Алиясбек Алымкулов, КРнын Жаштар иштери боюнча министри: «БИР ДАГЫ ТУУГАНЫМ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТТА ИШТЕБЕЙТ»

Бир айдан соң Апрель төңкөрүшүнө туура бир жыл толот. Төңкөрүштү ишке ашыргандардын арасында Жаштар иштери боюнча министр Алиясбек Алымкулов да бар. Ал буга чейинки тааныш жүздөрдөн айырмаланып, 7-апрелден кийин бийликке келген катардагы атуулдардын бири.

Өткөн саныбызда сайтыбыздын Супер-Форумундагы түз байланышка Жаштар иштери боюнча министр Алиясбек Алымкуловду конокко чакыра турганыбызды жазганбыз. Белгиленген күнү Алиясбек мырза 13:30да кеңсебизге баш бакты. Жарым саат эрте келгенинин себеби түз байланышка алдын ала даярдануу жана биздин кээ бир шарттар менен таанышуу болчу. Ошентип, айтылган убакытта расмий сайтыбыздын форумчулары жазып калтырган жана СМС аркылуу окурмандар жөнөткөн суроолорго жооп берүүнү баштады.

– Саламатсызбы, Алиясбек мырза, куш келипсиз! Биз бир учурда эле өзүбүздүн, форумчулардын жана окурмандардын суроолорун беребиз. Алгач министрликтин 10 айга жакын убакыттын ичинде жасаган иштерине токтолуп өтсөңүз.
– Базар экономикасында жашап жатканыбыз үчүн министрликтин иши да акчага келип такалып турат. Былтыркы жылы мамлекет тарабынан 5 миллион 200 миң сом бөлүнгөнүнө карабастан, биз 24 миллион сомдук ишти жасадык. Бул көбүнчө донорлордун каражаты жана гранттар. Биринчи жолу республиканы түрө кыдырып, жаштардын арыз-муңун, ошол эле учурда кызыктуу сунуштарына кулак салдык. Мунун негизинде биз программа жазууну баштап, аны аяктайын деп калдык. Былтыркы жылы алгачкы ирет Жаштар конгрессин өткөрүп, ага өкмөт мүчөлөрү дагы катышып берди. Көп жылдан бери ишке ашпай жаткан залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык өз ээлерин таап, муну менен көптөгөн таланттуу жаштарга жаңы шык жана дем тартууладык.
– Жаштардын эң чоң көйгөйү жумушсуздук экендиги талашсыз. Сиз жүздөгөн жаштарды ишке орноштуруунун жолдору бар экендигин айттыңыз эле. Анын жыйынтыгы болдубу?
– Ооба. Жумушсуздук маселеси жаштарга чоң тоскоолдук жаратууда. Былтыркы жылы бир топ сурамжылоолорду жүргүзгөндө көп суроолор жаралды. Мисалы, Кыргызстандын бюджетинин 25 пайызын айыл чарба тармагы берет, бирок ошол эле учурда бул багыттагы адистикке жаштардын 4 пайызы гана окууга тапшырары белгилүү болду. Бүтүрүүчүлөрдүн 27 пайызы экономикалык тармактагы кесиптин ээси болот экен. Бирок ушунчалык көп экономистти кайда алып барабыз? Учурда сантехник, ширетүүчү сыяктуу кесип кожоюндары айына 20-30 миңдей сом табышат, бирок бир дагы мамлекеттик кызматкер мынчалык айлык албайт. Андыктан министрлик жаштарды замандын талабына ылайык кесипти тандоого үгүттөдү.
– "Жазында кайрадан толкундоолор башталат" дешүүдө. Жалпысынан эле жаштардын төңкөрүштөргө катышуусу боюнча ролу канчалык деп ойлойсуз?
– Алсак, былтыркы жылы жаштар мамлекеттин келечегин көрө албай өзүнчө бир туңгуюкка кептелип калганда, жарык күнгө жетүү үмүтү үчүн бийликке каршы чыкты. Октон да коркпой аны жеңип өтүп, бүгүнкү заманга ээ болду. Бирок жаштардын ошол төңкөрүштө жасаган эмгеги акталабы, бул чоң суроо.
Мен жаштар ар кимдин колунда курал болбой өзүнүн максаттары үчүн күрөшүшү керек деп эсептейм. Ал эми төңкөрүш болобу же жокпу, аны бир Кудай билет. Эгерде азыркы министрлер менен депутаттар элге жакшы шарт түзүп беришсе, алар эмнеге көтөрүлмөк эле?
– Министрликтин жакынкы пландары кандай?
– Өлкөнүн ар бир аймагында Жаштар үйүн ачабыз. Учурда министрликте тил үйрөтүү жана компьютердик курстар боюнча бекер сабактар өтүлүп жатат. Ошондой эле чет элдик донорлордун жардамы менен жаштарга 60 миң сомдон пайызы жок насыя берүү иштери уланууда. Эки айдан кийин толук жыйынтыгы белгилүү болот.
– Парламентте бюджетти кароо кызуу талкууда. Анын чыгымынын чоң үлүшү мамлекеттик түзүмдөргө туура келет. Айтыңызчы, сиз канча айлык аласыз?
– Жашырбай эле айтайын, айлыгым – 15 миң сом. Айрым министрликтерге миллиарддаган сом каралат, ал эми биздин министрликке 51,5 миллион сом бөлүнөт дешүүдө. Мунун канчасы корголот, белгисиз. Министрликте эки кызматтык машина бар. Анын ичинен мага караштуусун деле бардыгыбыз керегибизге карап пайдалана беребиз. Бизге деги жаңы унаа бербей коюшту, анткени экөө тең эски машиналар.
– Канча бир туугансыз? Кызматка келгенден бери туугандарыңыз мамлекеттик ишке келген жокпу?
– 10 бир тууганмын. Министрликте бир туугандарым иштебейт. Тескерисинче, мен министр болгондон кийин алардын кээ биринен мамлекеттик иштен кетүүсүн сурангам. Андыктан азыр туугандарымдын эч бири өкмөт жумушунда жок.
– Министрдин күнүмдүк иш тартиби кантип башталып, аяктайт?
– Ар күнүм эртең мененки намаз менен башталат. Кийин атама сөзсүз 15 мүнөт убакыт бөлөм. Анткени ал “чоң балам” сыяктуу эле көңүл бурууга муктаж. Атам менен баарлашып алган соң келинчегиме балдарды ойготуу, жуунтуу жана кийинтүүсүнө жардам берем. Балдарыбыз кичинекей. Анан ишке жөнөмөй жана кечке чейин министрликтин жумушу менен алекмин. Кандай колум бошогондо, үйдү көздөй шашам.
– Кызматка келгениңизден кийин балдарга бөлгөн убактыңыз азайган жокпу?
– Убакыттын көбү өкмөттүн жумушуна арналат. Бирок колумдан келишинче балдарыма мурункудай эле көңүл буруп келем. Алсак, ортончу кызыма күндө жаңы жомок айтып берүүгө туура келет. 3 жашта экенине карабастан, ал буга чейинкилерин айта баштасаң жаратпай коёт. Ага жомок айтып берип жаткан мезгилде өзүм үчүн жаңы ачылыштарга да ээ болом.
– 8-Мартта жубайыңызга жана кыздарыңызга эмне бересиз?
– Кыздарыма окуу куралдарын тартуулайм. Ал эми келинчегимди жума сайын киного же башка маданий жактарга алып барууну адат кылгам. Ал эми 8-Мартта убактымды толугу менен ага арнайм.

Өзүбүздүн суроолорубуз аяктаган соң окурман жана форумчулардан келген суроолорго орун бердик. Алиясбек мырза форумчулардын жаш экендигине жана көбү чет жерде экендиктерине карабастан, өлкөдөгү окуяларга кайдигер болбогондоруна ыраазы болду.

СМС АРКЫЛУУ КЕЛГЕН СУРООЛОРГО ЖООП:
– Калп детектор берүүсүнө чакырса, барат белеңиз?
– Чакырышса, албетте, бармакмын. Анткени менин калп айтып, корко турган жөнүм жок.
– Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан менен кандай мамилеңиз бар?
– Аны патриот жигит катары баалайм. 7-апрелде башын байлап койгондордун бири. Дос эмес, сый мамиледебиз.
– Канча тил билесиз?
– Кыргызча жана орусча. Азыр кошумча түрк тилин да үйрөнүп жатам.
– Эмнеге өкүнүп, сүйүнүп, таң калып жана түшүнбөй жүрөсүз?
– Апрель окуясында канчалаган азаматтар чоочун душмандын колунан эмес, өздөрү добуш берген жана ишенген адамдын колунан каза болгонуна өкүнөм. Экинчиден, көп жылдар бою күтүп келген эки кыздан кийин эркек балалуу болгонум үчүн сүйүнөм. Саясатчыларга таң калып бүтө албадым. Түшүнбөй калганым парламенттик шайлоо болду. Баягы эле жолго түшүп калдык окшойт. Өзүнүн добушун бир сомго сатып жибергендер эртең жон терисинен он эселеп сыйрып алышарын билбей калышты.

Ошентип, маегибиздин жыйынтыгында сайтыбыздын колдонуучулары ары кызыктуу, ары чуулгандуу суроолору менен өзгөчөлөндү. Алар көбүнчө жаңы министрликтин ишмердиги боюнча суроо жаадырып, жеке жашоосу да көңүл сыртында калган жок. Баш-аягы 20дан ашуун форумчулардын суроолору жоопторун тапты.

Эльвира Караева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
КРнын Жаштар иштери боюнча министр Алиясбек Алымкулов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
bagdat
2011-03-05 01:04:03
Алясбек мырза мен Сиздин ой пикиринизди окуп да укгуп да кордум, албетте эн негизги орчундуу маселе жумушсуздук, канчалаган жаштар чет олкодо жашап иштеп журушот (арасында аябай талантуу балдар коп, ар кандай тармакта) арасында билимсиз, маданиятсыз балдар дагы жок эмес, менин айта турган Сизге сунушум ошол эле сиз айткан кесип маселеси, 1 ден экономистер ото эле коп, экинчиден аларга чет жакта экономика тармагы боюнча жумуш аз, ошол эле сантехник,повар, шофер ушул сыяктуу кесиптер талап кылынат
0
bagdat
2011-03-05 01:10:32
ааламга жол айылдан башталат дейт эмеспи, айылга жаштар уйун ачып ошол жерден колдон келишинче билим берууго аракет кылыш керек, мен Сизди жакшы билбейм, бирок проектинизди 100% колдойм, азыркы замандын талабы менен билим бериш керек, Ишинизге ийгилик, Кыргызстандын келечеги жаштардын колунда экенин унутпагыла
0
imperator
2011-03-05 23:38:02
түрүк тили дегенине караганда,түрүк тили тим эле модага айланып алган го.Аябай жийиркенем ушул түрүк,орус ондүү озубуздун тилибизден алыстаткан мите тилдерден. Жаштардын бүйүрүн жаман кызыткан го. Эл учун чын дилинeрден иштесенер маршруткаларда деле журуп иштесенер болот да,машинебиз эски деп арызданып калбай.
0
osmonakun
2011-04-18 16:01:50
Алиясбек мырзаны кыргыздын келечеги катары коро баштадым, Кыргыздын президенти болууга даяр жигит экен. Ден-соолукта аман-эсен бол, ишине ийгилик каалайм.
0
№ 435, 4-10-март, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан