“Amazon'дун” кожоюну Жефф Безос үйлөндү

Amazon” корпорациясынын жетекчиси, дүйнөнүн эң бай адамдарынын бири Жефф Безос үйлөндү. 26-27-28-июнда Венецияда өткөн үлпөт тойго 250 адам чакырылганы айтылууда. Эскерте кетсек, Жефф Безос биринчи ирет 1993-жылы Маккензи Таттл аттуу айымга үйлөнүп, 25 жыл чогуу жашагандан кийин, 2019-жылдын башында ажырашып кеткен. Ортолорунда 3 уул жана багып алган 1 кызы бар. Ошол эле 2019-жылы ЖМКларга Безос менен Лорен Санчес аттуу айымдын романтикалык мамилеси тууралуу маалыматтар чыга баштаган. Лорен Санчес убагында журналист болуп, кийин актриса, жазуучу катары да өзүн сынап жүргөн айым. Миллиардер мырза учурда 61 жашта, Лорен айым болсо 55те. Безос сүйүктүүсүнүн колун 2023-жылы эле сурап койгон, үйлөнүү той 2 жылдан кийин өттү.

27-июнда Сан-Жоржо-Мажоре аралында жабык форматта өткөн тойго Кардашьяндардын үй-бүлөсү, Билл Гейтс, Ашер, Орландо Блум, Леонардо Ди Каприо, Иванка Трамп баштаган көптөгөн атактуу адамдар катышкан. Тойго канча чыгым кеткени белгисиз, бирок BBC News басылмасынын эсептөөсү боюнча болжолдуу 20-50 миллион доллар корогон. Колуктунун көйнөгүн буюртма менен Dolce&Gabbana мода үйү 1,5 жылда тигип берген.

Дүйнөдөгү бай адамдардын тизмесинде 3-орунда турган Безостун Венецияда үйлөнгөнү жергиликтүү тургундарга жакпай калды. Венеция өзү туристтик аймак болуп, эс алуучулардын агымына араң чыдап жашап жатканда миллиардердин үйлөнүү үлпөтү ого бетер абалды чыңалткан. Анткени негизги көчөлөр, негизги көпүрөлөр, коноктор ары-бери жүргөн дарыялардын баары 3 күнгө жабылып, шаарда тыгын жаралган. Шаардыктар жөө жүрүшкө чыгып, нааразычылык билдиргени менен, мэрия кубанычтуу кабары менен бөлүшүп, Безостун тою шаардын туристтерден түшө турган жылдык 68 пайыздык бюджетин жапканын маалымдаган.

 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1177, 4-10-июль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан