Иса Өмүркулов, ырчы: «Сахнага кайтам, эми кетпейм, буюрса»

“Гүлзар” деген хит ырды жаратып дуу болгондон кийин Иса Өмүркуловду жоготуп алдыңыз беле, окурман? Кейибеңиз, ал “эми сахнадан такыр кетпейм” деп белсенип турган кези. Ырчынын ыр менен өткөн балалыгы, кыялдары, чыгармачылыктагы тыныгуусу, жашоого көз карашы тууралуу кенен баарлаштык. 

 

– Саламатсызбы, Иса мырза? Көптөн бери маек бере элек экенсиз, жаңылыктарыңыз чогулуп калса керек...

– Саламатсызбы, интервью бербегениме бир топ жыл болуп кетти. Акыркы интервьюну да “Супер-Инфо” гезитине  берсем керек эле.

– Эмне кылып жүрдүңүз?

– 2018-жылы баш-отум менен бизнеске кириштим. Эмне гана кылып көргөн жокмун (күлүп). Кытайдан товар алып келип, кийим дүкөнүн ачкам. Бул нерсе мага жага баштады, товар ташып жатып эле кийим тигүү жагына кызыгып кеттим. Тигүү цехин ачып, өзүбүздүн бренд кийимдерди тиге баштадык. Бир учур болду, өзүм шеф, өзүм үтүкчү, өзүм ташуучу, өзүм СММ адиси болуп иштедим. 7-8 жылдан бери тигүү өндүрүшү менен алек болдум, мусулман аялдардын кийимдерин тикчүбүз. Жакшы тажрыйба топтодум. Ошентип чыгармачылыкка таптакыр убакыт калбай калды. Бирок бир жылда бир ыр жаздырып коюп жаттым. Эргүү жаралып, абдан ырдагым келгенде ырдап бугумду чыгарып жүрдүм. Бизнести жолго салдым, буюрса. Эми быйыл чыгармачылыкка кайтайын деп аракет кылып жатам.

– Бизнеске көнүп алгандан кийин сахнага кайтуу кыйын эмеспи?

– Миллионер болуп кетсем деле сахнанын адамы экенимди билдим. Мен акча табыш үчүн ырдабайм, ырахат алыш үчүн ырдайм. Ырахат алган ишиңдин үстүнө дагы акча төлөнүп жатса жакшы да. Кээде түнкү саат үчтө ойгонуп алып, фортепиано ойноп ырдагым келет.  Кээде унаада баратып, кээде стресс болгондо ырдап бугумду чыгарам. Айтор, чыгармачылык менден бөлүп сала алгыс нерсе экенине ынандым.

– Убагында алган музыкалык билим текке кетпейт экен да, демек...

– Өмүр бою эле музыкалык мектептерде окудум десем болот. 1-класстан 8-класска чейин хореографиялык мектептин хор бөлүмүндө окугам. Хор, бий, фортепиано баары окутулат. Кошумча вокалдан сабак алгам. Бирок жогорку билимим – юрист.

– Биринчи жолу чоң сахнага чыкканыңыз эсиңиздеби?

– Жылы так эсимде жок, 2005-жыл болуш керек. Динара Акулова эженин концертинде чоң сахнага чыккам. Шоу-бизнесте атым тааныла баштаганда 9-10 жаштарда элем. Ошол учурда Темир Назаров агабыздын “Туулган жер” деген ыры хит болуп жаткан. Ага чейин шаардык, райондук, республикалык сынактарга катышып жүргөм. Негизи тээ наристе кезимден бери эле сахнадамын.

– Жаш кезде элге таанымал болуунун таасири кандай экен? 

– Эсимде жок. Балалыгым уйку канбаган күндөр менен коштолду. Мектеп окуучусу болгонум менен ыр жаздырып, клип тарттырып, кечкисин тойлордо ырдап кадимки эле ырчылык жашоо менен жашай баштадым. Түндө студияларга барып ыр жаздырып, тойлордон акча таап дегендей. Ал кезде “ставкам” 1000-1500 сом эле, бул мен үчүн чоң акча болчу. Чоң сахнага чыкканча мектепте жакшы окуучу элем, кийин начарладым. Партада эле уктап калган мезгилдер боло баштады. Аябай чарчаганым эсимде.

2008-жылы жеке концертимди бердим. Өспүрүм элем да, ошондон кийин үнүмдө өзгөрүү боло баштады. Же баланыкындай жумшак эмес, же чоң адамдыкындай коңур эмес, короздой эле чыйылдап калдым. Үнүм өзүмө такыр жакпай. Ошондо “ырчылык карьерам бүткөн окшойт” деп ойлогом. Вокалдан сабак берген мугалимдерим да “азыр ырдаба, токтотуп тур” дешти. Ошентип сахнадан 2-3 жылга алыстап кеттим. 10-класста боюм өсүп, үнүм калыбына келип, таптакыр башкача жигит болуп сахнага кайттым. “Гүлзар” деген ырым чыкты, ошону менен “бах-х” деп кайра укмуш таанылып кеттим. Кичинекей Иса эмес, жаңы версиям элге жакты. Ошентип 2018-жылга чейин шоу-бизнесте жакшы жүрүп, анан кадимки бизнеске кеттим.

Эми таптакыр кайра кетпей турган болуп сахнага кайтып жатам деп ойлойм (күлүп). Азыр ырчылар мурункудай сахна жана той менен эле жашашпайт, жарнама менен иштешет, амбассадор, блогер, актёр, продюсер, айтор, көп тармактуу.

– Улам жаңы тармактан өзүңүздү сынап көрүү каалоосу күч окшойт...

– Ооба, түрдүү тармакта өзүмдү сынап көргүм келет. Жыйынтыгы жаман эмес, жакшы жетекчи, ишкер боло ала турганымды билем. Ырчы болбой калсам, менден мыкты маркетолог чыкмак.

– Азыркы тапта жан дүйнөңүз эмнени эңсеп турат...

– 30 жашка чыктым, дүнүйөнү көздөбөй калдым. Ар бир мусулман сыяктуу эле акыретке кам көрүү алдынкы планда десем болот. Илим алып, дин менен жашоо – максатым. 10 жылдан бери дин илимин алып келе жатам. Мусулмандын коомго пайдалуу болгону жакшы, жакшылык кылуусу зарыл, колунан эч нерсе келбесе да бирөөгө жылмайып караганы эле жардам. Ден соолук да аманат, өзүмө кам көрүп, спорт менен машыгып жатам. Андан да чоң кыялым – үй-бүлө түптөп, балалуу болуу.

– Жашоодо катуу жыгылып, тура албай кыйналып көргөнсүзбү?

– Атамды жоготкондо тура албай калчудай сездим өзүмдү. Атамдын көзү өткөнүнө алты айга жакындап калды, бул мен үчүн чоң сабак болду. Көрсө, ырыскысы түгөнсө, адам бир заматта кетет экен. Кээде өмүр бою жашачудай эле жүрөбүз го...

– Сизде кандай өкүнүч бар?

– Өкүнүч жок. Мусулман адам эч качан өкүнбөшү керек. Тагдырга эмне жазылса ошол болот деген ишеним менен жашайбыз. “Сен 30 же 40 жаштасың, сен буга жетише элексиң. А тиги адамды карачы, баарына жетишти” деген ойду дилибизге шайтан салат экен. Боло турган нерсе болду, мындан аркысы жакшы болсун деп жолду улай бериш керек.

– Өзүңүздү амбициясы жогору адам деп эсептейсизби?

– Андай эмесмин го дейм (ойлонуп). Менде бир сапат бар – бир нерсени кааласам, ага жеткенге абдан аракет кылам. Алдынан киремби, үстүнөн түшөмбү, капталынан тешемби, айтор, бир жолун таап жетем. Өжөр, анан тырышчаакмын.

– Балким, арыла албай жүргөн сапатыңыз бардыр..

– Ачуум чукул. Акырын бир айтам, эки айтам, үчүнчүсүндө жарылып кетип кыйкырам. Ушундан арыла албай жүрөм. Анан эгону жоготушум керек. Эго – бул текеберлик эмес, бирөөлөрдү үстүртөн карабайм. Өзүңдүн напсиң менен күрөшүү кыйын экен. Ушул эки сапатты оңдогонго аракет кылып келем.

– Жаш курак ченинен караганда 30 жашта көп эле нерсеге жетишипсиз... Баарына өз күчүңүз мененби? 

– Биринчиден, Кудай, экинчиден, ата-энемдин жардамы менен жеттим. Айрыкча апамдын салымы чоң. Ал продюсерим. Кичинемден мени бир мүнөткө да бош отургузбай, дайыма бир нерсе менен алек болушума шарт түздү. Көчөлөп басканга кеңири убакыт болгон жок. Азыр ата-энелер балдарына көп көңүл бурушпайт. Апам жалгыз эле мага эмес, алты бир тууган болсок, баарыбызга убактысын да, мээримин да, сүйүүсүн да арнады. 

– Маегиңизге рахмат, сизден жаңы хиттерди күтөбүз!

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1177, 4-10-июль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан