Нумерология илиминде адамдын туулган күнү, айы, жылына карата байлык чакырган санды тапса болору тууралуу кызыктуу маалыматтар бар. Ар бир адам өз байлык санын тапкан соң аны туура багытта колдонушу керек. Кантип колдонуу керектигин макаладан издеңиз.
КАНТИП ЭСЕПТЕЙБИЗ?
Байлык саны же болбосо финансылык сан – мистика же куру убадалар жөнүндө эмес. Бул адамдын туулган күнүнө камтылган белгилүү бир энергия, акча үчүн жеке магнит. Финансылык санды билгенден кийин аны менен туура байланышта болуп, бекемдеп, атүгүл күнүмдүк жашоодо – бизнесте, үйүңүздө, жеке мейкиндигиңизде колдоно аласыз.
Эсептөө ыкмасы жөнөкөй эле. Туулган күн, ай, жылды жазабыз да, ар бирин бир сан келип чыккандай эсептейбиз.
Мисалы:
Туулган күңүңүз
11-числодо төрөлсөңүз: 1+1=2
23 деген числодо төрөлсөңүз 2+3=5
1ден 9га чейин өзгөрүүсүз калат.
Туулган айы
Январь – 1
Февраль - 2
Март – 3
Апрель – 4
Май – 5
Июль – 6
Июль – 7
Август – 8
Сентябрь – 9
Октябрь – 1 (1+0=1)
Ноябрь – 2 (1+1=2)
Декабрь – 3 (1+2=3)
Туулган жылы
1986-жыл болсо: 1+9+8+6=24. 24тү да ажыратабыз 2+4=6
2000-жыл болсо: 2+0+0+0=2
2005-жыл болсо: 2+0+0+5=25. 2+5=7
Эми баарын, тагыраагы, туулган күн, ай, жылдагы келип чыккан сандарды кошуп чыгабыз. Мисалы, 11-числонуку 2 деген сан чыккан, туулган айы январь 1, туулган жылы 1986=6
2+1+6= 9. Дал ушул 9 байлык саны болуп саналат!
БАЙЛЫК САНДАРЫНЫН ТААСИРИ
Өзүңүздүн байлык саныңызды эсептеп чыктыңызбы? Жыйынтык 1ден 9га чейинки сан болушу керек. Ар бир сандын жана анын ээсинин байланышы бар.
1 – акча магнити
Ооба, байлык саны 1 болгондор акча үчүн магнит болушат. Негизи эле сандардын башатында турган 1 дайыма ийгилик менен коштолуп жүрөт. Иштемчил адамдар, акчасын ак эмгеги менен тапканга аракет кылышат. Кол өнөрчүлүккө жакын келишет, курулуш тармагында иштесе да болот. Акчанын кайдан, кандай кыйынчылыктар менен келерин билишет жана баалашат. Ошондуктан акча да аларга магниттей тартылат.
2 – жамаат
2 саны өнөктөштөр, жамаат менен иштегендердин саны. Бул сандын ээлеринин күчү – сүйлөй алганында, башкара алганында, лидерлик сапатында. Бөлүнгөндү бириктирип, башкалар туңгуюк деп эсептеген жерден жол таап, сүйлөшүү жолу менен көп маселени чече алышат. Байлык саны 2 болгондор өз ишин баштап, бизнес ачса ийгиликтүү болот.
3 – камкордук
3 саны чыккан адамдар байлык булагын камкордук көрсөтүү менен табышат. Мындай адамдар көбүнчө эмпат болушат, алдына келген адамдардын энергиясын ачып, аларды уга билип, түшүнүп, өзүнө көндүрө алат, камкордук көрсөтүү менен “өздүк” адамына айланат. Башкалардын маселесин, кызыкчылыгын башкаларга жайылтуу менен акча тапса болот. Мындай кесиптер азыр көп: блогер, коуч, бизнес-тренер, психолог жага башка.
4 – тартип
Сиздин финансылык ийгилигиңиз катуу тартиптен, алдын ала түзүлгөн пландардан көз каранды. Күтүлбөгөн чечимдер, тобокелчиликтерден алыс болуу керек. Каржылык планда да бардык эсеп-кысаптар так жүргүзүлүшү керек. Жеке жашооңузда, жумушуңузда да туруктуулук сакталса, байлык булагы сизди көздөй агат.
5 – билим
5тин ээлерин “сахна адамы” деп койсо болот. Мындай адамдар билген билимин, көндүмдөрүн башкаларга жайылтуу, үйрөтүү менен жакшы акча таба алышат. Канчалык эл алдына көп чыгып, жаңы билими менен бөлүшкөн сайын, акча ошончолук ага тартылат. Түшүндүңүз да, сиздин күчтүү тарабыңыз – байланышта болуу, үйрөнүү жана үйрөтүү болуп саналат.
6 – сулуулук
Жашооңузду сулуулукка, эстетикага бөлөсөңүз байлык сизге тартылат экен. Жарашыктуу кийиниңиз, өзүңүздү карап жүрүңүз, үйүңүз таза, ашыкча буюм-тайымы жок, кызыктуу интерьер менен болсун. Кайсы тармакта иштебеңиз, айланаңызды сулуулукка бөлөңүз, көргөн адам суктангандай болсун. Эстетика жана кооздук, сулуулук сизге акча тарта турган магнит болуп саналат.
7 – кыймыл
Сиз дайыма кыймылда болушуңуз керек. Жаңычылдыкка умтулган, тобокелге баруудан коркпогон адамдарга ийгилик келет. Өзүн дайыма өнүктүрүп, эл-жер кыдырып, жаңы максат коюп, ага жетүү үчүн болгон аракетин көрүү менен кошо финансылык абалы да оңолот.
8 – мыйзам
8 мыйзамдуулукту, адилеттүүлүктү жактырган сан делет. Андыктан байлык саны 8 деп чыккандар да мыйзамды так сакташы керек. “Кичине минтип койсом эч нерсе болбойт” деп күмөндүү иштерге баш салсаңыз, ийгилик кушун учурдум дей бериңиз. Эрежелерди, келишимдерди так сактаган жайда эмгектенүү сунушталат.
9 – жан дүйнө
Мындай адамдар байлык, бийлик дегенге көп берилбейт, тескерисинче, жан дүйнө жыргалчылыгы болгон жерде жүргүсү келет. Философия, психология жаатында жакшы ойлорго ээ, эмпат адамдар. Башкаларга жардам берүүдөн энергия алышат, дал ушул сапаты акча чакырган булак болуп эсептелет. Каалоосуна каршы келген жайда эмгектенсе, акча да ага каалоосу жок келет. Андыктан мындай адамдарга басым жасабай, эркиндик берсе, жакшы каржы булагын ачкан жумуш табышат.
БАЙЛЫК САНЫН КОЛДОНУУ
Байлык санын канчалык көп көрсөң, канчалык көп колдонсоң, ошончолук аны ишке киргизген, байлык чакырган болосуң дешет нумерологдор. Байлык санын телефонго пин-код катары коюңуз, аны күнүгө колдоносуз. Андан сырткары мобилдик капчыктарга, электрондук почта, банк карталарына да байлык санын колдонгонду унутпаңыз. Телефон номериңизде да жеке финансылык саныңыз болгону жакшы. Ошол сан түшүрүлгөн сүрөттү бөлмөңүзгө чаптап алыңыз же иш столуна коюп коюңуз. Айтор, күн сайын ал сан менен байланышта болуңуз, ойлонуңуз, көрүңүз, сүйлөшүңүз дегендей. Сиздин туулган күнүңүз жөн гана паспорттогу сандар эмес. Бул аалам тарабынан белгиленген сиздин жеке каржылык кодуңуз. Ал санды колдоно билсеңиз – акча сиз ойлогондон да оңой келет. Бактылуу жана бай болуңуз, окурман!
Асыл Орозбекова