Япон ашканасы дүйнөгө пайдалуу тамактардын эталону катары белгилүү. Узак жашоо сырынын бири ушул болсо керек. Япон ашканасында негизги азык – күрүч. Көчөдөгү тез татымдар да күрүчтөн жасалат. Ошондой эле күрүчтүн унунан кесмелер, нан азыктарын жасап жешет. Биз сунуштаган рецепттерди жасап, япон ашканасынын даамын сезип көрүңүз.
ГУНКАН
Керектелүүчү азыктар (8-10 даана үчүн):
Күрүч – 50 грамм
Нори – 1 даана
Балык икрасы – 50 грамм
Чука салаты – 50 грамм
Даярдоо ыкмасы:
1. Гункан – сушинин бир түрү. Япон тилинен которгондо “кайык” дегенди билдирет. Жасоодо сушиден көп айырмасы жок. Күрүчтү жогорудагы жол менен эле даярдайбыз.
2. Норини туурасын 2 сантиметр, узунун 8-10 сантиметр кылып кесебиз.
3. Күрүчтөн бир чай кашык алып, кол менен сүйрү формага келтиребиз да, сыртынан нори менен оройбуз. Ичине икра, чука салатын (чоң маркеттерден таба аласыз) же каалаган деңиз азыктарын салып толтуруп коёбуз.
СУШИ
Керектелүүчү азыктар (8-10 даана үчүн):
Күрүч – 50 грамм
Нори – 1 даана
Авокадо – 50 грамм
Лосось – 50 грамм
Даярдоо ыкмасы:
1. Күрүчтү суусу тазарганча муздак суу менен жууйбуз. Күрүчтү мискейге салып, суу куябыз. 50 грамм күрүчкө 65 грамм суу куюп, жарым саатка коё турабыз. Андан кийин мискейди күчтүү отко коюп кайноого жеткизебиз. Кайнаганда отту болушунча азайтып, 15 мүнөт капкагын ачпастан бышырабыз. Отту өчүрүп, капкагын албай дагы 10 мүнөт коёбуз. Күрүчүбүз даяр.
2. Авокадо менен лососту жука тилип кесебиз.
3. Норини туурасы 1, узуну 8-10 сантиметрлик кесимдерге бөлөбүз.
4. Күрүч муздай түшкөндө бир чай кашыктан алып, кол менен сүйрү формаларды даярдайбыз. Мунун үстүлөрүнө авокадо менен лосось кесимдерин жаап, нори менен белине курчап оройбуз.
УДОН КЕСМЕСИ
Керектелүүчү азыктар (4 порция үчүн):
Удон кесмеси – 300 грамм
Тоок эти – 250 грамм
Пияз – 1 баш
Болгар калемпири – 1 даана
Кабакча – 1 даана (орточо)
Сабиз – 1 даана (орточо)
Сарымсак – 2 тишче
Көк пияз – 1 боо
Өсүмдүк майы – 30 миллилитр
Соя соусу – 30 миллилитр
Терияки соусу – 40 миллилитр
Имбирь упасы – жарты чай кашык
Күнжүт – 1 чай кашык
Туз, мурч – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Алгач жашылчаларды тазалап, жууп, ичке узун туурайбыз. Көк пиязды кыйгачтатып ичке туурайбыз. Тоок этин да керте тууроо керек. Сарымсак майдаланат.
2. Удон кесмесин чоң дүкөндөрдөн оңой эле табууга болот. 1,5 литрдей сууну кайнатып, кесмени салып, таңгакта көрсөтүлгөн мүнөттөн 2-3 мүнөт эрте чыгарып, муздак сууга чайкап жиберебиз.
3. Кууруу үчүн түбү калың көмөч казан же казан тандаганыңыз оң. Казанга өсүмдүк майын куюп, ысыган кезде имбирь упасын салып аралаштырабыз да, артынан тоок этин, туз, мурч салып кызарганча 5 мүнөт кууруп алабыз. Пиязды салып 2-3 мүнөт кууруп, артынан сабизди салып аралаштырабыз. Бул да 2 мүнөттөй куурулат. Болгар калемпири менен кабакчаны салып, 1 мүнөттөн ашырбай кууруп, соңунан сарымсак менен терияки, соя соусун кошуп аралаштырып, 2 мүнөт капкагын жаба турабыз. Жашылчалар өтө бышып кетпей, кичине кыртылдап турушу керек.
4. Удон кесмесин жашылчаларга кошуп аралаштырып, отту азайтып дагы 1 мүнөт күтөбүз. Чыгарып, күнжүт, көк пиязды кошуп аралаштырабыз. Даамы ооздо калган япон кесмеси даяр!
ТЕРИЯКИ ТООГУ
Керектелүүчү азыктар (4 порция үчүн):
Күрүч – 250 грамм
Тоок эти – 500 грамм
Өсүмдүк майы – 10 миллилитр
Сарымсак – 3-4 тишче
Имбирь тамыры – 10 грамм
Кара мурч, кызыл ачуу калемпир, Корица – 0,5 чай кашыктан
Кумшекер – 2 аш кашык
Соя соусу – 50 миллилитр
Крахмал – 1 аш кашык
Күнжүт – 1 чай кашык
Күрүч уксусу – 1 аш кашык
Кумшекер – 1 чай кашык
Туз – 0,5 чай кашык
Даярдоо ыкмасы:
1. Күрүчтү сушиге бышыргандай эле бышырабыз. 250 грамм күрүчкө 350 миллилитр суу керек. Бышкан соң күрүч уксусуна 1 чай кашык кумшекер менен жарым чай кашык тузду кошуп аралаштырып күрүчкө куябыз.
2. Тоок этин чоңураак туурап, көмөч казанда ысып турган майга салып 5-7 мүнөт кууруйбуз. Майда тууралган сарымсакты, имбирди кошуп бир аз кууруп, мурч, калемпир, корица, кумшекер, соя соусу жана 100 миллилитр муздак сууга аралашылган крахмалды кошуп аралаштырабыз. Кайноого жеткизип улам аралаштырып, 2 мүнөт жай отто кармайбыз.
3. Тарелкага күрүчтөн, жанына тоок этин салып күнжүт себелеп коёбуз.
Асел Ишенбай кызы