18 жашында Улуттук филармонияга келип, куттуу жерге, өнөргө өмүрүн арнап койгон адам. Айтыш десе эске дароо “Саргашка” акын түшөрү да ушундан улам. Таланттуу инсан бул жолу апасы тууралуу айтып берди.
“Эки атадан 9 бала элек”
- Сөзүмдүн башында окурмандарга айтып коёюнчу, бул Амантай эмне эле апам деп баштап, анан атасын кошуп кеткен деп жүрүшпөсүн. Анткени экөөнүн тең тагдыры оор, чиеленген, байланышкан. Өзүңүздөр билесиздер, мен Талас облусунун Талды-Булак айылында төрөлүп-өскөм. Апамдын аты Урият. “Урият” эркиндик, азаттык деген сөз экен. 2 атадан, бир жатындан чыккан бир туугандар 9 элек, кийин экөө кайтыш болуп кетип жетөөбүз калдык.
Апамдын биринчи күйөөсү Алибек ата кайтыш болгондо апам 25 жашында 4 баласы менен жесир калат. Алибек ата элге кадырлуу адам болуптур. Менин атам Токтогул биринчи зайыбынан балалуу болбоптур. Балага так этип жүргөндө апама жолугат. Элдин айтуусуна караганда, ошол кезде апам сулуу, 4 бала төрөгөнүнө карабай келбети жаш кыздай келишкен айым экен.
Ошентип экөө таанышып, жылдыздары келишип баш кошушат. Токтогул атабыздан бешөөбүз төрөлөбүз. Атамдын өңү-түсү мага окшош, жумшак, ак көңүл, жамакчы, сөзмөр, бапыраңдаган адам болуптур. Совхоздун унаасын айдап, айылда “авторитет” болгон экен. Кийин унаасы бир ирет өрттөнүп кете жаздап, ошого аны айдабай өткөрүп берип, чабан болуп кетиптир. Апамдын кыйындыгынан 2 атанын балдары бир үйдө ортобуздан кыл өтпөй, тамак жечү 1 сары чаранын тегерегинде бир тууган болуп чонойгонбуз. Ошол чара тууралуу кийин 2021-жылы “Чара” деген ыр жазгам. Анда:
Тогузубуз кол салып,
Тойчу элек сары чарадан.
Эртерээк анын экөө да,
Эч келбес жакка караган... - деген саптар бар.
“9 баланы багуу апамдын жалгыз мойнуна түшкөн”
- Апам уз болчу. Кийиз кылып, оюм оюп, шырдак жасачу. Боз үйдүн чийин чырмоочу. Далай ирет апам экөөбүз талаага барып, жамбашка салып чий тартып, чогултуп алып келген күндөр өттү. Талаа-түздө эч ким жок жерде ырдачу. Үнү уккулуктуу болчу.
Апам менен атам менин 2-3-классымда ажырашып кетишет. Ошондон кийин 9 баланы багуу апамдын мойнуна түшөт. Апам байкуш талаада кетмен чаап, кырманда буудай сапырып да иштеди. Мээнеткеч эле, эс алып отурганын, жашоосуна таарынып, Кудайга шек келтиргенин уккан жокмун. Жашоонун түйшүгүн көп тартып калды.
Бизди апам “атаңар өлүп калган” десе, ошого ишенип чоңойдук. Бирок кийин атамдын тирүү экенин билдик. Ата-энемдин ажырашып кеткени атамдын көпкөнүнөн болбоптур. Кандайдыр бир себептен атам абакка түшүп калыптыр. Көрсө, апам байкуш бизге “атаңар өлүп калган” деп айласыздан айтыптыр. Атабызды сагынып куса болгондо телмирип, атам келет деп күндө жолду карап отурсак, кусалыктан ооруп калат деп ойлоп, буларды атасынан түңүлтөйүн деп “атаңар өлгөн” деген го дейм. Өзгөчө мен атама жакын элем да.
“Апам сенден бир нерсе чыгат дечү”
- Мен кичинемде жоош болгонум менен сүйлөгөнүм курч болчу, күлдүрүп сүйлөчүмүн. Комузду үйрөнө электе эле жамактатып ырдап жүрдүм. Чыбыкты комуз элестетип, аны чертип тамдын артында эле отурчумун. Менин мунумду апам көрүп “ушул баламдан бир нерсе чыгат” деп койчу эле. Жашоонун кыйындыгынан Бакай-Ата районундагы Чалдыбар мектеп-интернатында окуп калдым. 5-классымда чымындар бир аз ойгонду. Адегенде айылды сагынып бир нерселерди чүргөп жазчумун. Өзүмдөн-өзүм оолугуп комузду үйрөндүм.
Үйгө барганымда ыр жазып баштаганымды, комуз үйрөнгөнүмдү апама айтып, чертип берсем “Кудайдын жакшылыгын көрчү күндөр узак эмес экен” деп көзүнө жаш ала, мени бооруна кыса, жыттап алды.
“Эстебес атанын колуна келгенимде апам бир сүйүндү”
- Кийин 10-классты бүткөндө агам мени Эстебес Турсуналиев атанын дайындап кеткени боюнча Фрунзеге филармонияга алып барып, анын колуна тапшырып кетти. Мында апам жарыктык дагы бир сүйүндү. Залкардын колуна барып, маданияттын дөө-шааларына кошулуу дегендин өзү эле канчалык сыймык болуп жатпайбы?
Филармонияда иштеп жүргөн кезимде бир майор келип “түрмөдө отурган атаңдан кат алып келдим” деди. Таң калып калдым. Атам көрсө бар экен жана абакта “пахан” экен. Андай атка күчү менен жетти дейин десем олбурлуу деле эмес болчу. Сыягы акылы, башкаларды башкара билгени үчүн болду го дейм. Катынын акырында “каралдым балам артымда, катыма бастым мөөрүмдү. Атам деп мени ойлосоң, алып кет үйгө сөөгүмдү” деп жазылып жүрөт. Кийин атам абактан чыккандан кийин мени издеп келди.
“Апам ийгилигимдин четин көрүп калды”
- Апам биздин түйшүктү тартып, боорубузду жерден көтөрттү. Эшигибиздин алды жагында кыр бар эле. Апам 2 кызын ошол кырдан турмушка узатып, 7 баласын тосуп алып жүрдү. Менин өкүнгөнүм кыйынчылык менен чоңойткон балдарынын жакшылыктарын көп көрбөй, эрте дүйнөдөн өтүп кеткени болду. 66 жашында каза болуп калды.
Менин ийгиликтеримдин четин көрүп калды. Төбөм элге көрүнүп калганда Эстебес Турсуналиев, Ашыраалы Айталиев баш болгон залкарлар үйгө барганда “Амантайдай баланы сиз төрөп чоңойткон турбайсызбы?!” дешип, апамды мактап төгүп ырдап беришсе, бир сүйүнөт жарыктык киши. Мен тууралуу жазылып чыккан гезиттерди коңшу-колоңдорго көрсөтүп мактанчу. Телевизор, радиодон чыгып калсам коңшуларды чакырып, дасторконун жайнатып “балам чыкпадыбы, көрдүңөрбү?” деп айтып түгөтө албай калчу экен.
“Апам атамды кечирип...”
- Жана сөзүмдө атам кийин мени издеп келди, табыштык деп айттым го. Ушул жерден айтып кетчү нерсе, атам кайтыш болуп, сөөгүн айылга алып барганымда апам атамды кечирип, кошок кошкону болду. “Манаста” айтылат го, айкөлдүк, кечиримдүүлүк деп. Ушул сапаттарды кыргыздар, анын ичинде апам да алып жүргөнүн далилдеди. Мен ушунусуна абдан баа бердим.
Мындай болду: Атам абактан чыккандан кийин Кара-Балтадан бир кемпирге баш кошот. Атам балдарга жакын, анын үстүнө жакшы адам болгонго кемпирдин балдары да ага имерилип, сыйлап калышат. Атам катуу ооруп жүргөндө жашоосу узак болбошун сезген окшойт, мага келип кетти. Ошондон 1 жыл өтүп, 63-64 жашында каза болду. Кемпири “атаңдын сөөгүн алып кетем десең да макул, алып кетпейм десең балдарым жайына беришет” деп калды. Ошондо кемпирдин балдары менен мен сөөк талашып калдык. Жогоруда атамдын катындагы ырында “Атам деп мени ойлосоң, алып кет үйгө сөөгүмдү” деген жери бар болчу дебедимби. Ошого “сөөктү алып кетем” дедим. Бирок муну апама айтыш керек болду да. Чалып айтсам, угуп туруп калды. Алгач айныды. Мен анда “апа, түшүнсөңүз, мен төкмө акын болсом, анан бирөө менен айтышсам атаңдын сөөгү талаада калган десе эмне дейм?” десем, ойлонуп калды. “Мейли, алып кел” деди. Ошентип айылга алып барып, боз үйгө киргиздик. Бир убакта эле кошок угулуп калды. Көрсө, апам кошок кошуп кириптир, “балдарымдын атасы”, “кабыланым, жолборсум” дейт... Ошондо апам муштумдай жүрөгүнө кечиримдүүлүктү да катып жүргөнүн билбедимби?!
“Айыккыс оорудан кете берди”
- Мен ирденип келе жатканымда апам аты жаман, айыккыс оору менен ооруп калды. Шишик 3 жеринде экен. Алып барбай эле койгулачы дегенине карабай ооруканага алып бардык. Толук текшерип көрүшкөн соң врач мени чакырып жөн-жайды түшүндүрүп, апабызды үйгө алып кете беришибизди айтты. Мен ага “дарылатабыз деп алып келсек, анан айылга кайра алып кетебиз деп кантип айтабыз?” дедим. Ал “анда врач айылга барып чөп-чар ичсин деп айтты де, мен кагаз жазып берейин” деди. Апама врачтын кагазын көрсөтүп, чөп-чарды 3 ай ичет экенсиз дедим. Муну угуп “аны чөнтөгүңө салып кой” деп жыйналып кирди. Үйгө барганда акыркы шырдагын бүтүрө элек эле, ошону бүтүрөйүн деп калды. Биз шаардан чалып апамдын абалын сурап турдук. Алар баарынан да шырдагын бүтүргөнгө шашып жатат деп жатышты. Баары бир анын кичине жери бүтпөй калды. Апам бизди, жарык ааламды таштап кете берди...
Канымжан Усупбекова