ЭМНЕ ҮЧҮН БУТТУН БАШ БАРМАГЫ КЫЙШАЙЫП КЕТЕТ?

Көбүнчө аялдар кабылышат бул дартка. Себеби – саркеч, келбеттүү көрүнүү үчүн тумшугу ичке, такасы бийик бут кийим кийүүгө байланыштуу. Кызыгы, бут кийим кийбей жылаңаяк жүргөн элдерде бул оору жолукпайт. Баш бармактын сөөгүн  кыйшайтып, бут кийим кийүүнү кыйындаткан халлюс вальгус илдети тууралуу ортопед Адилет Жумабековдон маалымат алдык.

Башкы себеп – бийик такалуу бут кийим

– Медицинада халлюс вальгус термини   буттун баш бармагынын сөөгү өсүп, бир жагына дөмпөйүп, берки манжаларды кысып калганын түшүндүрөт. Латынча “халлюс” -буттун баш бармагы, “вальгус” - нормадан четтөө, кыйшаюу деген сөздөн келип чыккан. Сөөктүн кыйшаюусунан бут   жаман көрүнүп, оорутуп, ылайыктуу бут кийим табуу да кыйындайт. Дартты жаратуучу факторлордун негизгиси – бийик такалуу, башы кууш, бутту кыскан бут кийимди көп кийүү. Такасы жок болсо дагы тумшугу кууш бут кийимди кийүүдөн да дарт жаралышы мүмкүн. Ыңгайсыздыктан улам буттун баш бармагынын сөөгү бут кийимге өйкөлүп, кысыла берип, акырындап ал сөөк калыңдап өсөт да, кыйшая баштайт. Сөөктүн тегерегиндеги жумшак ткандар да өйкөлө бергенден чорго айланып сезгенет, шишийт. Ал эми нервдер кысылып, жанчылат. Ошондуктан бут кийим кийгенде, басканда оорутат. Кенен бут кийим кийгенде гана оорутуу азаят же басылат. Жыл өткөн сайын сөөктөгү кыйшаюу өсөт. Бийик такалуу бут кийим кийгендерден тышкары, пуант кийишкен үчүн балерина, балерондордо аталган оорунун жаралуу коркунучу абдан жогору.

Башка факторлор

• Тукум куучулук

• Май тамандуулук. Мындайда оордук таманга тегиз түшпөйт да баш бармактын кыйшаюусун жаратат

• Муун оорулары. Мисалы, артрит

• Ашыкча салмак. Оордук таманга ашыкча түшөт да баш бармактын деформациясын шарттайт

Бул дартты коштоп жүрүүчү башка дарттар

• Подагра

• Ревматоиддүү артрит

• Псориаздуу артропатия

• Муундардын жылып кетүүгө ыңгайлашкан оорулары. Мисалы, марфан, даун синдрому

• Жайылма склероз дарты. Бул ооруда иммундук систем баш жана жүлүндүн ткандарын бөтөн ткань катары кабыл алып, аларды жок кылуу үчүн чабуулга өтөт. Башкача айтканда, иммуниттетин жаңылыштыгынан жаралчу ооору. Бейтаптын басышы, тең салмактуулугу бузулат. Көрүүсү, ойлоосу, кабыл алуусу, ой жүгүртүүсү начарлайт жана башка

• Шарко-мари дарты. Мында тамандын түзүлүшү өзгөрүп, согончок сөөк кыйшайып, тамандын ортосу ичкери кирип, буттун үстү томпоюп кетет.

• Балдардын шал оорусу

• Баш бармак сөөгүнөн жаракат алуу (жарака кетүү, сынуу)

 

Муундар жакшы кыймылдабай калат

 Дарттын башкы белгиси – баш бармактагы бурсит. Бурсит бул – муундун айланасындагы ичинде суюктук толгон мүшөкчөлөрдүн сезгенип, шишип, муундун кыймылынын чектелиши, оорутушу. Адам басканда, кыймылдаганда ооруйт. Суюктук толгон мүшөкчөлөр муундар кыймылдаганда сөөктөрдүн бири-бирине катуу тийбешин камсыздайт. Баш бармак сөөгүнүн кыйшайышы, терегинин чор болуп калышы, терисинин кызарып турушу

 

Дарттын даражалары

1-даражасы. Баш бармак сөөгүнүн азыраак кыйшайышы, оорутунун сезилбеши

2-даражасы. Сөөк орточо кыйшайган болот, басканда оорутат

3-даражасы. Сөөк абдан кыйшайган, оорутат, баш бармактын жанындагы манжа да кыйшая баштайт

Диагноз коюу

• Бутту текшерүү. Манжаны алдыга, артка ийдирип, анан бастырып көрүп, эмне кылганда оорутуу күчөй турганын бейтаптан сурап-тактоо

• Артрит жана башка муун оорусу бары-жогун, бутунан жаракат алган-албаганын тактоо

• Манжаны рентгенге тарттырып, кыйшаюунун канчалык экенин аныктоо

• Компьютердик томографияга, УЗИге тарттыруу

Процессти жайлатуу
жана токтотуу

Дарылоонун максаты - баш бармактын сөөгүнүн кыйшайып кете беришин жайлатуу, токтотуу, операция ыкмасы менен кыйшайган сөөктү ордуна келтирүү, тамандын иштешин калыптандырууга багытталат.

 

Консервативдүү дарылоо

Бул ыкма дарттын жеңил стадиясында колдонулат.

• Сезгенүүгө каршы жана оорутууну басаңдатуучу, тамчылатма дарылар керектелет

• Баш бармактын, дегеле тамандын булчуңдарын чыңдоо, муундардын кыймылдуулуулугун арттыруу үчүн атайын көнүгүүлөр

• Башы жазы, такасы жапыз, кенен, ыңгайлуу бут кийим кийүү сунушталат.  Мындай бут кийим дартты өнүктүрбөй калууга шарт түзөт. Өнүккөн дартта болсо оорутуу азаят

• Ортопедиялык батекти, баш бармакты калыптагыдай кармап туруучу ортезди колдонуу. Булар баш бармак сөөгүнүн андан ары кыйшайып кете беришинин алдын алат

• Ток менен дарылоо

• Зат алмашууну жакшыруу үчүн туура тамактанууга өтүү

• Кошумча өнөкөт оорулар болсо, мисалы артрит, анда ревматологун да кеңеши, дарыларды жазып берүүсү кажет 

Операциялык ыкма

Мунун бир нече түрү бар. Дары-дармек жана дарылоо жардам бербей, баш бармак жакшы иштебей, тамандын иштеши бузулган учурларда колдонулат.

 

Операция кандай жүргүзүлөт?

• Баш бармак туштан тилик жүргүзүлөт

• Сөөктү фиксация кылуу үчүн атайын винт же пластина колдонулат. Ал бармактын ордунда туура турушун, жана жаракаттын эрте айыгышын камсыз кылат

• Бурсаларды алып салуу

• Өсүп кеткен сөөктү кесип, калыбына келтирүү

• Калыпка келүү 2-3 айды талап кылат       

 

Оорунун алдын алуу

• Аялдар бийик такалуу бут кийимди аз кийиши керек. Негизи бут кийим такасынын бийиктиги 2-4 сантиметрден ашпаганы жакшы

• Оорунун белгилери билинер замат ортопедге текшерилүү

• Буттун өлчөмүнө жараша бут кийим кийүү

• Ашыкча салмак пайда болгондо диета кармоо же спорт залда машыгуу менен арыктоо

• Буттун жана тамандын булчуңдарын бекемдөө үчүн көнүгүүлөрдү үйрөнүп алып жасап туруу

• Май тамандуулук, артрит, подагра оорусу барлар ортопедге маал-маалы менен текшерилип, кеңеш алып турушу кажет

• Жумушта эртеден кечке туруп иштегендер буттарын убак-убагы менен эс адырып турушу шарт

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1181, 1-7-август, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан