Белгилүү актёр, өмүрүн чыгармачылыкка арнаган таланттуу инсан Руслан Курманалиев 53 жашында мезгилсиз көз жумду. Болуп-толуп турган убагында каза таап, жакындары сыздаса, аны тааныгандын баарынын ичи ачышып турат. Кесиптештери анын таланттуу актёр гана эмес, мыкты инсан болгонун да айтып эскеришүүдө.
Турусбек Жумалиев, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “Мен билген 35 жылда такыр өзгөрбөдү”
– 1990-жылдар эле. Мен анда Кыргыз драма театрынын алдындагы окуу жайда актёрлук чеберчилик боюнча сабак берчүмүн. Жыл сайын таланттуу балдарды окууга кабыл алчубуз. Алмазбек Сарлыкбеков, Советбек Жумадылов үчөөбүз кезектегидей эле улан-кыздарды кабыл алып жатсак, ыйманы ысык, кичи пейил, музыкалык аспаптарда ойной алган бир жигит келди. Монологу да даяр экен. Алмазбек бир жакка шашып жаткан эле, мага “ушул баланы ар тараптуу сынап көрчү, таланты бар жигит окшойт” деп дайындап кетти. Ошол жигит Руслан Курманалиев эле. Биз сынап көрүп, дароо эле кабыл алдык. Аябай жакшы окуду, кийин ата-баладай жакын болуп кеттик, үйлөнгөндө мени өкүл ата койду.
Руслан тууралуу айтсам сөз көп. Алгач көргөнүмдө кандай кичи пейил, жайдары, адамгерчиликтүү жигит болсо, кийинки 35 жыл бою эч өзгөргөн жок. Болбосо укмуш ролдорду аткарды, Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрында көркөм жетекчи болуп эмгектенди. Бирок такыр өзгөрбөдү. Боорукерлиги жанда жок болчу. Адамдын көңүлүн биринчи орунга коюп, адам эмес, кумурскага да зыян келтирбейин, тебелеп кетпейин деп аярлап жашап өтүп кете берди. Жашоодо ар кандай жагдайлар болот экен, кимдир-бирөөлөр Русландын жүрөгүн оорутуп койгон учурлар болду. Сырдашып отурганда айтып калчу. Андайда мен “акырын айтып, ордуна коюп коёюнбу?” десем, “жок, ата, тим эле коюңуз, ал да бир күнү туура эмес кылганын байкайт” дечү.
“Жакшы адам экени сыртынан эле билинип турчу”
– Жакында эле мен “Король Лирди” ойноп, ал менин күйөө баламдын ролун аткарган. Аны көргөнү Москвадан орус режиссёру келген эле, “мага оң каарман керек болуп жатат эле, ушул актёр оң каарманга жарашат экен” деп Русланды тандады. Дегеним, өңүнөн эле жакшы адам экени көрүнүп турчу да. Артында эки уул, эки кызы калды. Улуу кызын турмушка узаткан, андан кийинки баласы Москвада окучу, “аны жакында үйлөнтөм” деп жаткан. Үйүн жаңы куруп бүтүп, ушул жылы элден бата алып койсомбу деген тилекте эле.
Каргаша болгон күнү Руслан жашаган райондо электр жарыгы өчүп калат. Шамалдан улам электр чубалгысы ылдый түшүп калган окшойт, “көтөрүп коёюн” деп үйдүн чатырына чыгыптыр. Зымды кармаган учурда жарык күйүп, күчтүү ток урат. Байкушум, үйдө өзү жалгыз экен, баласы ошол маалда дүкөнгө кетиптир. Ал келсе, кулап калыптыр. “Тез жардам” чакырса, дарыгерлер “эбак каза болуп калыптыр” дешиптир. Ошентип жапжаш боюнча кете берди. Жаткан жери жайлуу болсун дегенден башка айлабыз жок эми.
Элдос Жумаев, актёр: “Жетекчи катары өзгөчө болчу”
– Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство институтунда окуп жатканда театрга келип жүрчүмүн. 3-4-5-курстарда театрдын жашоосуна активдүү аралаша баштагам. Ошол учурда Руслан байке биздин театрда көркөм жетекчи эле, мен окууну бүтүп келгенимде жумушка алган. Руслан байке жетекчи катары өзгөчө болчу. Чогулуштарда пикир келишпестиктер болгондо баарыбызды сабыр менен укчу. Эч кимге катуу айтчу эмес. Биз чет өлкөлөргө, Түркияга, Казакстанга чогуу барып келдик. Адамдын чыныгы мүнөзү сапарлаш болгондо билинет дешет го, өзгөчө мээримдүү адам эле. Ага-ини катары аябай жакын болуп калдык, кээде сырдашып калчубуз. Аны туурап пародия жазсам жылмайып гана койчу.
“Чогуу ашлян-фу ичпей калдык...”
– “Талант жана тагдырда” чогуу тартуу иштеринде болдук. Мен Ысык-Көлдүн Каракол шаарынан болом. Шашылыш болуп, кетерде “силерди коноктой албай калдым, Караколдун ашлян-фусунан ооз тийип койгулачы” деп ага акча которуп койдум. “Байкушум, ай, жөн эле койбойт белең” деп жазып жибериптир. Бир топ убакыт өткөндөн кийин “баягы сен которуп койгон акчага дагы деле ашлян-фу иче элекпиз, эми барганда ичебиз” деп калды. Караколго барып, тартуу иштери жүрөрүнө 3 күн калганда каза болуп калып жатпайбы. Руслан байкени өлүп калгандай такыр элестете албай жатам. Дайым күлүп жүрчү, азыр дагы күлүп кирип келчүдөй жадымда турат. Кесиптештер аябай жаман болдук. “Курандан башка айла жок” деп бири-бирибизди жубатып кала бердик.
Гүлмира Ташматова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “Жүрөгүм чыдабай калды деп арыз жазды эле”
– Русланды “Туңгуч” театрында иштеп жүргөндө тааныгам. Кийин Бакен Кыдыкеева атындагы театрда чогуу иштешип калдык. Аны тааныганыма 25 жыл болуптур.
Руслан аябай жумшак, жөнөкөй, адамгерчилиги бийик инсан эле. Канча жолу кинолордо, театрда чогуу роль ойнодук. Бир да жолу адамга катуу сүйлөп, кагып-силкип, каш кабагын бүркөгөнүн көрбөдүм. Бирөөнүн жүрөгүн оорутуп албайын деп аярлап турчу. Мен Бакен Кыдыкееванын ролун ойноп, Руслан Бакен эженин жакшы көргөн ашыгынын ролун ойночу. 14 жыл бою ушул ролдорду өнөктөш катары ойноп келдик. Кийин “менин жашым өтүп кетти, бул ролду жаштарга өткөрүп берейин” десем, ал дагы “мен да өткөрүп берейин” деп калды. “Сен мурда кандай болсоң, ошондой жапжаш эле турасың” десем болбой өткөрүп берип салды. Бирок жаш актёрлордун иши чыгып калганда, кээде өзү ойноп жүрдү. Ошол эле жылы “Чыңгыз жана Бүбүсара” тасмасында чогуу ойнодук. Айтор, тасмада болобу, театрда болобу, аял-күйөө же бирин-бири сүйгөн ашыктардын ролун ойноп калчубуз. Биздин театрда ролдорду ийине жеткире ойногон таланттуу актёрлордун бири болчу. Туулган күн, майрамдар ансыз өтчү эмес, анткени жакшы ырдачу. “Аппаксың, жаным, перидей” деген ырды суранып көп ырдатар элек.
“Таш менен урганды аш менен урчу”
– Көркөм жетекчи болуп иштеди, ар кандай маселелер чыгат да. “Руслан, минтип эле салбайсыңбы?” десем, “ий, жок, андай болбойт го” деп койчу. Таш менен урганды аш менен уруп эле басып жүрчү. Мисалы, бирөө мага жаман мамиле кылса, андан ашыкча кылып жообун берем. Ал эч анте албайт эле. Бир күнү “көркөм жетекчи болбойм, жүрөгүм чыдабай калды. Тынч эле ролдорумду аткарып жүрө берейинчи” деп арыз жазып келди.
Акыркы жолу эмгек өргүү бүтүп, жумушка барганда чогулуштан көрдүм. Сыртта отурсам, келип ал-жай сурашып жанымда бир аз отурду. Жакында эле портретке түшүүгө чакырылганбыз, мен эрте барып сүрөткө түшүп кетип калгам. Руслан кеч барган окшойт, кетип баратып Жамиля деген кыздан “Гүлмира менен Сакиш кетип калдыбы?” деп сураган экен. Ошол акыркы суроо-жооп болгон окшобойбу. Ошол боюнча көрүшкөн жокпуз.
Соңку сөз ордуна...
Руслан мырза биздин гезитке 2022-жылы маек берип, анда чыгармачылыгы тууралуу кеңири айтып берген эле.
– Мени көбү мээримдүү, жумшаксың дешет. Менде бардык мүнөз бар деп ойлойм, анткени эмоциясыз актёр боло албайсың. Атам эрте каза болуп, алты бир туугандын улуусу катары эрте токтолдум. Бирок балдарыма өтө жумшак атамын, төрт баламды жөө жүргүзбөй бакчага, мектепке ташып эле жүрө берем (күлүп),- деген болчу.
“Супер-Инфо” гезитинин эмгек жамааты Руслан Курманалиевдин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Нуржамал Жийдебаева