Талант Сыдыков, ырчы: “ААЛЫ ТУТКУЧЕВ ЖЕТЕКЧИЛИКТИ МАГА ӨТКӨРҮП БЕРГЕН”

Жөнөкөйлүк адамды кооздойт деген сөздүн чындыгы бар. Буга “Эл ырчысы Эстебес” жана “Баягылар” тобунун мүчөсү, белгилүү ырчы Талант Сыдыков менен баарлашып дагы бир жолу ынандым. 

 

- Талант мырза, кепти сиздин чыгармачылыкка келип калуу тарыхыңыздан баштасак...

- Башынан эле чыгармачылыкка үй-бүлөбүз менен жакын болдук. Эс тарткандан баштап үйдөгү ошол таасир менен чоңойдум. Атам комуз, кыяк чертчү, мен сегиз жашымда баян үйрөндүм. Атамдан агам үйрөнүп, мен агамдан, менден иним үйрөндү. Кичинемде Алиппе майрамында “Карагат, карагат, кандай болуп жаралат?” деген ырды баянда чертип, ырдап бергеним эсимде.

- Балалыгыңыз кайсы жакта өттү?

- Балалыгым Ак-Талаа районундагы Жеңиш колхозунда өттү. Ата-энем чабан эле, мал багып, чөп чаап, балалыктын доорун дыйканчылык, чарбачылык менен өткөрдүк.  1991-жылы мектепти бүтүп, эмгек жолум Ак-Талаа районундагы маданият үйүнөн башталган. Кийин аскерге барып келип, үйлөнүп-жайланып алып, анан Балыкчы шаарынын маданият үйүнө жумушка  которулдум. Ошону менен 2015-жылга чейин, 20 жыл Балыкчы шаарынын маданият үйүндө эмгектендим.

- Атайын музыкалык билим алдыңызбы?

- Ооба, музыкалык билим алдым. Иштеп жүрүп эле окудум. Алгач Токмок шаарындагы маданият техникумун бүтүрдүм, андан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство университетин сырттан окуп бүтүргөм.  Азыркылар дипломдуу ырчы деп айтып калышат эмеспи, мен ошондоймун (күлүп).

- “Эл ырчысы Эстебес” тобунда канчадан бери иштейсиз?

- Топко 2015-жылы кошулгам, ошондон бери ушул жердемин. Акыркы үч жылдан бери топтун көркөм жетекчисимин. Төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр досум “сен Балыкчыдан Бишкекке бар, өсө турган жигитсиң” деп кеңеш берип калганынан улам ушул топко келип кошулгам. Ал кезде топтун көркөм жетекчиси төкмө акын Аалы Туткучев эле, ал мени жумушка алган. Кийин жетекчиликти мага берип өзү кетип калды (күлүп). Аалы деле бизде иштейт, бирок көркөм жетекчиликти мага өткөрүп берген. Учурда топто 12 киши иштейбиз.

- Сизди көпчүлүк “Баягылар” тобунун мүчөсү катары да тааныйт. Топтун курамы мурункудай элеби? Ал жактагы жетекчиңиздер Жеңишбек Жумакадыр АКШга кетип калды, абал кандай азыр?

- “Баягылар” тобунун түзүлгөнүнө он жылдан ашып калды. Жетекчибиз Жеңишбек Жумакадыр, топтун курамында алты жигит бар. Алтообузду алты өрөөндөн чогултуп алып, тааныштырып, достоштуруп койгон. Жашоодо кадимки достор, анан акыреттик достор болот эмеспи. “Баягылардын” жигиттери – ошол акыреттик достордон болобуз. Жакшылык-жамандыкта дайыма чогуубуз. Жеңишбек, өзүңөр билгендей, азыркы учурда Америкада, “уулумду окутам, анан бир аз иштейм” деп кетти. Кудай буюрса 5-10 жылда келет, 3-июль күнү Америкага узаттык. “Баягылар” тобу жолугуп, чай-пай ичип, белек-бечкегибизди, акчабызды берип узаттык. Эми Жеңишбек жок концерт коюп турабыз го, бирок тузу жок тамактай болуп калат болуш керек, досубузду чыдамсыздык менен күтөбүз.

- Сизди эч ким актёр Болот Бейшеналиевге окшоштурган жок беле? Негизи актёрлукка кызыгасызбы?

- Жок, эч ким деле окшоштурган эмес ал кишиге. Бирок актёрлукка аябай кызыгам. Тасмада бир-эки эпизоддук роль аткаргам, ал эми башкы каарман катары тартылууга сунуш түшө элек. Түшүп калса  кубанып аткармакмын. Мурунку министрибиз Алтынбек Максүтов бир концерт даярдап жатып “Талант, сен актёрлукту кайдан окудуң эле?” деп сурады. Мен жаш кезде Балыкчы шаарында элдик театр бар эле, ошол кезде Эсен Думанаев деген мыкты агайдын мектебинен өткөм. Театрда көп ролдорду жараткам. Бексултан Жакиевдин “Алтын аяк” деген пьесасында Миңжашардын ролун ойногом.  Эсимден чыгып кетти, бирок көп эле роль жараткам. Ошол театрдын мектебинен өткөнүм жакшы болгон экен, азыр “Эл ырчысы Эстебес” тобунда театралдаштырылган ролдорду кыйналбай эле ойноп кетем.

- Үнүңүз жакшы, бирок негедир көп учурда жалгыз ырдабай, дуэт ырдайт экенсиз. Мунун себеби барбы?

- Ооба, көп учурда дуэт ырдап калам. Анткени ошондой сунуштар түшүп калат. Токтобүбү Черикчиева эже менен, Үмүтай Абыдышева менен ырдап чыккам. Жеке ырдаган ырларым деле бар, бирок Ютубда жок. Өзүмдө сакталган. Андан башка абдан деле чоң себеби жок. Эми чыгармачылык түрдүү толкундарда болот да, келечекте дагы жакшы ырларды ырдап чыгабыз, буюрса.

- Спорт менен мамилеңиз кандай? Кыргыз жигити жасай алышы керек болгон иштерден эмнени ийине жеткире жасайсыз?

- Баарын эле билем, мисалы, кой сойгонду, устукандаганды, эт бышырганды   билем. Жаш кезде улак тартчумун. Балалык, жаштык кез жалаң эле айылда өттү да, ошого кыргыз жигити эмне кылышы керек болсо баары эле колдон келет го. Спорттун түрлөрүнөн волейболду жакшы ойнойм. 

- Таанымал инсан болуу сизге эмне берди же сиз ал үчүн кандай курмандыктарга бардыңыз?

- Мен өзүмдү абдан таанымалмын деп эсептебейм, чынын айтсам. Кээде  көчөдөн же жакшылыктарда, тойлордо таанып учурашып калгандар болот. “Өнөрүңүздү баалайбыз” деп сыйлагандар бар, анда-санда сыйлап чайга чакыргандар да болот деп койбоюнбу (күлүп). Тим эле жер баспай калган убагым болгон жок. Кадимки эле кыргыздын жөнөкөй жигитимин. Курмандык кылып салган турбаймынбы деп деле  кейигенден алысмын. Чыгармачылык жолдо  акырын келе жатабыз деп эле айта алам.

- Коомдо сизди бушайман кылган көрүнүш кайсы?

- Мени коомдо бушайман кылган эмес, сүйүндүргөн нерселер көбүрөөк болуп жатат. Коом оңолуп бараткандай сезилет мага, жаштарды карап мыктылар өсүп келе жатат деп кубанып калам. Биз Союз кулаган маалды көрдүк, андан кийинки өткөөл мезгилде жашадык, салыштырып караганда азыр элдин жашоосу жакшы. Андыктан абдан деле бушайман кылган  нерсе жок чынында. Мамлекетибиз оңолуп жатат, Бишкек шаарыбыз башкача боло баштады. Бизди болсо “Баягылар” тобу, “Эстебес” тобу деп урматтап, кайда барсак сый-урматын үстүндө эле жүрөбүз.

- Үй-бүлөңүз тууралуу сурайын...

- Кудайга шүгүр, үй-бүлөмдө баары жакшы. Балдар чоңоюп жатышат, биз аманчылыкта, айтор, баары жакшы.

- Маегиңиз үчүн рахмат!

 

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1181, 1-7-август, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан