ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

Бахрейн

ОППОЗИЦИЯ ИРАНДАН ЖАРДАМГА АСКЕР СУРАЙБЫ?
28-февралда кечке маал Бахрейнде Сауд Арабиясынан жиберилген 30 брондолгон танк пайда болгон эле. Оппозиция буга жооп кылып, жардамга Ирандын аскерин чакырарын айтты. 1-мартта Манаманы башкарган сүннөттөр династиясына каршы демонстрацияга чыккан шииттер тезинен реформа жүргүзүүнү жана өлкө башчысын кайра шайлоону талап кылышты. Куугунтуктан улам Англияда жүргөн Радикалдуу шииттер кыймылынын лидери Хасан Мшайманын Манамага келиши отко май куйгандай болду. Полиция менен толкуган эл кагылышып, 7 адам каза таап, жүздөгөн адамдар жаракат алышты.
Эскерте кетсек, өлкөдө шииттер элдин 75 пайызын түзөт.

Йемен

НААРАЗЫЧЫЛЫК КҮЧӨӨДӨ
Өлкөнүн борбору Санада 1-мартта масштабдуу түрдө нааразычылык акциясы башталды. Митингчилер өлкө башчысы Али Абдулла Салехтин отставкага кетүүсүн талап кылышууда. Салех болсо "араб өлкөлөрүндөгү баш аламандыктарды АКШ жана Израиль уюштуруп жатат" деп айыптоодо.
Йемендеги кырдаал февралдын ортосунда курчуй баштаган. 16-февралда толкуган эл менен күч түзүмүнүн кагылышынан 19 адам каза тапкан.

Орусия

МЕДВЕДЕВДИН ЖАҢЫ ЯХТАСЫ 30 МИЛЛИОН ЕВРО ТУРАТ
Олимпиада-2014түн алдында Орусиянын президентинин иш башкармалыгы Дмитрий Медведевге баасы 30 миллион евро турган яхта тартуулады. Бул яхтада президент Олимпиада-2014кө келген аттуу-баштуу конокторду кабыл алмакчы. Узундугу 54 метр келген яхта саатына 30 чакырым жүрө алат.

Иран

ТОЛКУНДОО ЛИДЕРДИН КАМАЛЫШЫНАН ЧЫКТЫ
1-мартта Тегеранда жана Ирандын башка 6 шаарында оппозицияны жактаган толкуган эл менен полициянын кагылышуусу болуп өттү. Күч түзүмдөрү көздөн жаш чыгаруучу газды жана атайын каражаттарды колдонушту. Полиция 150дөн ашык адамды кармап кетти.
Манифестациянын чыгышына 28-апрелде полиция оппозициянын лидеринин бирин кармап кеткени түрткү болгон.

Орусия

ЭҢ БЕЛГИЛҮҮ КЛОНДОР
Орусияда клондолгон жаныбарлар боюнча топтом жарык көрдү. Анда кой Доллиден башка да түрдүү жандыктар клондолгону айтылат. Мисалы, 1962-жылы Англияда бака, 1998-жылы Японияда 2 уй, АКШ­да 2001-жылы мышык, 2003-жылы качыр, ушул эле 2003-жылы Кореяда карышкыр клондолгон.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
nurles
2011-03-05 23:51:36
укмуш шумдугун кур
0
№ 435, 4-10-март, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан