Ырчы Айбек Бакытбеков Орусияда “Ну-ка, все вместе!” музыкалык сынагынын финалдык кастингинен өтүп, сынакка катышууга жолдомо алды. Ырчы мырза көптөн бери көрүнбөй кеткен эле, аталган долбоор аркылуу сахнага кайттыбы? Тыныгуу алуусуна эмне себеп болду?
– Айбек мырза, кандайсыз? Көптөн бери көрүнбөй кеттиңиз эле, аталган сынакка кандайча катышып калдыңыз?
– Бул сынактан 2019-жылдан баштап кабарым бар. 2019-жылкы сынак учурунда мен Кытайда элем. Ал жакта “Кытай үнү” сынагына катышып жаткандыктан, бул сынакка катыша албай калгам. Кийин 3-сезонуна катышууга мүмкүнчүлүк жаралды, бирок Орусия жана Украинанын ортосундагы кырдаалга байланыштуу сынак үзгүлтүккө учурады. 4-сезонуна катышмак болуп фото, вокалдык чыгармаларымдын видеосун жөнөткөм. Бирок видеолордун форматы туура келбей, модераторлор ача алышпай, катышпай калгам. Ошентип 2 сезонуна катышпай калганга көңүлүм калган. Башка сынактарды караштырып, жеке жумуштарымды жүргүзө берейин деп кытайлык бизнесмендер менен иштешип жүрдүм. Сынактын 5-сезонунда Бек Исраилов, Азат Раимбердиев, 6-сезонунда Миңжашар Мурзаев катышып, ийгиликтерге жетишишти. Үчөө тең досторум болгондуктан мага “сынакка сен да катышып көрүшүң керек” деп сунуштай беришти. Анан макул болуп, барайын дедим. 7-сезондо катталууда мага “7” деген сан тийди. 7 санын кыргыздар ыйык тутуп, “жетинин бири кыдыр” деп коюшат го. Ошогобу, айтор, 7 саны ак жолтой болуп, финалдык кастингден өтүп, сынакка катышууга жолдомо алдым. Сахнага чыгып ырдоо үчүн 10 сааттан ашык ошол жерде жүрүп, чарчадык. Бирок даярдыгым жакшы болгондуктан өзүмдү татыктуу көрсөтө алдым. Башка өлкөлөрдөн барган катышуучулар “мыкты ырдадың” деп жатышты. 1-тур 4-сентябрда башталат. Жабык тартуу иштери 4-11-сентябрга чейин жүрөт. Бирок эфирге монтаж бүткөндөн кийин чыгарылат.
– Калыстардын катарында Сергей Лазарев, Николай Басков сыяктуу дөө-шаалар отурду. Лазарев сиздин финалга өтүшүңүз үчүн тамашалап Николай Басковдун колун “өпкөнгө” чейин барды... Мындай колдоо дем берсе керек?
– Калыстардын баарынын колдогону мага “сюрприз” болду. Мени 100 пайыз колдошот деп күткөн эмесмин, бирок жүрөгүмдө негедир бир ишенич турган. Сергей Лазарев ырчылардын улутуна, кайсы жактык экенине эмес, талантына карап баалаган калыс адам. Негизи сахнада 1 ыр ырдагандан кийин акапелла түрүндө дагы 2 ыр ырдатып жатышкан. Мени 1 ыр ырдатып өткөрүп, сахнадан кетирип жиберишкени да кубанычтуу болду. Мен өзүм да ишенбей “болдубу?” деп сурап жибердим.
Лазарев Басковдун колун “өөп”, анан мага “сенин талантыңды баалашы үчүн кандай гана кемсинүүгө барып жатам” деп жатпайбы күлүп. Басков да “жакшы ырдады” деди. Мактоолорду жакшы кабыл алдым. Мотивация болду чын эле. Эми сынакта болгон дараметимди, талантымды көрсөтүшүм керек.
– Атаандаштар да күчтүү. Аларды басып өтүүгө даярдык, ырлар, баары жакшыбы?
– Катышуучулар Испания, Боливия, Беларусь, Вьетнам, Казакстан жана башка өлкөлөрдөн баргандар. Арасында күчтүү ырчылар көп. Утканга, буюрса, көзүм жетип турат, бирок Жараткан кандай десе ошондой болот го деген да ойлор бар.
– Негизи эле акыркы жылдары сахнадан көрүнбөй калдыңыз...
– Мага АКШдагы, Европадагы, Кытайдагы музыкалык сынактарга катышууга сунуштар түшүп жатты. Бөлөм Кытайдагы Кыргызстандын элчисинин жардамчысы болуп иштейт. Анын чакыруусу менен Кытайдагы сынакка катышмак болуп баргам. Ошону менен катар ал жактагы университеттин кытай тили бөлүмүнө тапшырып, 3 жыл окудум. Кытай тилин 60 пайыз билип, сүйлөп калдым. Ортодо, жогоруда айткандай, 2019-жылы “Кытай үнү” сынагына катышып, турлардын баарынан өткөм. Алдыда финал гана калган болчу. Кытайда сынакка катышуу оор экен. Финалда утуп чыгып, наамдарга жетүү үчүн миңдеген көрүүчүлөрдүн добушун сатып алышың керек экен. Сатып алгандан кийин деле жыйынтык кандай болору белгисиз болуп турду. Ошого финалга катышпай чыгып кеттим.
– Билишимче, эл аралык сынактарга көп жолу катышкансыз? Бул сынактар сизге эмнелерди үйрөттү, кандай сабак берди?
– Андай сынактар менин такшалуума, тажрыйба топтоомо салым кошту. Өзүмдү дагы кантип өстүрүүм керектигин билдирип, көп нерсеге көзүмдү ачты. Чет элдик ареналарга кантип чыгууга болорун билдим. Сынактардан кийин мурдагыдан да жакшы ыр, клип тарттырууга, өзүңдүн деңгээлиңди көтөрүүгө аракет кылып калат экенсиң.
– Талант болбосо сахнада кармалып туруу кыйын дешет. Ырчылык өнөргө жөндөн-жөн эле келип калган эмессиз да, туурабы?
– Апамдын айтымына караганда, 3 жашымда эле үйдөгү буюмдарды колума микрофон элестетип кармап алып, ырдай баштаган экенмин. Кочкордо жашап турган кичине кезимде кой кайтарып жүрүп, аларды көрүүчүлөр деп элестетип, “концерт” коюп берчүмүн. Кийин Военно-Антоновка айылында жашап калганыбызда музыка сабагынан берген Светлана Анатольевна деген эжебиз талантымды, үнүмдү байкап, сынактарга катыштырып, ырларды жаздырып берип жүрдү. Кийин Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда Анара Жусупбекова деген мугалимибиз чыгармачылыкка жол көрсөтүп, акыл-кеңештерин айтып турду. Окуу жайды бүтөйүн деп калганда ресторанда жана тойлордо ырдап калдым. Апам медицина, атам аскер кызматкери болуп иштеди. Бирок атам 15 жашымда каза болуп калган.
Апам чоң сахнага чыкпаганы менен, комузда жакшы ырдайт. Атам тараптагылар да ырга шыктуу. Ошого талант мага 2 тараптан тең өттү го дейм.
– Сиздин оюңузча, кыргыз шоу-бизнесинин учурдагы "падышасы" ким?
– Менимче, Мирбек Атабеков 1-орунда турат го дейм. Мыкты жаш таланттар, анын ичинде рэп айткандар да чыгып келе жатышат. Чет өлкөдө көп жүргөн адам катары сырттан караганда баары айкын көрүнөт экен.
– Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз. Келинчегиңиз ким болуп иштейт? Үйдө тең укуктуулук өкүм сүрөбү?
– Келинчегимдин өзүнүн сулуулук салону бар, ошону иштетет. Үйдө кыргыз менталитетинин жактоочусу. Ошол эле учурда заманбап жашоодо жашап жаткандыктан, маселе жаралса экөөбүз кеңешип чечим кабыл алабыз. Оюбузду бири-бирибизге айтып, анын чечимин мен, менин чечимди ал сыйлап турат. Ошого үйдө тең укуктуулук өкүм сүрөт дейт элем.
– Алдыдагы сынактарда ийгилик жылмайып, мекенибизге жеңиш менен кайтышыңызга тилектешпиз!
– Чоң сынактын алдында абалымды сурап, дем бергениңиздер үчүн “Супер-Инфо” гезитине ыраазычылыгымды айтам. Ийгиликтер сиздер менен чогуу болсун!
Нуржамал Жийдебаева