Күндөлүк (мансапка жетүү үчүн баарына даяр болгон кыздын сезимин, окуяларын баяндаган сериал)

(Башы өткөн санда)

 

23.10.ХХХХ. - Кандайсың, күндөлүгүм? Бүгүн мен бактылуу болуп жатам. Сенин бетиңди ачпаганыма бир жума болуптур. Таарынба, ал бир жума мен үчүн кандай сонун өткөнүн билсеңчи! Баягыда айтпадым беле клубдан бир жигит менен тааныштым деп? Эсиңдеби? Ошол мырза менен бир жумадан бери сүйлөшүп жүрөм. Мамилебизди азыр ачыктабай эле туралы дейт. Эхх! Билсеңчи, кандай баланын жанында жүргөнүмдү. Биринчиден, ал бир бизнесмендин баласы экен. Мен башында эле байкагам колундагы алтын түстүү саатынан эле. Ал өзгөчөлөнүп кийинип жүрөт эле. Бирок, ал жөнүндө мага бирге окуган курбу кызым айтып калды. “Бактылуу экенсиң. Бир байдын көкүрөк күчүгү” дейт. Сүйүнгөнүмдү айтпа! Азыр да сүйүнүп турам. Себеби, кандай десем.... Ммм.... Кыскасы, биринчи жолуккан күнү эле мени кучак толо гүл көтөрүп келип арбады. Экинчи, жолукканда мага жаңы үлгүдөгү телефон сатып берди. Ким сатып берет азыркы заманда? Жада калса ушунча жыл сүйлөшкөн Адилеттен дагы чыккан эмес мындай белек. Айтор, мени арбап алды. Үчүнчү күн дегенде мен алгачкы жолу өбүштүм! Ооба! Эркек менен... Мынча ширин болорун билбептирмин. А бүгүн ... Мени үйгө алып келди өзүнүн машинасы менен. Анан... “Мага өзүңдү арначы, мен сага ааламды арнайм” деп мени өпкүлөп жиберди! Айтор, ошол машинасынын ичинде экөөбүздүн алгачкы түнүбүз өтүп, мен аруулугумдан ажырадым. Өкүнгөн жокмун! Мен аны сүйүп калдым, ал дагы мени жактырарына ишенем. Ал мени алдабайт. Тескерисинче, балким, ушул түндүн арты менен баш кошуп алабыз. Күндөлүгүм, азыр башым, бүткүл денем ырахатка балкып турат! Сүйүүгө мас болуп турам. Азыр эле жарым саат мурунку экөөбүздүн чогуу жаткан келбетибизди эстеп алып, жүзүмдөн күлкү кетпей, бул бакыт эч качан менден качпаса экен деп тиленип турам...

 

05.11.ХХХХ. - Салам, күндөлүгүм, эмнегедир сенин барактарыңа ички сезимдеримди жазгым келди. Эки от менен ойноп жатам. Бирөө Адилет болсо, экинчиси Бекзат (Бека). Сага калп айта албайм. Себеби, сен - бул мен. Демек, мен өзүм менен өзүм сырдашып жатам. Кантип өзүмө өзүм калп айтайын? Кыскасы, Бекзаттын сулуулугуна, өзүнө ишенген темпераментине жана байлыгына кызыксам, ошол эле учурда Адилетти да коё бергим келбей жатат. Аны балалыктан тааныйм. Жакшы көрөм. Мындан аркы жашоом кандай болот, билбейм. Адилет чалды бүгүн. Эч нерсе болбогондой сүйлөштүм. Бактыма анын айылда болуп жатканы. Окуганга акчасы жок дейсиңби? Бар ,албетте. Керек болсо Адилеттин атасынын байлыгы менен чет өлкөдөн окусаң болот. Болгону Адиктин окууга көңүлү жок, соода-сатыкка көнгөн. “Окубай туруп иштейм. Көрөсүң, окууга кетирген кайран жылдарымды бизнеске жумшасам, бир топ жылдан кийин ошол окугандар менин кол алдымда иштеп калышат” деп өзүнө ишеничтүү айтып калчу. Балким, анын сөзүндө да чындык бардыр. Бирок азыркы чындык бул - менин орто жолдо экөө менен ойноп жатканым. Бекзат менен тез-тез жолукчу болдум. Ал экөөбүз канча түндөрдү бирге өткөрүп койдук. “Жолуң” бир ачылгандан кийин, токтоно албай калат экенсиң. Беканы көргөндө өзүм биринчи тийишип, өзүм асылчу болдум. Бир күнү айтат “аябай темпераменттүү экенсиң” деп. Чынында өзүм да байкачумун. Өзгөчөмүн. Төшөктө да Беканын ээсин эки оодарып, аны таң калдырам. Кээде “сен чын эле мага чейин эч ким менен болгон эмессиңби?” деп шекшип калат. Ан сайын өзүмчө сыймыктанып калам. Экөөбүз кайсыл жер болбосун чапташып калабыз. Эксперимент сүйүүчүлөрдөн экенбиз. Бул жөнүндө мен жана Бекадан башка эч ким билбейт. Эң башкысы эжем билбесин. Ал мени өлтүрөт. Баары жакшы болот деген үмүт менен жашап жүрөм...

 

13.11.ХХХХ. - Мен келдим. Бүгүн башым ооруп турат. Сыркоолоп калдым окшойт. Билбейм. Бүгүн Бекзат мени өзүнүн эң жакын достору менен тааныштырды. Ага себеп - Беканын туулган күнү эле. Бул кече Бишкектин эң кымбат ресторанында жабык өттү. Ооба, ресторан. Жалаң байдын, чоң кызматта иштегендердин эрке кыздар, балдары менен олтуруу мен үчүн бир чети сыймык болсо, экинчиден өзүмдү алардан бир топ эле айырмаланып турганымды сезип, ичимден уялып жаттым. Бирок сыртымдан башымды бийик көтөрүп, сыр бербей олтурдум. Кече жакшы өттү. Өзү Бекага жолуккан күндөн баштап “АЛГАЧКЫ” деген сөз өз кызматын кыла баштады. Дегеним, бүгүн дагы бул кечеде алгачкы жолу кальян, тамеки чектим, алгачкы ирет кымбат баалуу шараптардын даамын таттым. Алгачкы ирет кыздар менен кошо “стриптиз” бийледим. Аны дагы Бека суранганынан макул болдум. Себеби, кээде жалгыз калганда мен ага бийлеп берчүмүн. Ошол... Анан азыр ызама чыдабай ыйлап отургандагым өз бөлмөмдө. Билесиңби, күндөлүгүм? Баарын сага шишиген жүзүм жана ыйлаган көздөрүм менен жазып олтурам. Мен күтпөгөн нерсе болду. Кантип жазсам экен... Кыскасы, мен бийлеп жатып бир убакта Беканы таппай калдым. Аны күтүп олтуруп, бир убакта издеп жөнөдүм. Кыздардын бөлмөсүнө кирип калдым бир убакта. Беканын санаалаштары мени байкашкан жок. Орусчалап мен жөнүндө сүйлөшүп жатышыптыр. Эмне жөнүндө дебейсиңби?  

“Кийген кийимин көрдүңбү? Менин итимдин көйнөгү кымбатыраак. Өзүн мисс сезип олтурганда өзүмдү пистолет менен атып салгым келди хе-хе-хе. Пфф... Беканын табити өлүп калыптыр” деп бирөө айтса, экинчиси “ой, мен аны Бекадан сурадым. Сүйлөшкөң кызыңбы десем, Айка, кайдагыны айтпачы, мен бирөө менен олуттуу сүйлөшчү белем? Өзү ээрчип алды, жок дей алган жокмун деп күлдү. Жинди бала” деди. Үчүнчүсү “эч кимге айтпай эле койгула. Бирок Бека азыр тиги бөлмөдө Сара менен” деп, кыздардын ого бетер шыңкылдап күлгөнүн бир билем. Андан аркысын укканга жүрөгүм чыдаган жок. Чыгып алып, Бекзатты издей баштадым. Эл көп, тыгын, куду концертке келгенсип. Ал жамаатта мени эч ким байкап да, карап да койгон жок. Издедим, бирок булардын “секретный” бөлмөсүн таба алган жокмун. Бир аз акчам бар эле, такси кармап кетип калдым. Өңгүрөп ыйладым. Таксист бала боору ачыгандай улам алдыңкы күзгүсүнөн мени карап коёт. Бир убакта чыдабай кетип “эмне карайсын?!” деп кыйкырып жибердим. Көзүн күзгүдөн дароо алды да, унчукпастан айдап кете берди. Үйгө жеттик. Акчасын берип түшүп жатсам, терезеден башын чыгарып “капа болбо, ал жерден ыйлап чыккан кыздарды көп көргөм. Сени аяп кеттим. Менин ишим эмес. Билем аны. Бирок, мындай жолдон качуу керек, карындашым” деп машинасын айдап кетип калды. Түшүнбөй калдым. Түшүнгүм да келген жок. Үйгө тез кирип барып, жатайын деп жатсам, эжем мени подъездин алдында скамейкада күтүп олтуруптур. Байкушум. Бир гана ушул эжеме керек окшойм. Мени күтүп, тынчсызданганын айтты. Анан мага айта турган кеби көп экен. Жарым саат мораль окуду. Ким менен жүрөсүң? Эмне иш кылып жүрөсүң? Деги соосуңбу? Мындай акыбалда жүрө берсең, айылга жөнөтүп жиберем” деп коркутту. Унчуккан жокмун. “Ичиңде муңуң болсо мага айт, түшүнөм сени, менден башка эч ким күйбөйт сага” деди. Бирок, эч ачыла алган жокмун. Көпкө сүйлөшүп отуруп, үйгө кирдик. Эжемдин “шалдырабай, өзүңдү тың карма. Намысыңды тепселетпе. Аруулугуңду жоготсоң, өмүр бою эркекке сыйың жок өтөсүң” деген сөзү жүрөгүмдү мыкчып олтурат. Менин качан эле аруулугумдан ажырап, аял болуп калганымдан кабары жок. Жазганга да сөз калбай калды. Бир гана өксүп-өксүп ыйлагым келип турат...  

 

(Уландысы кийинки санда)

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1181, 1-7-август, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан