Учурда Кыргызстандын интернет булактарында окуучу кыздардын катышуусундагы “боевик” популярдуу болууда. Анда мектеп курагындагы 5 кыз өзүлөрүнө теңтуш бир кызды мазактап, сабаганы тартылган. Жүрөктөрдү титиреткен бул окуяга кайрылбай коё албадык.
ОКУЯ КАНДАЙ БОЛГОН?
Көргөн кишинин үрөйүн учурган аталган видеодо “башкы ролдогу” кыздар – Бишкектеги №54-мектептин 8-классынын окуучулары экендиги аныкталды. Алардан кордук жеген кыз – ошол эле кыздардын классташы. Жабырланган кыз бул мектепке окуу жылынын башында келген. Видеону көрүп отуруп, токмоктогондоруна, сөгүнгөндөрүнө (анча-мынча эркектер да мындай сөгүнбөсө керек) өкүнбөй, кайра маашыр болгондорунан улам “чын эле биздин келечегибиз, улуу чыгармаларда даңкталган кыздар ушуларбы?” деп коркуп кетесиң. Чачынан сүйрөп, башка, ичке тепкилешип, өздөрүн мектептин кожойкелери катары көрсөтүшүптүр.
Окуя өткөн жылдын ноябрь айында болгон экен, бирок эми гана телефондон телефонго өтүп отуруп интернетке чыккан. Жаңы келген окуучу кыз башынан өткөн бул окуядан кийин кекечтенип калган. Ал эми 5 “баатыр” кызга милиция тарабынан кылмыш иши козголгон. Мектеп окуучуларынын айтымында, 5 кыз жаңы окуучудан жигиттердин көңүлүн буруп алгандыгы үчүн ушинтип өч алышкан.
“САБАГАН КЫЗДАР ЖАКШЫ ОКУГАН, ҮЛГҮЛҮҮ КЫЗДАР ЭЛЕ...”
Баарынан да мектеп мугалимдеринин “бул кыздар мектептин жакшы окуган, өздөрүн тартиптүү, үлгүлүү алып жүргөн алдыңкы кыздары эле...” деп айткандары кызык болууда. “Тартиптүү, үлгү боло турган окуучулар ушундай болсо, калгандары кантти экен?” деген да суроо туулбай койбойт. Бул эми кыздар, ал эми эркек окуучулар арасындагы “разборкалардын” кандай болуп жатканын бир Кудай жана бир өздөрү эле билсе керек. Биз мурда Гагариндей учкуч, Айтиевдей сүрөтчү болгубуз келсе, азыркы жаштардын арасынан кылмыш дүйнөсүнүн атактууларын кумир тутуп келгендерин четтен табабыз. Алар бой жеткенде кандай адам болоруна азыр эч кимибиз жооп бере албайбыз. Бул көйгөйдү эртерээк мамлекеттик деңгээлде чечпесе, кийин өлкөбүздү жалаң криминал башкарып калабы деп кооптоносуң.
МИНИСТРЛИК ЭМНЕ ДЕЙТ?
КРнын Билим берүү министрлигинин мектепке чейинки, мектептик жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Райымбек Султанов мына буларды айтып берди:
– №54-мектепте болгон окуяны мен да интернеттен көрүп алып аябай жаман болдум. Министрликтен барып ата-энелер, коомчулук менен чогулуш өткөрүп келишти. Кыздардын ата-энелери балдарынын кылгандарына азыркыга чейин ишенбей жатканын айтып ыйлашыптыр. “Биздин кыздарыбыз ушундай ишке барат деп эч качан ойлобоптурбуз” деп сабалган кыздын ата-энесинен кечирим сурашкан. Кыздын ата-энеси сотко бериптир, эми күнөөлөрүнө жараша сот өз чечимин чыгарат.
– Билим берүү министрлиги окуучулар арасында рэкетчилик менен күрөшүү боюнча кандай иш-чараларды өткөрүүдө?
– Алгач балдарды «рэкетчилик», «талап-тоноочулук» деген сөздөрдөн алыс кармасак, мүмкүн, бул да өз үзүрүн берер эле деп ойлойм. Балдар арасындагы салык салуучулук балдар колониясында отуруп келген өспүрүмдөр, түрмөдө отуруп чыккандардан жугуп жатат болуш керек. Биздин министрлик да бул көйгөйгө кол куушуруп отуруп калган жок, атайын иш-чаралар иштелип чыккан. Облустук, райондук билим берүү бөлүмдөрүнө тапшырма бергенбиз, алар иштеп жатышат. Мектептердин өздөрүнүн атайын иш пландары бар, алар ошону менен иш алып барып жатышат. Айыл активдери, аксакалдар соту жана ата-энелер менен чогуу иш алып барышы зарыл. Тартип бузган балдарды ошолордун алдына салып, ата-энелерин кошо уяткарыш керек.
МЕКТЕП МУГАЛИМДЕРИ ЖООП БЕРҮҮДӨН БАШ ТАРТЫП...
№54-мектепке барганыбызда мектептин директору Борисова Ирина Андреевна иш бөлмөсүндө жок болуп чыкты. Ал эми 8-а классынын класс жетекчиси Шаповалова Светлана Николаевна жооп берүүдөн баш тартып койду. Мектеп директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Айнура Сооронова гана чакан маек куруп берди.
– Сизден телефонго тартылган видеотасма жөнүндө сурайын дедим эле, бул жөнүндө эмнелерди айта аласыз?
– Бул тасманы көрүп, аябай таң калдык. Жалаң “4-5ке” окуган кыздар эле, тартиби да жакшы болчу. Эң жакшы делинген кыздарыбыздан мындайды күткөн эмес элек.
– Сабаган кыздарга кандай чаралар көрүлдү?
– Телефонго тартылган видеотасма бизге жеткенде эле бул кыздарды мектептен чыгарып салганбыз. Азыр эмне болуп жатышат билбейм.
– Ал эми токмок жеген кыз азыр окуп жатабы?
– Биз тасманы 17-февраль күнү билдик да, ызы-чуу түшүп калдык. Ошол убакытка чейин окуп жаткан, ал эми 18-февралдан бери ата-энеси дарыгерлерге көрсөтүп жүргөндүктөн, сабакка келе элек.
– Мектеп өспүрүмдөргө кандай тарбия берип жатат?
– Биз эми окуучуларга колдон келишинче тарбия берип жатабыз, бирок ар бир баланы үйүнө чейин барып карап жүрө албайбыз да. Тарбиясы начар окуучулардын тизмесин класс жетекчилери бизге алып келип беришет, биз өспүрүмдөр иши боюнча инспекторлорго айтып, алар менен чогуу профилактикалык иштерди жүргүзөбүз. Үйлөрүнө чейин барып түшүндүрүү иштерин жасайбыз.
– Эмне үчүн ушундай окуялар көп кайталанып жатат? Мындай окуялар кайталанбаш үчүн эмне кылуу керек?
– Ата-эненин көзөмөлү керек. Мисалы, мен мектепте окуп жүргөндө да, студенттик кезде да үйгө саат бирден кечикпей барчумун. Азыраак эле кечиксем, апамдан уруш укчумун. Азыркы окуучулар сабак бүткөндөн кийин да топтолуп алып эле үйүнө барбай жүрүшөт. Андайларды “үйүңөргө кеткиле” деп кубалайбыз. Ата-энесине айтсаң, “биз жумушта болобуз, базарда отурабыз, күндүз караганга убактыбыз жок” деп айтышат. Үйдө жакшы тарбия берилсе, ал бала башка жерде деле өзүн тартиптүү алып жүрөт эле деп ойлойм.
ИИМ КАБАРЛАЙТ...
ИИМдин коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ж.Кулманбетов төмөнкүлөрдү билдирди:
– Бул болгон окуя боюнча “кылмышка шектүү” деп табылган 5 кызга Кылмыш кодексинин 234-беренеси (ээнбаштык) боюнча иш козголуп, азыркы убакта алдын алуу тергөө иштери жүргүзүлүүдө. “Шектүү” деп табылган кыздар жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясында каттоого алынды. Алардын ата-энелери менен бирдикте мектептеги алдын алуу кеңештеринде каралып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Айта кетчү нерсе, буга чейин кыздар арасында мындай кылмыштар катталган эмес.
ИИМ жана Жаштар иштери боюнча министрлиги биргеликте үстүбүздөгү жылдын 14-февралынан 19-февралына чейин республика аймагында “Рэкетке каршы” аттуу оперативдүү иш-чараларды өткөрүп, милиция кызматкерлери тарабынан 12 опузалап тоноо фактылары аныкталып-такталып, тергөө иштери жүрүүдө. Ошондой эле жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциялары тарабынан мектеп окуучуларынын арасында тартип бузууларды алдын алуу иштерин күчөтүү менен билим берүү тармактарынын өкүлдөрү менен биргеликте бир катар иштер жүргүзүлүүдө. 2010-2011-окуу жылы ичинде, биринчиден, мектеп рэкетин жоюу максатында мектеп ичиндеги терс көрүнүштөрдү убагында карап туруу үчүн 1745 орто мектепте алдын алуу кеңештери түзүлүп, анда коомчулуктан, ата-энелерден, мектеп администрациясынан жана окуучулардан турган 10543 өкүл иш алып барууда.
Чуулгандуу окуяга айланган видеону "Элдик видео" бөлүмүнөн көрө аласыздар.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg