Шорпо тоңдуруу
Тоңдургучка салынган шорпону 3 айга чейин сактаса болорун билесизби? Пайдалуу шорпону күндө кайнатууга убакыт да керек. Андыктан бир ирет көп өлчөмдө кайнатып, керектүүсүн колдонгондон кийин калгандарын чакан контейнерлерге куюп (баарын бир жылытпай, керектүү өлчөмдө гана алуу үчүн) тоңдургучка салып коюңуз. Контейнерге мелт-калт кылып толтурбаңыз, анткени суюктук тоңгондо өлчөмү көбөйөт.
Жашылчаларды тоңдуруу
Тамакка кошо турган түрдүү жашылчаларды: көк пияз, ашкөк, петрушка, кинза жана башкаларды майдалап туурайбыз. Атайын муз тоңдуруучу форма керек. Майдаланган жашылчаларды формаларга жарымынан салып, үстүнө толтура суу куябыз да, тоңдургучка салабыз. Тамак жасаарда, формадан бирден алып колдоно бересиз. Убакыт да үнөмдөлөт, жашылчалар да жакшы сакталат.
Кондитердик азыктар
Кондитердик азыктарды бышырганда листке же атайын формага түбү жабышып калат деп кооптонуп жатасызбы, колуңузда пергамент кагазы жокпу? Анда төмөнкү кеңешти колдонуңуз. Листти же башка формадагы идишти майлап, ун себелеп коюңуз. Андан кийин гана камыр салсаңыз, түбү жабышпай бышат.
Дан азыктарын сактоо
Дан азыктарын (күрүч, буурчак жана башка) көп өлчөмдө алып коёюн десең курттап кетет деп коркосуң. Бул учурда кадимки гвоздиканы алып, жакшылап майдалоо керек. Майдалагандан кийин чүпүрөк баштыкчага салып, сактай турган дандын арасына салып коюңуз, курт-кумурска жолобойт.
Лимон менен тазалоо
Тамак-аш туураган тактайды химикатсыз тазалоо керек. Ал үчүн бир лимондун жарымын кесип алып, тактайды сүртүп коёбуз. 10 мүнөттөн кийин таза суу менен чайкоо керек. Ал эми лимондун ширеси менен газ, плитанын үстүн тазалап жууса да болот.