Тоок эти менен кесадилья
Керектелүүчү азыктар:
1. Тооктун төш эти – 300 грамм
2. Болгар калемпири, пияз – 2 даанадан
3. Чили калемпири – 1 даана
4. Сарымсак – 3 тишче
5. Помидор – 2 даана
6. Кинза – 1 талча
7. Лайм – 0,5 даана
8. Тортилья (калыңыраак лаваш) – 6 даана
9. Туз, мурч, калемпир – татымына жараша
10. Кумшекер – 1 чай кашык
11. Чеддер сыры – 200 грамм (же башка катуу сорттогу сыр)
12. Өсүмдүк майы – 60 миллиграмм
Даярдоо ыкмасы:
1. Этти жалпак, ичке кылып кесип алып, үстүн майлап, туз, мурч себелейбиз. Бетин тамак-аш плёнкасы менен жаап, маринаддалышы үчүн 15 мүнөт коёбуз.
2. Көмөчтанга майды куюп, эттин 2 тарабын кызартып кууруп алабыз.
3. Пияз, болгар калемпирлерин, чили жана помидорду бирдей өлчөмдө ирик, сарымсакты майда кылып туурайбыз. Майга алгач болгар калемпирлерин салып кууруп, аягында пияз, чили, сарымсакты кошобуз. Аралаштырып, үстүнө тууралган помидорду кошуп жиберебиз.
4. Этти узунунан иригирээк, кинзаны майда туурап, куурулуп жаткан жашылчалардын үстүнө кошобуз. Калемпир, кумшекер, лаймдын ширесин кошобуз.
5. Сырды сүргүчтөн өткөрөбүз. Кургак көмөчтанга тортильялардын 2 тарабын кактап алабыз. Эми бетине куурулгандарды, сырды салып, 2ге бүктөп, 200 градус ысып турган духовкага салып, тортильялар кызаргыча кармайбыз. Кесадильяны каймак менен дасторконго сунабыз.
Омлеттүү круассан
Керектелүүчү азыктар
1. Круассан – 4 даана
2. Тооктун төш эти (филе) – 300 грамм
3. Каймак май – 25 грамм
4. Кумшекер, мурч, туз – бир чымчымдан
5. Жумуртка – 4 даана
6. Шампиньон – 100 грамм
7. Ак шарап уксусу – 20 миллилитр
Даярдоо ыкмасы
1. Тооктун төш этин сууга бышырып, жумурткаларды чуңкур табакка чагып, чалып алабыз.
2. Эт жана козу карын майда төрт чарчы тууралат.
3. Көмөчтанга каймак майды салып, эт менен козу карынды кууруйбуз. Үстүнө уксусту себелеп, туз, мурч салып, капкакты жаап 2-3 мүнөт коё турабыз.
4. Андан соң үстүнө чалынган жумуртканы куюп, туз, мурч, кумшекер салып, бышкыча капкагын жаап жай отко коёбуз.
5. Круассандарды кыска толкундуу меште же духовкада бир аз ысытып алып, бир капталын кесип, ичине эттүү омлетти салабыз. Тамагыбыз даяр! Эртең мененки тамактанууга сонун рецепт.
Шотландия ыкмасында бышырылган жумуртка
Керектелүүчү азыктар:
1. Жумуртка – 6 даана
2. Уй этинен фарш – 500 грамм
3. Пияз – 1 даана
4. Ун – 3 аш кашык
5. Өсүмдүк майы – 200 грамм
6. Үбөлөнгөн нан күкүмдөрү – 6-7 аш кашык
7. Туз, мурч – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы
1. Пиязды сүргүчтөн өткөрүп, фаршка кошобуз. Үстүнө 2 жумуртканы чагып, туз, мурч, унду кошуп аралаштырабыз.
2. 4 жумуртканы сууга бышырып, кабыктарын аарчыйбыз.
3. Фаршты 6 бөлүккө бөлүп алабыз.
8. Сууга бышкан жумурткаларды фарш менен ороп, тефтели сымал көрүнүшкө алып келебиз. Анан үбөлөнгөн нан күкүмдөрүнө оонатабыз.
4. Аягында майга сыртын кызартып кууруп алабыз.
Картошка, буурчак менен жасалган самосалар
Керектелүүчү азыктар:
1. Ун – 500 грамм
2. Картошка – 150 грамм
3. Консерваланган көк буурчак – 150 грамм
4. Сары май – 3 аш кашык
5. Зире, майдаланган чили калемпири, мурч, куркума – каалоого жараша
6. Имбирь – 20 грамм
7. Кориандр – бир чымчым
8. Кинза – 2 талча
9. Өсүмдүк майы – 100 грамм
10. Туз – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы
1. Картошканы сууга бышырып, кабыгын аарчып, эзип алуу керек.
2. Көк буурчакты суусунан сарыктырып сүзүп алабыз .
3. Камырды катуураак жууруйбуз.
4. Көмөчтанга сары майды салып эритип, зирени салып 15 секунд кууруйбуз. Ага майдаланган имбирь, майда тууралган чили, куркума, кориандар, тузду кошуп, 1 мүнөттөй кууруйбуз. Үстүнө майда тууралган кинзаны кошуп, аралаштырып эле оттон чыгарабыз. Булардын үстүнө эзилген картошканы кошуп аралаштырсак толтурмабыз даяр.
5. Камырды 8 бөлүккө бөлүп тегерек кылып жаябыз. Ар бирин экиге бөлүп, ар бир бөлүгүн кулёктой кылып формага келтирип, ичин толтурма менен толтурабыз. Четтерин чымчып бириктиребиз.
6. Казанга майды куюп, самосаларды бышырып алабыз.
Канымжан Усупбекова