МЭЭ КИСТАСЫ: БАЛАДАГЫ КЫЙМЫЛ-АРАКЕТТИ БАЙКАЙ ЖҮРҮҢҮЗ

Албетте, балдарга тиешелүү оорунун түрү абдан эле көп. Алардын бири – мээнин кистасы. Талманын, колу-буттун начар иштеп калышына, көрүү жана угуунун начарлашына жеткирүүчү дарт тууралуу айтып беребиз.

 

Тубаса түрүнө эмнелер себеп?

Балдардагы баш мээнин кистасы (барсылдагы) кеңири жайылган жана олуттуу оору. Киста бул ичинде суюктук толгон барсылдак, ал мээнин каалаган бөлүгүндө болушу мүмкүн. Тубаса жана кийин пайда болгон түрү бар. Тубаса түрүндө түйүлдүктүн баш мээсинин калыптагыдай өсүүсүнө терс таасир берүүчү факторлор булар:

• Гипоксия. Мээнин кычкылтек жетпей өлө баштаган клеткаларынын ордун организм суюктук менен толтурууга аракеттенет.

• Түйүлдүк менен эненин кан тобунун дал келбестиги (резус-конфликт).

• Кош бойлуу аялдын тамеки чегип, спирттик ичимдик ичиши, баңгизатты колдонушу. Түйүлдүккө уулар терс таасир этет.

• Стресстер.

• Кош бойлуу аялдын инфекциялык ооруга (сасык тумоо, кызамык жана башка) чалдыгышы, өз алдынча дарыларды ичиши.

• Төрөт процессинде баланын башынын кысылып калышы.

• Кан тамырларга байланыштуу оорулар.

 

Тубаса түрүндөгү оорунун белгилери

• Эмгенден кийин кусуу

• Эмгегиндеги (родничок) кан тамырлардын лукулдатып согуусу

• Чыргоолонуп ыйлап, начар уктоо

• Талманын белгилеринин күтүлүшү, эстен танып калуу

• Дененин азыраак калтырашы

• Жутуунун бузулушу

Жаңы төрөлгөн балдардын 40 пайызга жакыны ар кандай өлчөмдөгү киста менен туулушат. Бирок бала 6-7 айга толгуча кетип калат. Кетпей калгандарына дарылоо жүргүзүлө баштайт.

 

Кийин пайда болгон түрүн эмнелер жаратат?

• Мээнин жаракатка кабылышы. Буларга мээнин чайкалышы, жанчылышы, гематома, баш сөөктүн сынышы кирет.

• Айрым оорулар. Мисалы, менингит, арахноидит, баш мээнин абсцесси, энцефалит, гидроцефалия, аневризма.

• Баш мээдеги шишик.

• Баш мээге кандын куюлушу. Адатта, баш мээнин кан тамырларынын чыңалышынан улам мээге кан куюлуп кетүү. Көбүнчө аневризма, мальформациядан болот.

• Мителик инфекция.

• Мээде кан айлануунун бузулушу.

• Мээге операция жасалгандан кийин оорунун оорлошуп кетиши.

 

Кийин пайда болгон түрүндөгү оорунун белгилери

Дарттын белгилери кистанын жайгашкан жерине жана өлчөмүнө жараша болот. Анткени мээнин ар бир бөлүгү дененин тигил же бул бөлүгүн иштетип, башкарары белгилүү. Мисалы, киста кара куш мээде болсо, бала тең салмагын жоготуп, темтеңдеп басып калат.

Эгер кыймылга жооп берүүчү мээнин бөлүгүндө болсо, кол-бут жакшы кыймылдабай, бара-бара жарым шалдык күтүлөт. Эгер көрүүнү башкаруучу бөлүк жабыркаса, көз жакшы көрбөй баштайт жана башка.

Киста чоңоюп, тегеректеги мээнин клеткаларын кысып баштаса, анда оору белгилери көбөйөт жана оор түрдө болот.

Эгер мээсинде кистасы бар адам башынан жаңы жаракат алса, мээге кан куюлса, кан айлануу бузулса же инфекцияга кабылып дарыланбаса, анда оору татаалдашат жана өмүргө коркунуч туулат.

Бул дарт узак жылдар бою өзү тууралуу кабар бербеши мүмкүн. Башкача айтканда, оорутпай акырындап чоңоё берет. Качан гана чоңоюп калганда айланасындагы мээ клеткаларын кысып, оорунун белгилери билине баштайт.

Жалпы белгилери булар:

• Көрүүнүн жана угуунун начарлашы

• Баштын оорушу, айланышы

• Баштын кысылып оорушу, кан тамырлардын катуу кагышы

• Уйкунун жана кыймылдын бузулушу

• Булчуңдардын иштешинин начарлашы же булчуңдардын чыңалып турушу

• Кулакка ар кандай үндөрдүн угулушу, тең салмакты жоготуу

• Колу-буттун жакшы кыймылдабай, шал болуусу

• Эстен тануу, калтырап-титирөө

• Көңүл айлануу, кусуу

• Аксап же теңселип басуу жана башка

• Талма

Кистанын түрлөрү

Арахноидалдык киста. Мээ менен аны каптап турган кабыкчалардын ортосунда жаралат. Анткени аталган жер назик жана сезгич келип, сезгенүүлөргө жана жаракатка кабылууга жакын болот. Мындай кистанын ичи жүлүн суюктугу менен толгон болот.

Церебралдык киста. Мээнин өлгөн клеткаларынын ордунда мээнин ичинде жаралат.

Пинеалдык киста. Бул эпифиз безинде пайда болгон киста. Статистикага таянсак, диаметри 1 сантиметрге жакын киста чанда кездешет жана андай кезде оору белгилери даана байкалат. Чоңоюп кеткенде мээнин карынчасындагы жүлүн суусунун жолун жаап калып, гидроцефалиянын жаралышын шарттайт. Чоңоюп кеткенде көрүүгө терс таасир берет.

Коллоиддүү киста. Көбүнчө мээнин 3-4-карынчасында кезигип, килкилдеген түрдө болот. Киста карынчада айланып агуучу жүлүн суюктугунун жолун убак-убагы менен тороп калып, баш сөөк алдындагы басымды жаратышы ыктымал.

Дермоиддүү киста. Түйүлдүк кезде мээ жаралып жаткан кезде анын ичинде дагы башка жаралып жаткан нерселер (кемирчек, чач, тырмак, тиш, булчуң май же нерв тканы) кирип кетиши мүмкүн. Кистанын бул түрү батыраак өсөт. Өспүрүм кезде көлөмү чоңоюп калган учурда оору белгилери билиниши мүмкүн.

Мальформациялуу киста. Бул чырмалышкан кан тамырлар жарылганда пайда болгон киста. Мунун белгилери талма же баш сөөк астындагы басым оорусуна окшош болот. 

Диагноз коюу

Баладагы ооруну тактоо үчүн түйүлдүк кезде УЗИден өтүү, оорунун туулгандан кийин жаралган түрү үчүн магниттик-резонанстык томография, кан тамырлардын допплери, эхоэнцефалография, электроэнцефалографиядан өтүү кажет. Окулист, невролог, отолоринголог, нейрохирургдун да текшерүүсү, кеңеши керектелет.

Дарылоодо көбүнчө операция жасалат.

Кийин пайда болгон түрүн дарылоо кистанын өлчөмүнө жана келип чыгуу себептерине жараша жүргүзүлөт. Мисалы, кистанын өлчөмү чоң болсо, мите курттан жана жаракаттан улам пайда болсо, анда баш сөөк тешилип ачылып, операция жасалып, киста алынып салынат. Ошондой эле жүлүн суюктугу калыптагыдай агып турушу үчүн шунт коюлат.

Кистанын көлөмү кичине болуп жана ал чоңойбосо, анда дарылоо менен врачтар аны көзөмөлгө алып турушат.

Талманын белгилерин берген кистаны операция жолу менен алып салганда талма азаят. Азыркы кезде талманы калтыруу максатында жаңы ыкма колдонулат. Ал – вагостимулятор аппаратын коюу.

Эгер киста менингит же энцефалит сыяктуу оорудан жаралса, анда антибиотиктер жана башка дары-дармектерди колдонуп, убак-убагы менен дарылашат. Башкача айтканда, консервативдүү дарылоо жүргүзүлөт. Мындай дарылоо менен кистаны кетирүү кыйын, андыктан врачтын көзөмөлүндө болуп, 1 жылда 2 ирет текшерүүдөн өтүп жана дарыланып туруу кажет. Врач текшерилүүлөрдүн жыйынтыгына карап кистанын өлчөмүн көзөмөлдөп турат. 

Дарыланбаса мээге суу толот, өлүм күтүлөт

Баланы дарылатпаса кистанын тегерегиндеги мээ клеткалары өлүмгө дуушар болот. Бул талманын жаралышын шарттайт (мурун жок болсо), акыл-эстин, кыймыл-аракеттин иштешин начарлатат. Андыктан баланы убагында дарылатуу зарыл. Оор жумуш жасатпай, күн жана бийикке чыгарбай, стресске тушуктурбоо зарыл.

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1177, 4-10-июль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан