Бишкек: Көк-Жар конушундагы мыйзамсыз курулуштар сүрдүрүлүүдө

Бишкектеги Көк-Жар жаңы конушундагы мыйзамсыз курулган курулуштар буздурулуп жатат. Тагыраагы, шаардын Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрү кесилишкен аймагындагы коммерциялык жайлар. Кезек турак үйлөргө да жетери айтылды. 

Буга жергиликтүү жашоочулар каршы чыгышып, 6-августта милиция кызматкерлери менен тирешүүгө чейин барышты. “Аким кетсин” деген талаптар да айтылып жатты. Бишкек мэриясы бул жагдай боюнча маалымат берип, буздурулуп жаткан жайлар 2021-жылдан кийин курулганын эскертти.

- Бул жер тилкелеринин айыл чарба багыты бар. Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 “Жер жана укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамына жана министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысынын тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык келбейт – деп билдирди мэрия.

Аталган жер тилкеси жайгашкан Октябрь райондук акимчилиги Көк-Жардагы жарандарга “турак жай курганга болбойт” деп 8 жолу жолугушканы айтылат.

Адегенде коммерциялык курулуштар: дүкөн, тигүү цехи, автоунаа оңдоочу жай сыяктуулар буздурулары, жарандарга 6 ай убакыт берилери, мындан кийин турак-үйлөр мажбур түрдө сүрдүрүлөрү белгиленди.

Жергиликтүү бийлик мыйзамсыз курулуштарды бузууга барганда (6-август күнү) ал жердеги топ адамдар жолду тосуп алышты. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, жалпы 20дан ашык адам Бишкек ШИИББиге жеткирилип, 5 жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 17 жаранга тийиштүү протоколдор түзүлгөнүн билдирет шаардык милиция.

Кылмыш-жаза кодексинин Жолдорду мыйзамсыз тосуу беренесине ылайык жарандар 1 жылдан 5 жылга чейин жазага тартылышы мүмкүн экени эскертилди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1182, 8-14-август, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан