«ОСКАРДАН» ОЛЖОЛУУ КАЙТКАНДАР

Кино тармагында эмгектенгендер демин ичине алып күткөн күн дагы келди. 27-февралда Лос-Анжелес шаарында Голливуддун “Кодак” кинотеатрында 83-жолку “Оскарды” тапшыруу салтанаты болуп өттү.

КЫЗЫКТУУ ОКУЯЛАР

  • “Экинчи пландагы мыкты актриса” аталган Мелисса Лео сүйүнгөнүнөн эмоцияга алдырып, этикага туура келбеген сөздөр менен сөгүнүп жиберди. Актрисанын сөздөрүн үн режиссёрлор убагында өчүргөнгө үлгүрүштү.
  • Эң мыкты тасмага негизги атаандаш болгон «Башталыш» фильми төрт наамдын ээси болду. Анын экөө техникалык жабдуулар үчүн берилди.

КЫСКА ЖАНА НУСКА
Бул салтанат кызыктарга бай болду. “Оскардын” тарыхында экинчи жолу (1943-жылдан кийин) башкы мыкты тасма наамына беш эмес, он тасма көрсөтүлдү. Он тасманын ортосунда кандай атаандаштык болгону айтпаса да белгилүү эмеспи. Бул жолу “Оскар” тапшыруу аземи 3 сааттан ашуун болду. Бул “Оскардын” тарыхында эң кыска мөөнөт экенин айта кетели. Андан тышкары алып баруучулар Энн Хэтэуэй менен Жеймс Франко “эң мыкты тандем” деген мактоого ээ болушту. Салтанат күлкүгө, азилге жык толуп, көрүүчүлөргө жакшы маанай тартуулашты. Ал эми Селин Диондун “Жылмаюу” аттуу ыры 2010-жылы дүйнө салган киножылдыздарды эскертип, айрымдарды жашытканга чейин алып барды.

ПАДЫША “ОСКАРДА” СҮЙЛӨЙТ
“Оскар” сыйлыгына ат салышкан он талапкердин арасынан “Жылдын эң мыкты тасмасын” британиялык режиссёр Том Хупердин “Падыша сүйлөйт” (“Король говорит”) аттуу тасмасы илип кетти. Жылдын фаворити аталган тасма бул жылы 12 наамга көрсөтүлүп, анын төртөөсүн жеңип, триумф жаратты. Кызыгы, анын бюджети 15 миллион гана доллардан турат. Кекеч монархты сүйлөткөн Дэвид Сайдлер мыкты сценарий үчүн сыйланды.

“ОСКАРДЫН” КААРМАНДАРЫ
“Мыкты актёр” деп бул жылы “Падыша сүйлөйт” тасмасында башкы каармандын ролун жараткан Колин Фёрт деп табылды. Ал эми жылдын “Мыкты актрисасы” атагы “Кара ак куу” фильминде башкы ролду аткарган Натали Портманга ыйгарылды. Мындай сүйүнүчтө чек болбойт эмеспи. Натали Портман өз “Оскарын” колуна катуу кармап, сүйүнүчтөн көз жашын тыя албай турду. Ал эми “Эң мыкты чет өлкөлүк тасма” даниялык режиссёр Сюзанн Биердин “Өч” аттуу тасмасына ыйгарылды. Толук метраждуу мультфильмдердин ичинен “Оскарды” “Пиксар” студиясы тарткан “Оюнчуктар тарыхы: Качуу” анимациялык фильмине ыйгарышты.

ЭҢ МЫКТЫ КӨЙНӨК
“Оскарда” кызыл килемден өтүү жылдыздар үчүн экзамен берген менен барабар го. Актёрлордун кыймылын микроскоп менен карагандай эле журналисттер баарын байкап турушат эмеспи. Ошондуктан мындай кечелерге жарашыктуу кийим тандоо талабы да жогору турат.
Алып баруучу Энн Хэтэуэй алгач кызыл түстөгү көйнөк кийип, салтанат бүткөнгө чейин кийимин жети жолу алмаштырганга үлгүрдү. Кайсы бир учурларда өнөктөшү Жеймс экөө алмашып, Энн мырзалардын костюму менен чыкса, Франко ачык-кызыл түстөгү айымдардын көйнөгүн кийип элдин көңүлүн бурду.
Ал эми коноктор арасында Женнифер Хадсон “Версаче” фирмасынын көйнөгү менен көңүл борборунда болду. Шэрон Стоундун болсо кара көйнөгүн “Кара ак кууга” салыштырышса, “Кара ак куунун” ролун жараткан Портман сыя түстөгү делбиреген көйнөк менен келди.

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
lira
2011-03-05 07:05:12
Natalie Portman Oskarga tatiktyy atkargan.
0
№ 435, 4-10-март, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан