Бул окуя кокусунан колубузга тийди. Арадан көп убакыт өтсө да аны жазып чыгуудагы биздин максат – кимдир бирөөнүн жарасын чукуу эмес, суктанарлык сүйүү баянын элге жарыя кылуу, руханий азык тартуулоо. Анда кеп башынан болсун.
Фотоновелла бул баяндын гезитке жарыяланышына түрткү болду.
ТЕЛЕФОН ЧАЛУУ
Гезитибизге жарыяланып жаткан “Тагдыр оюну” фотоновелласы эсиңиздедир. Эгерде эсиңизде болбосо, айта кетейин. Анда жигиттин дартынын оор экенине карабай сүйгөн кызы аны менен бирге болууну чечет. Редакцияга телефон чалган Жеңиш байке дал ошондой тагдыр чыныгы турмушта болгонун, ал тагдырдын ээси өзүнүн бир тууган агасы экенин айтты. Жеңиш байкеге жолугуп, ал окуя тууралуу өз оозунан уктук:
– Гезитиңерди окуп отуруп окуянын окшоштугуна таң калдым. Бул окуя көптөн бери жүрөгүмдү өйүп жүргөн нерсени эске салды. Менин агам Турарбек Жумалиев өзгөчө таланттуу жигит эле. Эгерде өмүрү узун болсо, элдин сүймөнчүк уулдарынын бири болмок. 8-класста эки өпкөсүнө суук тийип, кургак учук дарты жабышты. Тагдырына да, өнөрүнө да балта чапкан ушул оору болду,- дейт Жеңиш ага.
ОКУУЧУ КЕЗИНЕН СҮЙҮП...
Окуянын каармандарынын бири Жеңиш байкенин агасы Турарбек болсо, экинчиси кыргыздын чыгаан актёру, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун карындашы Насихат экен. Насихат бул жылдары агасы Намырбектин үйүндө жашап, борбордо окучу. Ал эми Турарбек ошол жердеги жатаканалардын биринде жашачу. Анын көңүлү күндө портфелин колуна көтөрүп өтүп бараткан кызга бурулат. Кыз дүйнөсү сезимтал келет эмеспи, көңүл буруп жаткан жигитке күндөн-күнгө тартылып, көз менен сүйлөшүүлөр күчөйт. Ал көз караштар бара-бара ысык мамилеге айланат.
– Негизи, Чокморовдордун үй-бүлөсү спортко жакын келишет. Кыргызстандагы алгачкы футболчулар Алмаз менен Марс Намырбек аганын балдары эмеспи. Ал эми Насихат волейболду жакшы ойночу экен. Анын топ ойноп жаткан учурун тиктеп отуруп, агам мындай ыр чыгарыптыр:
Жайдын кечи көрккө бөлөп асманын,
Кызыл-жашыл түскө бөлөп баштарын.
Салкын желге саамай чачың багынса,
Сага карап сан ойлорго батканмын.
Эсиңдедир ошол сонун күүгүмдө,
Сен топ ойноп, мен куттуктап жатканым.Эркин күлкүң жамалыңдан төгүлүп,
Мага кетет оюнуңдан бөлүнүп.
Толуп жаткан топ ойногон кыздардан,
Өзүң гана, өзүң жалгыз көрүнүп.Оюңдадыр менин балкып турганым,
Карай салсаң зор бакытка чөмүлүп.
Жүгүрүүдө ойноп жатып туйбадың,
Жүрөгүмдүн ыр чыгарган кылдарын.Ах, умтулган колдоруңдун кыймылы,
Айт дегенсийт ак тилектин сырларын.
Сездиң бекен ошондогу жүрөктүн,
Оо, Насихат! Сен дегенин сырларын?Ажырашсак улам-улам жазып кат,
Көрүшсөк деп турчу элек кайра бат.
Сагынышып түн койнуна бөлөнсөк,
Сааттар өтүп күбө болчу кара бак.
Жакшы элесин калтырып жок болобу,
Жаш жүзүмдөй аймалашып турган чак?
ООРУНУ ЖЕҢГЕН СҮЙҮҮ
Жаштардын тилегине каргаша болгон нерсе – оору эле. Турарбек оорусу өтүшүп баратканын сезип айылга кетип калат. Насихатка дартын да, дарегин да, кайда кетип жатканын да айтпайт. Оорулуу жанын Насихатка арткысы келбей, анын бактылуу болушун каалап жашоосунан кетүүнү чечет. Болгону, экинчи адам ошол кадамына макул эмес экенин эске албаган.
– Агам алыскы совхоздордун бирине барып иштеп калат. Насихат ар кимден сураштырып отуруп өзү таап, артынан барат. Кичине болсом да ошол кездер эсимде,- дейт Жеңиш байке. Турарбек өзүн издеп келген кызга: “Сени канчалык сүйгөнүм менен, бактылуу кыла албасым белгилүү болуп калды. Бул дарт менен көпкө узабайм. Кеч болуп кала электе жолуңду тап”,- деп абалын жашырбай айтат. Ошондо кыз аны тиктеп туруп “эгерде мен ооруп калсам, таштап кетет белең?” деп сураган экен. “Жок, мен сени эч качан, эч кандай абалда таштабайт элем” десе, “мына, бардык суроого өзүң жооп бердиң, сен таштабасаң, мен да сени таштай албайм. Демек, бул биздин тагдырыбыз” деген экен Насихат.
Чыныгы сүйүүнүн далили ушунда болсо керек, окурман.
КИЙИН ЭМНЕ БОЛДУ?
Ошентип, Турарбек менен Насихат үйлөнүшөт. Маркум Дооронбек Садырбаев Турарбектин досу экен, ал күйөө жолдоштук милдетти аткарат. Бирок Турарбек начарлагандан начарлап, үйлөнгөнүнө 1 жыл 5 ай болгондо көз жумат.
– Экөө өтө ынтымактуу турушту. Уулдуу да болушту. Мен алар менен бир аз жашап калдым. Менимче, мындай окуялар аз болуш керек. Апам “Чыңгыз Айтматовго жолугуп ушул окуяны айтып берсем, укмуш чыгарма жазмак. Уулумдун сүйүүсү тууралуу чыгарма жаздырсам арманым бөксөрмөк беле?” деп кейип калчу. Ал кишиге деле көп жолу жолум бирикти, бирок негедир айта албагам. Насихатка баарыбыз ыраазы болдук, агамдын ашына чейин отурган. Кийин төркүндөрү келип башына азат сурашты. Атам, апам, баары коштошуп жатып ыйлашты. Апам небересин таштап кетүүсүн өтүнгөндө Насихат ал өтүнүчүн да жерге таштаган жок. Агамдын уулун апам тарбиялап чоңойтту.
Ушундай эскерүүлөр менен Жеңиш агай сөзүн жыйынтыктады. Ал эми Насихат эже кийин турмушка чыгып, энелик, аялдык бакыт тапканын да айта кетпесек болбостур.
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg