Эмнеге адам күзүндө депрессияга кабылат?

Эмнеге күз келгенде эле “күзгү депрессия болуп жатам” деген сөздөрдү уга баштайбыз? Бул тамаша десеңиз, жаңылышасыз. Анткени чынында эле күз мезгилинде бир катар адамдар депрессияга кабылышат. Эмнеге? 

 

Себептери

Мезгилге жараша пайда болгон депрессия түрү илимде “сезондук аффективдүү бузулуу” деп аталат. “Күзгү депрессия” кесепети жаман оорулардын катарына кошулбайт. Бирок ага кабылууда белгилери жагымсыз сезимдерди жаратышы мүмкүн. Эмнеге күзүндө депрессия абалы жаралат? Анткени адамдын жашоо образында өзгөрүүлөр орун алат. Күн кыскарат, күндүн нуру азайганда адамда мелатонин гормону көбөйүп, серотонин гормону азайып кетет. Мелатониндин негизги кызматы – адамдын уйку фазасын жөнгө салуу, караңгы кирди, демек, организм укташы керектигин билдирүүчү гормон. Бекеринен ал “уйку гормону” деп аталбайт. Күзүндө мелатонин көбүрөөк бөлүнө башташынан улам адамда уйкусу келүү, шалдыроо абалы жаралат. Серотонин гормонунун кызматы да чоң. Ал – тынч уйку, жакшы маанай, тамак-аш сиңирүү системасынын ишине жана башкаларга жооп берет. Бул гормон азайганда адамдын маанайы жок, тынчсыздануу, агрессия, көңүл буруунун жоктугу, стресс, депрессия абалына алып келет.

Депрессияга алып келчү башка себептер да бар. Мисалы, жаратылыштагы өзгөрүүлөр. Жайында жашыл түскө боёлуп турган айлананын өңү бозоруп, бак-дарактар “чечинип” жалбырактары түшө баштайт. Күн сууктайт, жаан-чачын көбөйөт. Тамак-аш рационундагы жайкы мөмө-жемиш, жашылчалардын саны кыскарат. Бул факторлордун баары аздап чогулуп отуруп адамдын маанайына таасир этүүсү мүмкүн.

Кимдер көп кабылат?

Күзгү депрессиянын алгачкы белгилери сентябрь айында пайда болуп, октябрь, ноябрь күчөп кетиши ыктымал. Ал эми суукту жаман көргөн адамдарда сезондук депрессия кыш аяктаганча, жаз келгенче улана берет дешет психологдор. Статистикага ылайык, сезондук депрессияга 17 жаштан 45 жашка чейинки адамдар көп кабылат. Эркектерге караганда айымдар депрессияга туруксуз келишет.
Негизи, күз мезгили эле эмес, башка жыл мезгили алмашканда да депрессия абалы жаралат. Бирок башкалардыкы күздүкүнө караганда белгилери "жумшак" өтөт.

Белгилери

* Маанай өзгөрөт: кубана турган нерселер азайгандай сезилет. Майда-барат нерселерге нерв болуп, тынчсыздануу, коркуу сезими орун алат.

* Кызыгуулар азаят: эч нерсе жасагысы келбей, эч жакка баргысы келбей, үйүндө эле жаткысы келет.

* Уйку режими өзгөрөт: эртели кеч уйкусурайт же тескерисинче, уйкусу качат.

* Энергия жок, шалдырап, бат чарчап калгандай сезим болот.

* Тамакка табит өзгөрөт: көбүнчө углеводдуу тамак-аштарга тартып калат. Айрымдар тамак жегиси келбей калышы мүмкүн.

* Көңүл буруу бузулат: эске тутуу начарлап, бир нерсеге жакшы көңүл бура албай калат.

Депрессия учурунда жардамга келчү ыкмалар


1. Жакшы уйку. Негизи эле көп ооруну алдын алчу эффективдүү ыкма – бул уйку. Күнүгө 22:00 менен 23:00дүн ортосунда уктоо керек. Эртең менен 6:00 менен 7:00дүн аралыгында турууну адатка айлантыңыз. Уйку тынч жана 7-8 сааттан кем болбошу зарыл.

2. Эртең менен ойгонгондон кийин төшөктө жата бербей, эшикке чыгыңыз, кыймылдаңыз, сейилдеңиз, күн нурунда болушунча көбүрөөк болгонго аракет кылыңыз.

3. Ашкана менюсунда табигый антидепрессант азыктар болсун. Алар серотонин гормонунун жетиштүү деңгээлде иштелип чыгышын камсыз кылат. Боор, капустанын түрлөрү, сулу, гречка, куурулбаган жаңгак түрлөрү, ашкабак, коон, банан, цитрус жемиштери, балык түрлөрү жана башка.

4. Спорт. Өзүңүзгө жаккан кайсы спорт түрү болбосун машыгыңыз. Жакканы жок болсо, табылгыча издеңиз.

5. Үйүңүздү, иш ордуңузду таза, тыкан, жыйнактуу кармаңыз. Чачылып жаткан жер да адамдын маанайын түшүрөт

6. Медитация да жардамга келет: йога, бий, тынчтыкта отуруу, сейилдөө, аффирмация угуу, бий, музыка. Айтор, жан дүйнөңүзгө тынчтык тартуулаган нерсе менен алек болуңуз.

7. Күндөлүк. Бир күн ичиндеги күн тартибин жазыңыз, эмне окуялар болду, кайсы учурда тынчсыздандыңыз, ким же эмне жакпай калды, же жакты, ыңгайсыз көз ирмемдер... Күндөлүккө жазуу менен ичиңиздеги оң-терс эмоциялар менен бөлүшөсүз, күндөлүккө айтып берип болсо да жеңилдеп каласыз. Күндөлүк сизге тынч, бекем, ишенимдүү угарман болуп берет.

8. Жарыкка жакын болуңуз. Үйдө, жумуш ордунда жарык тийген шам чырактар болсун, күңүрт түс адамды депрессияга чакырат.

9. Ачык түстөгү кийим кийиңиз. Конокко, кафеге барганда эле кием деп шкафка жакшы кийимдерди “сүрсүтүп” коюу жарабайт. Келечекке жылдырбай бүгүнкү күн менен жашаңыз. Өзүңүзгө жаккан, жарашкан ич кийим кийип алсаңыз деле ал кийим маанайыңызга жакшы таасир берет.

10. Өзүңүз да таза жүрүңүз, эринбей жуунуп, чач жасалгаңызга, келбетиңизге көңүл буруңуз. “Мени ким карап жатты эле?” деген ойду алыс кууш керек. Сиз алгач өзүңүз үчүн жасаныңыз. Жасанып, тыпырайып туруп күзгүгө карансаңыз. Кандай сулуу, келишимдүү адамсыз! Сиздей адам дүйнөдө бирөө эле, уникалдуу экениңизди унутпаңыз.

Кайсы учурда врачка кайрылуу зарыл?

Сезондук депрессия көпчүлүк учурда өзү өтүп кетет. Бирок депрессияга туруштук бере албай калган адамдар да бар. Аларда депрессиянын келип чыгуу себептери да көп болушу ыктымал. Адам узак убакыт бою апатия абалында болсо, уйкусу качып, баш оорусу өнөкөткө айланса, көңүлү эч нерсеге чаппай, жашоого болгон кызыгуусу такыр өчүп калса сөзсүз адистерге (невролог, психолог, психотерапевт) кайрылуу зарыл.

 

Асыл Орозбекова     

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1186, 5-11-сентябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан