Бул аптада Ысык-Көлдө эл аралык “Мейкин Азия – 2025” фестивалы өтүп, анда 1-орунду ырчы Урмат Сатыбалдиев жеңип алды. Жаркырап турган талантты жеңиши менен куттуктап, кепке тарттык. Фествалга болгон даярдыгы, чыгармачылыгы, максаттары тууралуу айтып берди.
- Урмат, саламатсызбы? Жеңишиңиз кут болсун! Жеңүүчү деп жарыялашканда биринчи эмне ой келди?
- Эң биринчи оюма Кудай бар жана ал ар бирибизди угуп, сезип, туюп турат деген ой келди. Экинчиден, өмүрүмдү маданиятыбызга арнайм деген үмүтүм актала баштады деген сезим келди.
- Бул жеңиш сиз үчүн эмнени билдирет?
- Бул жеңиш мага абдан оор жол менен келди. Жашоом жаңы дем менен башталгандай сезимдер болууда. Катышкандан мурда Кудайдан суранчу элем “эгер мен өмүрүмдү музыка дүйнөсүнө арнаганым туура болсо, жеңиш менен билдире көр” деп.
- “Мейкин Азияга” даярдыгыңыз кандай болду? Канча убакыт даярдандыңыз?
- Фестивалга даярдык абдан сапаттуу болду. Жакын агай-эжейлерим Анарбек Ибраев, Рафаил Сарлыков, Жамиля Муратова жана Ырыскелди Осмонкулов менен абдан катуу иштеп алдын ала жакшы даярданганбыз.
- Кайсы ырлар менен жеңдиңиз? Эмне үчүн дал ушул чыгармаларды тандадыңыз?
- Асанкалый Керимбаев агабыздын “Ак булуттар” ырын заманбап форматтагы аранжировка менен жана белгилүү ырчы Josh Groban’ын репертуарынан “Per Te” деген ырын өз үнүмө ылайыктап тандап алгам. Бул ырлар биринчиден, менин мүнөзүмдү толук ача ала турган ырлар деп эсептелет. Анткени ар бир ырчынын мүнөзүнө жараша үнү болот, ошого жараша ырлар аткарылат, ошондо гана толук ачылып, берилип ырдай алат. Менин жан дүйнөм драматик болгондуктан ушул ырлар аркылуу ачылып өзүмдү көрсөтө алам деп тандап алганбыз.
- Калыстардын көз карашы, сын-пикирлери тууралуу айтып берсеңиз...
- Көпчүлүк учурда сынактарга катышып жаткандар бир критерийди гана ойлонушат “үнүмдү болушунча бийик чыгарып ырдап берсем утам” деп. Бирок үндүн диапазону толтура критерийлердин бири гана. Андан тышкары, үндүн кооздугу, аткаруу чеберчилиги, ырдын маанисин ачып бере алуу, образга кирүү, микрофон менен иштей билүү, сахнада өзүн алып жүрүү, костюм-форма жана башкалар бар. Булардын баарын бир гана үн менен жаап кете албайсың. Ошондуктан калыстар ушул критерийлерди бардык жактан карап, анан баа беришет.
- Айтсаңыз, жалпысынан “Мейкин Азия” фестивалындагы атмосфера кандай болду?
- “Мейкин Азия” фестивалында атмосфера абдан мыкты болду. Мынчалык денгээлдеги фестиваль биздин жерибизде болгону мени абдан канаттандырат. Келечекте биздин өлкө дүйнөлүк музыкалык фестивалдардын борбору болуп эсептелип калса абдан кубанат элем.
- Башка өлкөлөрдөн келген катышуучулар менен тааныштыңызбы? Кайсы өлкөнүн аткаруучулары эсте калды?
- Чет өлкөдөн келген катышуучуларыбыз чындап эле күчтүү экен, алардын ырлары да оор, аткаргандары да мыкты болду. Кийин да тааныш болуп жүрөлү деп аз убакытта болсо да достошуп калдык. Арасынан Мальтадан келген ырчы менен Беларустан келген ырчы абдан таң калдырды мени.
- Бул фестиваль сизге кандай жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты деп ойлойсуз?
- Бул фестиваль мен үчүн биринчи иретте өзүмдүн ишеничиме жол ачты. Чынын айтканда, мен көп жылдан бери күндөлүк жазам. Мындан он жыл мурун “30га чыкканымда абдан чоң, масштабдуу сынактан жеңип, баарына өзүмдү билдире баштайм” деген кыялымды жазган экенмин, ошону көрүп ыйладым. Эми мындан ары чыгармачылыкты жаңы дем менен улантууга чоң мүмкүнчүлүк болду.
- Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз — кайсы жактансыз, ырчылыкка кызыгуу качан башталган?
- Казармандын кулунумун. Кичине кезимден баштап эле музыкант болорумду билгем, ата-энемдин музыкага шыгы бар эле. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин көркөм өнөр факультетинде музыка бөлүмүндө вокал жагынан окугам. Үнүмдү коюп берген агайларым Анарбек Ибраев жана Рафаил Сарлыков. Өзүм дагы көптөгөн балдар-кыздарды окутуп сахнага чыгарып, сынакка катыштырып келем. Ошондуктан менин жеңишим окуучуларыма үлгү катары болсун деген оюм бар эле.
- Эмне себеп болгон музыка дүйнөсүнө кызыгууңузга?
- Музыка дүйнөсүнө кирүүгө мага эч нерсе түрткү болгон эмес, мен аны тандаган эмесмин. Музыка менин жашоомдо башынан бери эле бар. Ошондуктан жанымды толук ушул кесипке арнадым. Анткени мен бул чөйрөдө өзүмдү иштеген адам катары сезбейм, ар бир күнүм менин жакшы көргөн өнөрүм жана эмгегим.
- Сиздин ырдоо стилиңизди кандай мүнөздөсө болот?
- Менин үнүмдү коюп жатканда биринчиден, туруктуу стабилдүү абалга жеткизүү максатында классикалык жанрга коюлган. Андан кийин эстрадалык формага айлантып өздөштүрүлгөн. Ошондуктан ар кандай формада жана жанрда ырдай билүү менин күчтүү жагым.
- Кимдерди кумир тутасыз? Кыргыз эстрадасында кимдерден илхам аласыз?
- Муслим Магомаев, Андреа Бочелли, Майкл Жексон, Бруно Марс, Бэкстрит Бойз... Ал эми Кыргыз эстрадасында Болот Миңжылкиев, Рыспай Абдыкадыров, Жолдошбек Мамажанов, Асанкалый Керимбаев жана башкалар. Эмнегедир ушул аткаруучуларыбыз таасирдүү ырдашчу эле, уккан сайын ырдын ичине кирип маанисин жашап саласың.
- Сизди сахнадан тышкары кандай адам деп мүнөздөшөт?
- Сахнадан тышкары, мени абдан жөнөкөй, боорукер, ак көңүл инсан деп билишет.
- Кандай кыйынчылыктарды жеңип өттүңүз бул деңгээлге жетүү үчүн?
- Жөнөкөй эле адам катары көптөгөн жашоо сыноолоруна кабылып, өтүп жүргөн эле баламын. Эл катары эле жашап, ырды сүйүп келем.
- Үй-бүлөңүздүн колдоосу тууралуу айтып берсеңиз...
- Мени үй бүлөм абдан колдойт. Окууга тапшырарда туруктуураак кесип тандасамбы дегем, ошондо апам “балам, сен музыкантсын, элге пайдаңды музыка менен тийгизесиң” деп шыктандырып, музыка дүйнөсүнө келдим.
- Сизден эми жаңы ырларды, альбомдорду күтүлөбү?
- Азыркы учурда жакын досум, белгилүү ырчылардын бири Мыктыбек Нурланбеков экөөбүз 4-5 жыл мурун негиздеген “Мета” аттуу хорубуз бар. Ошондой эле быйыл “Мерен” аттуу квартет түзүп эмгектенип келебиз. Өзүбүздүн “Наставник-Р” билим берүү борборубуз да бар. Ырдайбыз, үйрөтөбүз, маданиятка салым кылууга аракет кылып келебиз. Жеке форматта дагы буюрса эми акырындан ырларды да чыгара баштайбыз.
- Кыргыз жаштарына, таланттуу жаш ырчыларга кандай кеңеш берет элеңиз?
- Жаштарга бир гана кеңеш - кыялдарыңыз сизди күтөт. Сиз аларды күтө берсеңиз, бир жерде тура бересиз. Ошондуктан, коркпой кадам таштап аракет кылып гана жүрүш керек.
- Чет өлкөгө чыгууну ойлоп көрдүңүз беле? Дүйнөлүк сахналарда дагы ырдагыңыз келеби?
- Менин эң бийик максатым - кыргыз элибиздин маданиятын дүйнө жүзүнө таанытуу. Алым жетишинче, өмүр бою ушул максатты карманам.
Асел Нурбекова