Уларбек Батырбеков, актёр: “Президенттин 100 сому мага мотивация берген”

Турмушта “шар адам экен” деп калабыз. Оюндагысын ачык айтып, жымсалдабай шар сүйлөп, жасалма мүнөз күтпөгөндөргө таандык сыпаттама. Байкашымча, бул жолку каарманым да ушундай адам экен. Бир топ тасма, клиптерде роль жараткан актёр Уларбек Батырбеков менен пикир алыштык. 

 

“Атама караганда апам талапчыл”

- Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында туулуп-өстүм. Учурда 34 жаштамын, токтолуп, акыл-калчап иш кылып калган убак. Адистигим боюнча экономист-программистмин. Учурда Кочкор-Атадагы “Кыргызнефтегаз” ишканасында иштеп жатам. Үйдө 3 бир тууганбыз, байкем, эжем бар. Экөө тең үй-бүлөлүү. Эжем банк кызматкери, агам Орусияда иштейт. Ата-энем Орусиянын жарандары, көп жылдан бери ошол жакта иштешет. Алар бизди катуу тартипте тарбиялашты. Атама караганда апам талапты көбүрөөк коёт. Бирок мага “уступка” кылып, көбүрөөк эркелетишти, айрыкча атам. Сырымды атама да, апама да айтып сырдаша берем. Ата-эненин колунда кала турган бала болгон соң чет өлкөгө кете албайт экенсиң. Учурда өзүм чоңойгон үйдө турам.  

“Тентек элем, классташтарга тийишип эле басып жүрчүмүн”

- Кичинемде шок болчумун. Ысыкпы-суукпу сезбей, оюндун артынан кууп жүрө берер элем. Үйдөгүлөр “кокуй, башына күн өтөт”, “кокуй, ачка калды” деп көчөдөн таап келишчү. Мектепте орто окудум. Сабакта деле шоктонуп, классташтарымды чукулап тийишип, тамашалап күлдүрө берчүмүн. Кыскасы, мугалимдерди тажатчумун, менин үстүмдөн ата-энеме даттанып эле жатышчу. Бирок ошол мугалимдер азыр көчөдөн жолугуп калышса, чыгармачылыгымды айтып мактап калышат. Ырдаганга 5-класстан тарта кызыгып, вокалдан сабак ала баштагам. 2005-жылы Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата Кочкор-Атада өткөн концертте ырдап чыктым. Ага президент Аскар Акаев катышкан эле. Ошондо мага 100 сом бердирип жибериптир. Бул сыйы үчүн абдан кубангам. Ошол белек мага мотивация болду, анда 100 сом азыркы 1000 сомго тете болчу да.

“Алгач Артык Саитовдун ырынын клибине тартылгам”

- Айылга артисттер концерт коюп көп келишчү. Вокалдан сабак алганы маданият үйүнө барып жүргөндүктөн артисттер келсе башкалар менен кошо аларды тосуп алып, узатышып эле жүрчүмүн. Ошентип кээ бирлери мени тааный башташты. 8-классымда ырчы Артык Саитов “Зарина” деген ырынын клибине тартылууну сунуштады. Биринчи жолу тартылганга сүрдөп жатып араң тартылгам. Клип чыккандан кийин элде “бул кодоо чындап барбы же компьютерден боюн кичирейтип койгонсуңарбы?” деген суроолор көп болду. Анан социалдык тармактар активдешип, эл мени аздыр-көптүр тааный башташты. Артык Саитов агабыз менен гастролдорго чыгып, интермедияларды ойноп, шоу-бизнеске аралаштым. Ошентип биринин артынан бири болуп отуруп, жалпы 14 клипке, 5 тасмага тартылдым.

Кичинемдеги “кийин артист болом” деген тилегим ишке ашып келе жатат. 

“Алгачкы ырым - “Кодойгон боюм сен үчүн”

- Репертуарымда 4-5 эле ыр бар. Алгачкы ырым - “Кодойгон боюм сен үчүн”, эл жакшы кабыл алды. Ал ырга Эрнист Сыдыков агабыз клип тартып берген. Азыр деле той-топурда ошол ырымды көп суранышат. Ырдап баштаганымда  ордуларынан туруп, кол чаап угушат. Албетте, мен үчүн бул жагымдуу мүнөттөр болуп саналат. Шоу-бизнесте баары менен сый мамиледемин. Клипмейкер Эрнист Сыдыков менен Данияр Эрматов экөө жакын  досум. Клиптерге тартылып элге бир аз таанылып калганымда “Айылдан айга” тасмасына сунуш түштү. Макул болдум. Ошентип кино дүйнөсү менен тааныша баштадым. Акыркы тартылган тасмаларым “Агатай” менен “Дөөпарас” болду. Ал эми “Агатай” тасмасына тартылганда көбүрөөк кыйналдым, анткени тарыхый кино болгондуктан “массовка” көп болду, жоокерлердин формсы оор экен. Аны кийип кыймылдаганда кыйналып жаттым. Бирок ролум жакшы эле чыкты го деп ойлойм. Башка ролдорум кандай чыканын эл өзү таразалап алар.

“Алдамчы, куу, шуулдаган адамдар жакпайт”

- Кичинемден ак көңүл, шайдоот, оңою менен бир нерсеге муюбаган, баарын тарс-тарс бетине айткан, чынчыл, жөнөкөй, адамгерчиликтүү, берешен жанмын. Принцибим - эркек болгон соң эркектей жашоо.

Ак көңүл болгондуктан чөнтөгүмдө акча турбайт. Тааныштар менен бир жерден тамактанып калсак “мен төлөп коём” деп шак тура калам. Кээде “бул сапатым жакшыбы же жаманбы?” деген ойлор келет. Бирок кекчилмин, бир адамды жаман көрүп калсам, ага жумшарбайм. Сөзү жүрөккө так салса кантип жумшарасың? Салам айтса алик алып коём, андан ары кете албайм. Алдамчы, куу, шуулдаган, текебер адамдар жакпайт. Эң жаман көргөнүм – мыйыгынан күлгөн адамдар. 

“Мурун боюмдан уялчумун, азыр көңүл деле бурбайм”

- Кыргызстандын шоу-чөйрөсүндө мендей адам бир “штук” болгондуктан мага бут тосчу атаандаш жок. Тескерисинче,  колдоо көрсөткөндөр көп. Чыгармачылыкка жаңыдан аралаша баштаганымда эл боюма карап калса комплекс кармачумун. Кийин мени көчөдөн, тойлордон таанып, саламдашып, сүрөткө түшүп башташкандан тартып, мени чыгармачылыгым аркылуу таанып жатышат деп кабыл алчу болгом. Комплекс деген жоголгон. Мен тууралуу эмне деп айтышса да көңүл бурбайм. Мага элдин сөзү эмес, өзүмдүн кылган иштерим, аракеттерим маанилүү.

Социалдык тармакта да азыркыга чейин мага жаман комментрий жазгандар боло элек. Муну мен эч кимге жамандыгым жок, башкалардын жазганына терс ой-пикир жазбаганым үчүн болсо керек деп ойлойм. “Сизге ийгилик”, “Сакадай бою сары алтын жигитсиң” дегендей мотивация берчү сөздөрдү жазышат. Бир жолу телеграфка барып, бийик текчеге араң боюм жетип “эже, жетон бериңизчи?” деп акча таштасам, тигил аял “бул акча кимдики?” деп кыйкырат, ылдый карап койбой. Айлам кетип жанымда турган кишиден жардам сурадым. Кээде ушундай окуялар болуп калат.

“Келинчегим экөөбүз ажырашып кеткенбиз”           

 - 2015-жылы автомектепте окуп, айдоочулук укукка ээ болдум. Москвадагы кыргыздарга артисттер менен 3 ай концерт коюп жүрүп тапкан акчама автоунаа сатып алгам. Газ менен тормоздун педалдарына бутум жетпегендиктен темир улап, узун кылып жасатып алгам. Жумуштарымдан бошой калганда кээде таксист да боло коём. Ат минген, сууда сүзгөн жагат. Дагы көптөгөн клип, тасмаларга тартылып, тарыхта кала турган адамдардан болсом деп тилейм. Келечекте балдарым, неберелерим “биздин атабыз” деп  сыймыктанышса деп кыялданам.

Саякаттоону жактырам. Орусия, Казакстанга бардым, Кыргызстанды кыдырып чыктым. Жаш кезимде романтик болчумун. Бир кызды жакшы көрүп, 2 жылдай сүйлөшүп жүрдүм. Ошого 101 роза гүл белек кылгам. Бирок ата-энеси аны башка бирөөгө күйөөгө узатып жиберишкен. Күйүтүмдү чыгармачылыктан чыгарып, кала бергем.

Кийин башкага үйлөндүм, бирок тагдыр экен, ажырашып кеттик. Эми кайрадан үй-бүлө куруу планым бар.  

 

 

Канымжан Усупбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1180, 25-31-июль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан