Эл ичинде өнөр ээлери канча дейсиз?! Санжар Төрөгулов да жаңыдан канат кагып келаткан таланттардын бири.
АНКЕТА
Толук аты-жөнү – Төрөгулов Санжар Төрөгулович
Туулган жылы, айы, күнү – 1991-жыл, 21-февраль
Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, Көк-Тонду айылы
Билими – Улуттук консерваториянын фольклор бөлүмүнүн 2-курсунун студенти
Үй-бүлөдө – 7 бир туугандын кенжеси
Кызыкканы – Музыка жана спорт
Репертуарындагы ырлары – “Мажүрүм тал”, “Айылым” ж.б.
– Санжар, ырга болгон кызыгууң качан башталды эле?
– Ата-энем ырга жакын жандар эмес. Бирок агаларым комуз чертип, аккордеон тартып өз алдынча ырдашчу, аларды угуп-көрүп жүрүп эле мен да ырга жакындадым. 5-класстан баштап музыкага болгон кызыгуум артып, бассам-турсам кыңылдап ырдап жүрчүмүн. Мектепте окуп жүргөндө да ар кандай сынактарда, майрамдарда өнөрүмдү көрсөтөр элем.
– Ырга шык-жөндөмү барлар кимдир бирөөнү кумир тутат эмеспи...
– Биздин убакта Сыймык Бейшекеевдин ырлары укмуш ырдалчу да. Сыймык байкенин “Ден соолук” аттуу ырын көп ырдадым.
– Устатым деп кимди айтасың?
– Устатым Улукмырза Полотов.
– Ырчылыкты тандап алууңа эмне түрткү болду?
– Бала кезден эле ырга болгон шыгым күч болчу дебедимби. Анан да таякелерим ырга жакын, жакшы ырдашат. Ата-энем талантымды байкаштыбы, айтор, өзүм каалаган окууга тапшырууга шарт түзүп берип, колдоо көрсөтүштү.
– Кайсы музыкалык аспаптарда кол ойнотосуң?
– Комузду өз алдымча үйрөнүп алгам. Аккордеон тартканды 7-класстан үйрөндүм. Азыр болсо фортепианону өздөштүрүүдөмүн.
– Эл алдына чыгуу менен өзүңө эмне арттыра алам деп ойлойсуң?
– Биринчиден, кесибим ырчылык. Экинчиден, өмүрүмдү чыгармачылыкка арнагандан кийин алдыма койгон максатымдын, тандаган жолумдун өтөсүнө чыккым келет. Элге жөн эле ырдап койбостон, ырларым аркылуу руханий байлык тартуулайын деген ниеттемин. Болгондо да кыргыз жыттанган ырларды элге арнасам дейм.
– Канткенде бийиктикке жетип, музыка дүйнөсүнө сүңгүйм дейсиң?
– Алдыда мен багынтчу бийиктиктер көп. Максатым – музыка дүйнөсүнө из калтыруу. Сахна деген ыйык. Фольклор менен эстраданын айкалышындагы чыгармаларды жаратып, жагымдуу ырлар менен бийиктикке жетип, сакталып калгым келет.
– Талантыңдан сырткары акчаң же продюсериң болуш керек. Сенде баары барбы?
– Менин чыгармачылыгыма ар тараптан жардам берип, көмөгүн аябаган продюсерим бар. Буюрса, продюсерим Ырыс Окенова эже экөөбүз, көп иштерди биргеликте аткарабыз.
Бурул Исмаилова
star@super.kg