Кудайберди Кылычбеков, актёр: “КӨӨП КЕТСЕҢ, ЭЛ ТЕЗ ЭЛЕ ЖЕРГЕ ТҮШҮРҮП КОЁТ”

Бир кезде КВНде ойноп жүргөндө бул мырзаны көпчүлүк “Куку” деп таанычу. Ошондо эле актёрдук таланты күчтүү эле. Бүгүн болсо тасмаларда роль жаратып, актёр катары өзүн сынап жатат. Чыгармачылыктын башталышы, кино дүйнөсү, максаттары тууралуу пикир алыштык.    

 

– Саламатсызбы, Кудайберди мырза? Сиз элге КВН аркылуу таанылдыңыз. Юмор дүйнөсүнө кантип аралашып калгансыз?

– Саламатчылык. КВНге мектепте окуп жүргөндө аралаштым. Классташтарым гезиттен “Тамашоу” долбооруна оюнчулар топтолуп жатканын окуп, “катышып көрөлү” деп калышты. Ал кезде КВН командаларында оюнчулардан тышкары “звукач” деген бар болчу, мен алгач ошол “звукачтык” ишке шайлангам. Кийинчерээк бир-эки оюндан кийин балдар жетпей калып, мага “ойноп бербейсиңби?” деп калышты. Макул деп эң биринчи оюнга чыккандан кийин эле сахнанын сыйкыры мени тартып кетти десем болот. Оюндан кийин шыр эле балдарга кайрылып, “мен ойноюн, “звукачтыкка” башка баланы алалы” десем, макул болушту. Чыгармачылыктагы жолум ошентип башталды, кийин Студенттер лигасында, Премьер лигада да ойноп жүрдүм.

– Анан КВНден кийинки жол кандай уланды? Актёрлук жумушту кесипке айланттыңызбы же хоббиби?

– Чынын айтканда, КВНден кийинки чыгармачылык укмуш уланып кеткен жок. Бирок маданият тармагынан таптакыр алыстап да кеткен жокмун, аста-аста акырындык менен кетип жатат баары. Эми актёрлук кесибиме айланды деп айта албайм азырынча, бул тармакта эч кандай билимим да жок. Менимче, меники шык, жөндөм гана окшойт.

– Бул тармакта сиз тартылган алгачкы эмгек, фильм же сериал кайсы?

– Бул тармактагы дебютум – “Тамашоунун” негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев агабыз тарткан скетч-шоу же вайн деп коюшат, ошого тартылгам. Анан эсте каларлыгы жана мен үчүн бир аз өзгөчө болгону жакында экранга чыга турган “Агатай” киносундагы ролум болду. Өрүкзарлуу Баткенде тартылган бул фильмде жылкычынын ролун чагылдырдым. Буюрса, жакында экранга чыкса өзүңүздөр көрөсүздөр го.

– Фильм эмне жөнүндө кыскача айтканда?

– Азырынча көп нерсе айта албайм. Негизги сюжеттик линия – 21-кылымда жашап жаткан жаш жигиттин 17-кылымга түшүп калышы жана ал жактагы кызыктар тууралуу.

– Тартуу иштери учурунда болгон кызыктуу же күтүүсүз окуялардан айтып берсеңиз.

– Тартуу иштери учурунда кызыктуу учурлар көп эле болду. Эң эле эсте калганы түнкүсүн тартылган эпизод болду. Негизи кыска эле эпизод болчу, бирок абдан көп убакыт тарттык. Анткени илгери ошол жерде буудай сакташчу экен, биз ошол жерде үңкүрдүн ичинде от жагып отурганда ичи аябай түтүнгө толуп, көзүбүздөн улам жаш агып бир аз кыйналдык.

– Кыргыз киносунун азыркы абалына кандай баа бересиз? Мурункуга караганда жылыш жакшыбы?

– Кыргыз киносун өзүңүздөр деле көрүп жатсаңыздар керек. Мындан бир канча жыл мурун бизде жалаң комедиялык кинолор тартылса, азыр көп жанрларда тасмалар тартылып, чет өлкөлөргө дагы сатыкка чыккан учурлар болуп жатат. Менимче, ушул нерсенин өзү эле Кыргыз кино индустриясынын жакшы жакка өнүгүп келе жатканынын көрсөткүчү болуш керек.

– Кайсы актёр же режиссёр менен иштешүүнү кыялданасыз? Бул тармакта сиз үлгү туткан адам барбы?

– Негизи андай кыялдарым жок. Эгер өзүбүздүн кино тармагындагы инсандардан айта турган болсок, Руслан Акун деген режиссёр агабыз бар, ошол киши менен иштешким келет.

– Соцтармактарда активдүү эмес окшойсуз? Көптөгөн кесиптештериңизге салыштырмалуу караганда...

– Ооба, соцтармакта абдан деле активдүү эмесмин. Ал жактагы жеке баракчаларымда анда-санда эле ишиме тиешелүү бир нерселер чыкпаса, көбү өзүмдүн күнүмдүк жеке жашоомдон эле үзүндүлөр.

– Хейтерлерди ооздуктоо мүмкүн эмес да, сизге кандай сындар айтылат?

– Кээде жеке баракчамдан видео жарыялап калганда ар кандай комментарийлер жазылып калат. Анан байкашымча, ошондой комментарий жазгандардын көбүнүн баракчаларын карасаң же аты жок, же сүрөтү жок, түшүнүксүз эле бирөөлөр. Же жаман комментарий жазыш үчүн атайын ошондой аккаунт ачып алышабы, айтор, билбейм. Анан ал нерсеге көп деле көңүл бурбайм. Албетте, бир аз ойлоносуң. Балким, чын эле ал адамга жакпай калгандыр же кандай деп өзүңдүн кадамыңды бир сыйра карап каласың...

– Сиз тууралуу эл билбеген бир кызыктуу факт айтып бере аласызбы?

– (Күлүп) Эми андай нерселерди айтпай эле коёюн. Негизи жеке жашоомду коомчулуктун назарына чыгарууну көп туура көрбөйм. А жакын адамдарым, досторум мен жөнүндө баарын эле билишет.

– Жашоодогу чыныгы мүнөзүңүз менен кинодо аткарган каармандарыңыздын мүнөзү окшошуп калган учурлар болобу?

– "Агатай" фильминдеги ролумду алып карай турган болсок, мага аябай эле окшош каарманым. Ал дагы көп сүйлөбөгөн, токтоо, оор басырыктуу адам. Сахнада жүргөндө деле байкасаңыздар керек, ал жактан деле көп сүйлөбөйм.

– Бош убактыңызда эмнелер менен алектенесиз? Кызыккан хоббилериңиз барбы?

– Негизи бош убакыт деле көп болбойт, бирок бош учурлар болуп калганда убактымды үй-бүлөм менен өткөргөнгө аракет кылам. Келинчегим менен сейилдеп, жаңы жерлерди кыдырып, кино көрүп дегендей.

– Алдыда кандай максаттарыңыз бар? Өзүңүздү таптакыр жаңы образда сынап көргүңүз келеби?

– Азимхан деген досубуз “Контора” аттуу сериал тартып жатат, ошол жакта конок оюнчу болуп тартылып жатам. Эмнегедир тасмада терс каарманды чагылдырып көргүм келет. Көрүүчүгө да, өзүмө да жаңылык болмок.

– Актёр болом деген адам, мисалы, азыркы жаштар эмнелерге даяр болушу керек экен?

– Чыгармачылыкка жаңыдан аралашып жаткандар эч качан үмүтүн үзбөй, талыкпай, тынбай иштеши керек. Анан бир аз атактуулукка жеткенден кийин эле өтө көтөрүлүп, көөп кеткен болбойт. “Эл тараза – эл сынчы” дегендей, эл канчалык бат бийик көтөрүп бапестесе, кайра ошончолук бат эле жерге түшүрүп коёт. 

 

Асел Нурбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1184, 22-28-август, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан