(Башы өткөн сандарда)
– Жаш бекен?
– Жаш болгондо да кандай дейсиң...
Мариям көз жашын араң жутту. Күйөөсүнүн жашоосунда башка бир адам бар экенин эми араң кабыл алып жатса, элдин бардыгы билгени, ал түгүл алар тууралуу легендалар токулуп жатканы мээсине сыйбай жатты. Качан жетти мындай абалга?
– Элдин көзү тийди го ушу...
– Койчу ай, сен да орустун кемпирлерине жүгүрбөйт болушуң керек, мындай нерселерге ишенип алып...
Ичинен айткандай болгон, бирок угузуп айтып алыптыр. Мариям курбусун жалдырап карап отуруп калды. Сания ушундай, бычактай курч, кескин, эч бир аяп коёюн дебейт. Ачык, так, сөөгүңө жеткире айтат.
– Акбар мындай кылбайт эле...
– Хе, эркек аттуунун баары ушундай. Баналдуу көрүнүш, бирок байкуш бардык аялдар ойлошот “меники мындай кылбайт эле, бир шуркуя башын айлантып алды” деп. Мен сага бир нерсе айтайынбы?
– Жок, айтпа.
– Айтайынчы.
Мариям жаштуу көздөрүн сүртүп бырс күлдү. “Ии, айт” дегендей колундагы салфетка менен көз жашын сүрттү. Тиги колун шилтеди.
– Айтпайсыңбы?
– Азыр сен реалдуулукту уга тургандай абалда эмессиң. “Карс” деп сынып, ушул жерден инсульт же инфаркт болуп, мен сени врачтарга сүйрөп ызы-чуу болбойлу. Сага кийин айтам.
– Сен эмнеге эркектерге мынча ызалуусуң, курбум?
– Хм, менби? Анткени сен азыр кептелип жаткан абалды мен 10-15 жыл илгери эле баштан өткөрүп койгом. Эркектер кандай калк экенин мен төрөлгөндөн эле билем. Алардын табияты белгилүү, алар биринчи сени алдайт, сындырат, мокотот. Анан таштандыга ыргытып салып, жаңысын издеп кетишет. Мен үч жолу турмушка чыктым, билесиң. Бардыгы ошол сценарий менен аяктады.
– А менин биринчи эле күйөөм, сендей тажрыйбалуу болуш кайдан мага...- деп Мариям улутунуп койду.
Сания аны карап бир чети боору ооруса, бир чети жини келип турду. Мариямды ал жакшы көрчү, бирок башынан эле анын күйөөсүнө аябай берилгенин жактырчу эмес. Балким, аялдык ичи тардык сезимден болсо керек. Өзү тарсылдап жүрүп кура албаган бактылуу үй-бүлөнү ушул козудай жумшак, коёндой коркок Мариям курганына кээде чын эле ичи тардык кылмайы бар эле. Мына, анын да бактылуу жомогу бүтүп калыптыр. Бирок сүйүнө албады, Мариямга боору ооруду.
– Ким экен ал?
– Акбардын жаңы тапканыбы?
– Ооба.
Бул сөз дагы бир жолу жүрөгүн тилип кетти. Тиги сезген да жок. Телефонун чукулап жатып сүрөтүн таап берди. Мариям куду колуна бомба алып жаткандай коркуу менен алды телефонду. Көздөрү чоңоюп барып, оозун баса калды. Экранда кызынан кичүү бийкеч карап турат. Супсулуу, жапжаш.
– Койчу, ушулбу?
– Ушул.
– Сен кайдан билесиң?
– Муну ким билбейт. Ырчы кыз. Бир учурда жарк этип чыккан, кийин жок болуп кетти. Жашоосунда бир оор абалдар болгонбу, айтор, анысын так билбейм. Аны кийин өзүң териштирип аларсың. Аты – Айкөл. Таланттуу кыз экен. Ачыгын айтсам, бул кыз сенин Акбарыңа эч кандай көз салбаптыр. Тескерисинче, андан качыптыр. Башында ошондой болуптур, бирок азыр...
– Менин Акбарым дечи. Эбак эле меники болбой калганын эл билип, мен билбей жүргөнүмдү карачы,- деп өзүн-өзү шылдыңдай берди Мариям. Курбусу берилүү менен баянын айтып жатты.
– Бир жыл мурун уу-дуу катуу кептер болгон, анан эле токтоп калды. Кыз жоголуп кетти. Бирок Акбарың аны айылдан болсо да таап, кабарын алып, жардам берип жүргөн экен. Эми мен жанында жетелеп жүргөн жокмун дечи, эл айтып жүрөт.
– Кимдер?
– Жанында жүргөндөр эле да.
– Хм, сенин абышкаң, демек...
– Менин абышкамдан башкалар деле айтышты.
– Бир жыл болуптурбу?
– Ооба, бул окуяга көп болду.
Аял эмне дээрин билбей калды. Тек тиги кыздын элеси көз алдында. Аны Акбар менен эч элестете албады. Кызынан да кичүү экен. Кызын ойлогондо жаны ого бетер кыйналып кетти. Атасына дайыма сүйүп караган көздөрүн эстеди. Андан кийинки үч баласы көз алдына тартылды. Акыры тиги кыз менен Акбарды элестеткенде кускусу келип кетти. Оо, Жараткан, бул эмне деген сыноо эле? Ичинде түрдүү сезимдер фейерверк болуп атылып жаткансыды. Ыза, таң калуу, кызганыч, буркан-шаркан түшкөн жапайы бир сезим. Бирок ушул сезимдердин эң оору – аялдык намысынын сынганы болду. Ичиндеги бир үн таң кала “сен ушул белең?” деп жатты Акбарга.
– “Көл деп ойлоп жүргөн адамыңдын көлчүк экенин билгениң жаман тура”. Кызык, жакында эле ушул сөздү бир жерден окудум эле. Чындыгында оор тура.
– Мариям, курбум, эми сен өзүңдү колго ал. Билем, кыйын сага, бирок бул согушта ким акылдуу болсо жеңип чыгат.
– Кайдагы согуш? Ким менен эмне деп согушат элем ушул жашта...
– Баналдуу эле согуш! Ар бир аял жашоосунда жеңип же жеңилип келе жаткан, эзелтеден келе жаткан куралсыз согуш. Кээде курал да кошулуп кетет дечи. Сенден мурункулар да, сени менен теңдер да, сенден кийинки аялдар да ушул жолдон басып өтүшөт.
– Сен айткан окуяларда согушсуз жеңилип бергендер болгонбу?- деди чарчаңкы үн каткан аял.
Сания таң кала тиктеди.
– Сен үй-бүлөңдү сактап калбайсыңбы? Ушунча жылдар эмгек кылган нерсеңди бир кызга кармата бересиңби? Сен Акбардын аялысың! Ал ким? Ал кадимки эле меникиндей катардагы күйөө эмес. Ал кетсе, көп нерсе кетет. Байлыгың, кадырың, ушунча жыйып-терип келген балдарыңа деген мээнетиң... Ошонун баарын согушсуз кармата коёюн дейсиңби?
Мариям тиги кызынан да кичүү неме менен кантип согушарын эч элестете албады. Мээсине да киргизе албады. Телефондогу Айкөлдүн сүрөтүн кайра карамакчы болду эле, телефондун экраны жабылып туруптур. Саниядан ачып беришин суранган жок. Намыс кылды. Ал кыздын элеси эми көзүн жумса да көз алдынан кетпесе керек. Кайра-кайра караганда эмне.
– Мен кетейин.
– Коё тур, бул тамакты ичип алайын. Сен эми көп убакыт тамак иче албайсың, а мен бул жерде сатып алган тамактарды убал кылбай жеп салайын. Берчи, телефонумду.
Мариям айла жок башын чайкады. Тамактарды рахаттана жеп, ал ортодо телефон аркылуу бирөөлөр менен кызуу сүйлөшүп, талашып-тартышып жаткан курбусуна суктанып кетти. Анын жеке жашоосу бардай сезилди. Ал эми өзү Акбарга байланып алган экен. Аябай байланыптыр. Ансыз дем ала албаган абалга жеткен тура. Ал Санияны карап турду. Азыркы турушунда тоо ордунан жылып кетсе да, ага эч нерсе болбочудай сезилди. Бир уулу бар, ал мурунку турмушундагы күйөөсүндө калган. Аны байлай турган, жанын ачыта турган эч нерсе жок. Өз кызыкчылыгы менен жашайт, жумушу бар, ал тургай үйү да өзүнүкү. А Мариямда ажырашып кетсе эмнеси калат? Нөл! Бир учук жип да анын атына жазылган эмес. Ичиркенип кетти. Кеткиси келип курбусун караса, Сания эми араң тамагын жеп бүтүп, десерт заказ кылып жатыптыр.
– Сен дагы тамак ичесиңби?
– Ии да, бул ресторандын таттууларын жебей кетиш күнөө го. Сага да айтайын, ачууну таттуу менен бас.
Сания каткырып Мариямды кучактай берди.
– Эч нерсе эмес, сага азыр оор, түшүнөм. Бирок өтүп кетет, курбум. Мага ишен...
(Уландысы кийинки санда)