Тамга – улуу муунга да, жаштарга да жаккан ырчылардын бири. Ырчынын үнүнө ашык болуп комплимент айткандар көп. Ырчы айым менен чыгармачылыктын татаал жолу, инсандык өсүү, сүйүү, хоббилер тууралуу барлаштык.
— Салам, Тамга! Кандай жаңылыктарыңыз бар, чыгармачылык кандай баратат?
— Салам! Жакшы, чыгармачылыктын үстүндө кызуу иштеп жатам. Жаңы ырлар, клиптер даярдалууда. Концерт берүү да чоң максаттарымдын бири. Чыгармачылык менен катар эле өзүмдүн атымдан кийим брендин жаратып, өнүктүрүү менен алекмин. Дагы бир топ максаттар бар, бирок аларды ишке ашууга жакын калган убакта баяндап берермин.
- Акыркы жолу маектешкенибизде студент элеңиз, ийгиликтүү аяктап алдыңызбы?
— Ооба, шүгүр, окуумду ийгиликтүү аяктап алдым. Экинчи жогорку билим - менин жашоомдогу чоң этап болду десем жарашат. Студент кезде окууну чыгармачылык менен бирге алып кетүү кыйын болду. Бирок баарына жетишип жаттым, убакытты натыйжалуу пайдаландым.
- Окуган кесибиңиз боюнча психолог болуп иштегиңиз келдиби же баары бир ырчылык тартып кеттиби?
— Чынын айтсам, башка кесипте иштеп кетүүгө мүмкүнчүлүк болду. Өз кесибиме абдан кызыгуу менен карагам, азыр деле кызык. Бирок жүрөгүм чыгармачылыкта экенин түшүндүм. Ыр дүйнөсү мени толугу менен өзүнө тартып турат. Ар дайым ыр дүйнөсүнүн толкунунда экенимди түшүндүм. Дипломду алып койдум, инсан өзгөрүлүп турат эмеспи, кайсы бир убакта, балким, бул кесип менен да иштеп калам. Азырынча чыгармачылыктамын.
- Башында продюсер, команда менен иштешчү элеңиз, ортодогу келишим аягына чыккан турбайбы. Өз алдынча иштөө сиздин чечим болдубу?
— Ооба, келишимдин мөөнөтү аяктады. Өз алдымча кетүү - эки тараптуу, түшүнүшүү менен кабыл алынган чечим. Командага абдан ыраазычылыгымды билдирем, биргеликте мыкты долбоорлорду жараттык. Менин Тамга деген атымдын элге таанылышына чоң салым кошушту, мыкты деңгээлде концерт бердик. Алар менен иштешкен жылдар мен үчүн чоң сыймык жана убакытты натыйжалуу пайдалануунун мыкты үлгүсү. Бирок кайсы бир учурда адамга өз канаты менен учууга туура келет.
- Чыгармачылыкта эркин жана жалгыз иштөө кандай экен?
— Эркин болуу — жоопкерчиликтин чоң бөлүгү. Бирок ошол эле учурда өз стилимди түзүп, өз багытымды аныктай алам. Бул – өсүүгө жакшы мүмкүнчүлүк. Азыр өз алдынча иштөө мага чоң тажрыйба берип жатат.
- Кантсе да негизги тепкичке кадам таштап алдыңыз да, мындан аркы максаттар улам бийиктей берет болуш керек?
— Албетте. Ар бир жолку сахнага чыгуу, ар бир жаңы ыр, ар бир жаңы клип — ырчы үчүн жаңы тепкич. Ошол тепкичтер акырындан улам бийиктеп отуруп, аягында чоң максатты өзүнө камтыйт эмеспи. Буюрса, эл аралык деңгээлге чыгуу — чоң максаттарымдын бири. Ага жетүү үчүн аракеттерди кылам. Буга чейин деле аракет кылып келгем, эми мындан да катуураак иштешим керек.
- Ырчылыкта баары жакшы экен, буюрса. Сезимдер, сүйүү темасында сүйлөшсөк деп турам. Жеке жашооңузду көпчүлүккө ачыктагыңыз келбейби?
— Ооба, өзүңүз баамдагандай, жеке жашоомду элдин көзүнөн алыс кармаганды туура көрөм. Сүйүү барбы-жокпу, аны убакыт көрсөтөт. Ал сезим улуу тема го. Кайсы бир күнү жакшы жаңылыктар менен бөлүшүп калчу учур да келсе керек. Бирок азыркы тапта негизги көңүлдү чыгармачылыкка буруудамын.
- Кандай жигиттер жагат негизи?
— Ак көңүл, ишенимдүү, намыстуу жигиттер жагат. Жөнөкөй, бирок терең ойлонгон адам мен үчүн абдан баалуу. Баарлашууда эле адамдын канчалык терең ойлоно аларын, анын таасири башка бир адамга сөзсүз билинет. Терең жана акылдуу инсандар мени таасирлентет.
- Актрисалыктан да өзүңүздү сынадыңыз эле, улантасызбы?
— Таланттуу кинорежиссёр Эрнест Абдыжапаровдун “Ак салкын” тасмасында башкы ролду ойногом. Мен үчүн бул чоң кадамга айланды, анткени кино дүйнөсү ырчылык сыяктуу мени башынан эле өзүнө тартып турчу. Сунуштар түшсө актрисалыкты улантам, буюрса. Актрисалык мен үчүн дагы бир чоң дүйнө. Ырчылык менен актрисалыкты катар алып кетүү — чыгармачылыкка өзгөчө түс берип турат. Негизи чыгармачылык эле эмес, инсандын жашоосунун өзү түркүн түскө боёлуп турганы жакшы эмеспи.
- Турмуш адамды бышырып, такшалтып, өзгөртөт эмеспи. Сахнага жаңы чыккан Тамга менен азыркы Тамганы салыштырып берсеңиз?
— Сахнага жаңы чыкканда эмоция менен көбүрөөк жашачумун. Азыркы Тамга сабырга жана тажрыйбага таянып иш кылат. Басып өткөн жолум оңой болгон жок. Негизи эле чыгармачылык жол эч качан жеңил же оңой болбой турганына ынандым. Ар бир окуя мага турмуштук сабак берет, такшалтат, чыйралтат. Азыркы Тамга — мурдагысынан ишенимдүү жана бекем деп сыпаттайт элем.
- Шоу-бизнес сизди эмнеге үйрөттү?
— Жашоого көз карашымды бекемдеди жана туруктуу болууга үйрөттү. Сабырдуулукка, чыдамдуулукка, эл менен туура байланыш түзүүгө үйрөттү десем болот. Ырчы үчүн маанилүүсү - убактылуу ийгилик эмес, туруктуулук экенин билдим. Дагы санай берүүгө мүмкүн, көп эле нерсеге үйрөттү негизи.
- Ырчылыкта, сизге да бут тосуулар болгондур?
— Албетте, болду. Ансыз шоу-бизнес болбой калбайбы (күлүп). Бирок бут тоскондор мени сындыра алышкан жок, тескерисинче, күчтөндүрдү. Бут тосуулардын болушу мыйзам ченемдүү эле көрүнүш, менимче. Ийгиликке жете алчу адамдын бир белгиси – бут тосууларга кабылышы.
- Ырдагандан башка эмнелерге кызыгасыз? Хоббилер тууралуу сүйлөшсөк...
— Спортко кызыгам. Анан китеп окуу, саякаттоо мен үчүн маанилүү. Ошондой эле үй-бүлөгө, жакындарыма убакыт бөлгөндү жакшы көрөм. Алар менен чогуу убакыт өткөрүү бакыт тартуулайт. Ырчынын жашоосу сахна менен гана чектелбейт, жогоруда айткандай, түрдүү түстөр менен боёлуп, кооздолуп турат.
- Маегиңизге рахмат. Бар болуңуз!
Нуржамал Жийдебаева