КЫЗЫКТАРГА БАЙ ТАИЛАНД

Таиланддын, өзгөчө Паттайя шаарынын түнкү жашоосу, акылга сыйбас шоу-кечелери тууралуу кенен сөз кылабыз дегенбиз. Ошол убадабыздын өтөсүнө чыкмакчыбыз.

Бул Паттайядагы Нонг-Нуч багы. Мындай керемет бак менен Волкин-стрит көчөсү бир шаарда турганына ишенгиң келбейт.
Өзүн буюм катары сатыкка койгон кызы да, эркеги да, башкасы да бар.
Сулууларды карап, булардын эркек экенине ишенбейсиң.

“ТҮНКҮ КӨПӨЛӨКТӨРДҮН” БААСЫ КАНЧА?
Паттайяда түн менен кошо кайнаган жашоо башталат. Кадам сайын эс алуучу жайлар, ачык асман алдындагы кафе-барлар. Шаардын башка аймактары бир тең да, Волкин-стрит көчөсү бир тең. “Даңазасын” уккандыктан, кызыгуубуз артып, барбай коё албадык. Бирок көргөндө... “Шумдугуң кур”. Биз өңдүүлөрдүн оозуна биринчи келгени эле ушул болсо керек. Алматыдан жөнөгөнүбүздө таанышып, тил табышып калган казак жигити Ришат да ал көчөгө биз менен чогуу барды. “Бизге жан сакчы болосуң” деп тамашалап келгенбиз. Кайдан? Ал бизге эмес, биз Ришатка жан сакчы болдук көрүнөт. Жолду бойлой катарынан тизилген “түнкү көпөлөктөр” жабалактай “мени танда, мени танда” деп жалынып-жалбарып жатышты. Өздөрүн саатына 20дан 50 долларга чейин баалашат экен. Миң түркүн кыздар. Бою узуну, кыскасы, ак жүздүүсү, кара торусу, тайы, кытайы, япон, орус деги укмуш. Андан да жагымсызы, кыздар менен жарыша өзүн сатып эркектер жүрөт. Ал эми кыздай кийинген транссексуалдардын өз кызматын сунуштаганын көрүп, тил ооздон каласың. Айтор, бул көчөнү “шайтан көчө” деп койсо болчудай.

ТАҢ КАЛЫЧТУУ ШОУ-КЕЧЕЛЕР
“Өз кызматын” сунуштагандар эле эмес, бул көчөнүн секс шоу-кечелери да шумдук. Саякатка аттанарда Паттайядагы “Пинг Понг”, “Леди Бойс” сыяктуу шоу-кечелер тууралуу маалымат алганбыз. Журналист болгон соң мындайды миң уккандан бир көргөн деп баягы казак дос Ришатты ээрчитип, аталган шоулорду да көрдүк. Кыскасы, адепти жыйыштырып койгондор мындай тамашалардан чексиз ырахат алышат экен.

ПАТТАЙЯНЫ АМЕРИКАЛЫК ЖООКЕРЛЕР ТҮЗГӨНБҮ?
Баса, эмне үчүн тайлыктар “Паттайя Таиланд эмес” дешет? Бул тууралуу сураганыбызда гид түшүндүрүп берди. Көрсө, Вьетнам согушунда америкалык жоокерлер дал ушул жерде көңүл ачышчу тура. Алар батыштын агымындагы бардык эс алуучу, көңүл ачуучу оюн-зоокторду башташат. Жан багуунун айласын кылган элеттик тайлар болсо, тейлөө иштерине агылып келе башташат. Жоокерлер үчүн жыргал жашоо күн санап өнүгөт. Кыздар, секс жана сыра. Согуш бүткөндөн кийин бул жай туристтердин кызматына өтөт.

УБАКТЫЛУУ ЖУБАЙЛАР КАНЧА ТУРАТ?
Коомдук унаада, көчөдө, кафеде, пляжда деги койчу, кайсы жер болбосун, мотурайган жаш тай кызы менен 60-70 жаштардагы туристтин жетелешип жүргөнүн көрөсүң.
Сураштырсак, бул жерге туристтер, айрыкча европалык мырзалар келип, оңой эле тай кыздарын убактылуу жубай кылып алышат экен. Карыган чалдардын коюнуна жаш кыздарды акчанын күчү азгырат да. Мындай убактылуу күйөөлөр кыздарга айына 5 миң доллардын тегерегинде төлөп беришет экен. Мындан тышкары эс алуусун, тамак-ашын, жашаган жерин камсыздайт. Ал эми айымдан аялдын милдетине кирген бардык кызматты аткаруу талап кылынат.

СОҢКУ СӨЗ
Эл көрүү, жер көрүү бул өзү керемет. “Супер сулуу-2010” сынагынын жеңүүчүсү Бурул Бакытбек кызы экөөбүзгө мындай сонун мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө кубандык. Себеби биз не деген кооз, экзотикалуу жерлерди, укмуштуудай сейил бакты, жаныбарларды көрүп, суктанып “ушул керемет бизде да болсо” дедик. Бирок оң менен терс бирге ширелишип жүрөт го. Жосунсуз жоруктарды көрүп, бизде мындай жок экенине тобо кылдык.

(Таиландга болгон саякаттын видеоверсиясын жакында сайтыбыздын "СуперТV" бөлүмүнөн көрө аласыздар)

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
kubzero
2014-12-18 12:25:33
Ooba aitkandai ele bizde jaman nerse joguna men da yraazymyn
0
№ 435, 4-10-март, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан