тогузунчу классты бүтүргөнүңдө өзүм менен кошо алып кетем деп чыккам. “Колледжге тапшырып, окуйсуң, анан жогорку окуу жайына тапшырасың” дегем. Ошондо алып кетишим керек болчу. Сени сактай албадым. Элдарга чыкканыңа эмне себеп болгонун баары бир билем. Жиниме тийип, жанагыдай жомокторду айтчу болбо! Сен байлыкка кызыга турган адам эмессиң.
Шарт ордунан туруп, коштошпостон чыгып кетти. Эмнеге келгенин да айтпады. Шалдырай отуруп кала бердим.
Элдар Арстандай кызматкер тапканына абдан ыраазы. Байкашымча, акыркы күндөрү маанилүү иштерин бүт ошого ишенип тапшырып, өзү Искен менен мага көп көңүл бөлө баштады. Ушул нерсе тынчымды алчу болду. Жок, бизге көңүл бөлгөнү эмес, Арстанга өтө ишенип жатканы. Арстан абдан ишенимдүү адам. Аны жакшы билем. Бирок кайсы бир күнү экөөбүздүн арманыбызды билчү болсо, Элдар үчүн аалам аңтарылып кетеби деп чочуйм. Менин арзуу-махабатымды өзүнүн оң колу кылып алганы Элдардын жанына катуу батабы деп чочуйм. Менин күйөөмдө болсо башка маселе боюнча суроолор жарала баштады.
– Жан, неге Арстан жөнүндө эч нерсе айтпагансың?
Экөөбүз кучакташып жатканбыз. Денем кадимкидей чыңала түштү. Эмне жөнүндө сурап жатат?
– Эмнени?
– Экөөңдү карап отуруп “бир туугандар да ушунча жакын болбосо керек” деп кетем. Түшүндүң да эмнени айтайын дегенимди. Бир эне, бир атанын балдары да экөөңчөлүк жакын, ынак болушпайт. Ушунчалык жакын адамың жөнүндө эч нерсе айтчу эмес элең дейм да.
– Андан коркуп жүргөм.
– В смысле?
– Коркуп десем да туура эмес болуп калат. Ал чын эле менин окубай туруп турмушка эрте чыгышыма макул болмок эмес. Ошону жакшы билгендиктен, айтпай туруп турмушка чыгып кеттим. Бул кылыгымды эч качан кечирбейт деп ойлогом.
– Ошон үчүн Арстан тууралуу мага эч нерсе айтпай жүрдүңбү?
– Ошон үчүн эле эмес...
– Дагы эмне үчүн?
– Мага ал жөнүндө сүйлөш түгүл ойлогон да оор болчу...
– Түшүнүктүү, демек, ошону ойлоп ыйлачусуң?..
– ?..
Үндөбөдүм. Эмне деп актанышым мүмкүн? “Жок, аны ойлоп ыйлачу эмесмин, башканы” демек белем. Антип уят болгондон көрө унчукпай койгонум артык. Эмне деп ойлосо, ошондой ойлосун. Каалагандай жорусун, унчукпаганымды.
– Эмне максаты бар эле?
– Кимдин?
– Ким болмок эле, Арстандын?
– Ал максаттарына жетти. “Мыкты менеджер болом, атама окшоп өмүр бою өкмөткө иштеп, анын кызматынан көз каранды болбойм” дечү.
– Анысы жакшы экен. Сен боюнча кандай максаты бар эле дегеним...
– “Тележылдыз болосуң” дечү.
– Кызык экен. Сенчи?
– Мен да каалаар элем. Ар кандай шоулорду эмес, жаңылыктарды алып барган Екатерина Андреева, Мария Ситтелдердей алып баруучу болгум келчү.
– Анда неге Медакадемияны сунуш кылганымда бул оюңду айтпадың?
– Алып баруучулукту кыялданып жүргөнүмдө турмушка чыгуу, сендей сыйлуу кишинин аялы болуу деген нерсе планымда жок болчу да. Эч бир эркек аялынын жылдыз болушун каалабаса керек.

Жазгүл Калыева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
aminali
2011-03-04 18:14:37
Kinosun korgum kelip jatat bar bolso eger,Arstan da suluu jigit bolso kerek.
0
operaledi
2011-03-04 18:39:17
Только сапаттуу кылып тартышса.
0
zare
2011-03-05 03:41:22
serial kilip tartsa 10 zhil korgondoi santa barbaraga okzhotup)))
0
milli
2011-03-07 02:01:01
ushul "Ayday"dy okugan sayin kyzdyn roluna Anjelikany elestete berem. Emnege?
0
№ 435, 4-10-март, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан