КОЙ
(21.03–20.04)
Август айынын акыркы аптасындагы сиздин негизги милдетиңиз – араздашкан адамдарды жараштыруу болуп эсептелет. Эгер айланаңызда бири-бирине таарынып жүргөн адамдар болсо, чечендигиңизди курчутуп, даанышмандык кылып элдештиргенге аракет кылыңыз. Жасаган эмгегиңиздин акыбети кайтат, же акчалай сыйлыкка ээ болосуз, же кызмат ордуңуздан көтөрүлүү орун алат. Жайында ар тарапка чачырап кеткен достор бул аптанын акырында жолугуп, жагымдуу баарлашуу орун алат.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Каржылык жактан коромжуга учураган апта болушу мүмкүн. Бирок бул коромжулар келечекте перспективдүү болуп, эселеп пайдасын бермекчи. Сүйүүдө мамилелер бекемделип, эски таарынычтардан арылууга мүмкүнчүлүк бар. Жумушта кесиптештер менен оройлонбой, жумшак мамиледе болсоңуз эле эч кандай маселе жаралбайт. Аптанын ортосунда сиздин сабырдуулугуңузду “текшерген” окуя орун алышы күтүлөт. Дем алышты үй-чарба түйшүктөрү менен өткөрөсүз.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Аптада жаңы таанышуулар орун алат. Ал таанышуудан пайда табам десеңиз, маектешүү учурунда талашып-тартышпай, көбүрөөк укканга, түшүнгөнгө аракет кылыңыз. Жумушта майда нерселерге көбүрөөк көңүл буруңуз, болбосо ката кетирип алышыңыз ыктымал. Күтүлбөгөн адамдан күтүлбөгөн комплимент угуп маанайыңыз көтөрүлөт. Нерв системасына терс таасир бере турган окуялардан алыс болуңуз. Сыйлуу адамдардан конокко чакыруу аласыз, баш тартпай барганга аракет кылыңыз.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Аптанын биринчи жарымында эмоцияларыңыз ашып-ташып, түшүнбөстүк, таарыныч, талашып-тартышуу сыяктуу көз ирмемдерди бир калыпка салганга туура келиши мүмкүн. Ал эми аптанын экинчи жарымын каржылык абалыңызды жакшыртуу аракети менен өткөрөсүз. Бейшемби, жума күндөрү романтикалык нотада бойдоктор көңүлүнө төп келген адамына жолугушу мүмкүн. Сырттын жумушуна эле эмес, үйдөгү тиричиликке да көңүл буруу керек экени сезилет, апта соңу үйдө болушуңуз күтүлөт.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Жылдыздар сизге психикалык абалыңызга көңүл бурууну сунушташат. Андыктан өзүңүзгө тынчтык, бейпилдик шартын түзгөнгө, терс эмоциялардан алыс болгонго аракет кылыңыз. Жеке жашоодо түгөйүңүз менен чыдамдуулук, түшүнүшүү сапаттарын алдынкы планга чыгарыңыз. Жума күнү жагымдуу жаңылык угушуңуз күтүлөт. Бул аптада бир нече жерден конокко чакыруу алып, кайсынысына баруу, кайсынысынан баш тартуу керек экенин ойлоп баш катырышыңыз мүмкүн.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Сиз айткан сунуш, идеялар башкалар тарабынан жылуу кабыл алынат. Андыктан жумушта болобу же үйдөбү, лидерлик чылбырды колго алсаңыз жарашат. Өзүңүздү өстүргүңүз, бир нерсени жаңылагыңыз, өзгөрткүңүз келген сезимдерге кабыласыз. Балалуулар мектеп алдындагы түйшүктөр менен алектенгенге туура келет. Инфекциялык же тери ооруларын жугузуп алуу коркунучу жогору, абайлаңыз. Аптанын аягында мурдагы жасаган иштериңиздин жемишин көрөсүз.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Аптада күчүңүздү керексиз нерсеге коротпой, энергия сактаганга аракет кылыңыз. Жумушта маанилүү чечим чыгарып же олуттуу иш боюнча документтерге кол койбой туруңуз. Жеке жашоодо эски тааныштар жанданат, достук мамиле романтикага айланышы ыктымал. Алардын кандай адам экенин билесиз, андыктан дос же сүйүктүү адам кылуу чечими сиз үчүн жеңил болот. Келбетине өзгөртүү киргизем, чач жасалгасын өзгөртөм дегендер үчүн “жашыл жол”, стилдеги өзгөрүүлөр өзүңүзгө жагат.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Жалгыз эмес, жамаат ичинде иштегенде күчтүү тарабыңыз билинет. Кимдир бирөө сизди конфликтке чакырган кадам жасашы мүмкүн, эмоцияңызды кармап, тескерисинче токтоолук көрсөтсөңүз атаандашыңызды таң калтырасыз. Чыгармачыл адамдар эргүү таппай, ишин алдыга жылдыра албай убара болушат. Эргүүдөн мурун жан дүйнөңүздү тынчтандырып, гармония абалына алып келүү керек. Апта соңу жакындарыңыздын биринин туулган күнүнө барышыңыз күтүлөт.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Аптанын көпчүлүк бөлүгү күнүмдүк жашоодогу түйшүктөр менен алек болуу менен өтөт. Бейшембиден баштап гана жумуштагы маанилүү иштерди колго аласыз. Өзүңүз эле эмес, жакындарыңыздын да гардеробун жаңыртасыз. Каржы маселеси тынчыңызды алышы мүмкүн, бирок бул сатып алуу иштерин артка жылдырууга болбой турганын түшүнүү керек. Аптанын аягында жашооңузга өзгөртүү киргизген окуя орун алышы мүмкүн. Дары-дармектен уулануу коркунучу бар.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Кичинекей катага, ыраатсыздыкка, тартипсиздикке, болбой жаткан нерсеге агрессивдүү жооп кайтарып, эмоционалдык чыңалуу абалында болосуз. Андыктан сизге тынчтык тартуулай турган адамдарга же бир тынч жайга жакын болгонуңуз жакшы. Болбосо күнөөсүз адамдарды таарынтып аласыз. Жеген тамак-аш рационуна көңүл буруу керек, болбосо бөйрөк оорулары тынчыңызды алышы мүмкүн. Дем алышты үй-бүлөңүздүн курчоосунда жагымдуу маанайда өткөргөнүңүз жакшы.
СУУ КУЯР
(21.01–19.02)
Кесиптештериңиздин бири сизге карата жагымдуу кадам жасап таң калтырат. Канчалык ишенсеңиз да, маанилүү иштерди башкалардын артынан текшерип коюу ашыкча болбойт. Үй-бүлөдө түгөйүңүз менен кер-мур айтышуу орун алат, бирок чыр аз убакытта эле чечилмекчи. Бул күндөрү жалгыз калбай, эл көзүндө (кесиптеш, үй-бүлө мүчөлөрү же тааныштар) болуу сунушталат. Аласа-бересе иштери тынчыңызды алышы мүмкүн. Маселени чечүүдө туугандар менен кеңешкен оң.
БАЛЫК
(20.02–20.03)
Ден соолукка көңүл буруңуз, айрыкча ашказан-ичеги ооруларынан сак болгонуңуз жакшы. Сиз күтпөгөн жерден капчыгыңызга акча түшөт. Көп болбосо да, үйгө таттуу бир нерсе алганга жетет. Жумушта активдүүлүк орун алат, бир бутуңуз бир жерде, экинчи бутуңуз бир жерде болуп чарчайсыз. “Меники туура” деп төш кага берсеңиз, жетекчиликтен жеме угасыз, андыктан башкаларды да угуп, түшүнгөнгө аракет кылыңыз. Аптанын аягында ага чейин түзүлгөн пландарды өзгөрткөн окуя орун алат.