Күндөлүк (мансапка жетүү үчүн баарына даяр болгон кыздын сезимин, окуяларын баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

17.06.ХХХХ. Акмак! Мени алдап жүргөн экен да. Жүрөгүм сезген. Бирок өзүмдү-өзүм алдап жүргөм. Эмне эле баш кошолу десем көнбөй жүрөт деп коём. Кептин баары үй-бүлөсүндө жаткан экен да! 

Көлдө эс алып жүргөнбүз. Таңга жуук көл жээгине кетип калчумун. Аны Акбар даана билет. Бүгүн негедир бутум тартпай, душка кирип кеткем. Душтан чыгып, бөлмөгө кирип бара жатсам, Акбар телефондо бирөө менен сүйлөшүп жатыптыр. Акырын аңдып, тыңшап калдым. “Жаным, мен иштер менен жүрөм да. Балдардын бетинен өөп кой. Эртең барып калам... Мен дагы сагындым сени... Болду эми, өчүр” деген сөзүн угуп, бөлмөгө атырыла кирдим. Мени көрө телефонун өчүргөнгө шашты. 

– Демек, аялың бар экен да, ээ? 

– Аялым эмес... Коё турсаң, түшүндүрөм...

Жаакка чаап жибердим. Артымды карабай качып бара жатсам жетип келип кармап, көтөрүп мени ички бөлмөгө алып кирип кетти. Жулмалап жаттым, бетине чапкылап, денесин тытып жибердим. Эмнеге эркектер ушундай болушат? Кыйкырып-кыйкырып алдым. Болушунча сөктүм аны, бирок мени коё бербей тура берди. Бир топтон кийин экөөбүз эки бурчта отуруп калдык, шайыбыз ооп. Акбар оор үшкүрүнүп: 

– Менин аялым бар, ооба. Керек болсо уулум да, кызым да бар. Бирок алардын орду башка, сенин ордуң башка, гүлүм. Жубайымдын жүрөгү ооруйт. Жаштыгымда сүйүп-күйүп үйлөнгөм. Бирок ал жалын жүрөктөн өчкөн эчак эле. Жүрөктү кайрадан алоолонткон сен болдуң... "Үйлөнөлү" эле дей берчүсүң го. Бирок мен сага үйлөнө албайм,- деп көздөрү жашылданып кетти. Баамымда көзүндөгү жашты мага көрсөтпөө үчүн карманып турду окшойт. 

– Жубайымдын араң жаны бар. Ал көтөрө албайт бул нерсени. Ага бир нерсе болсо эки балам энесиз калат. Бирок сени да коё бере албайм. Сүйөм сени. Башка эч кимге ыраа көрбөйм сени. Мени кечир, жашырганым үчүн. Эми бардыгы ачыкка чыкты. Гүлүм, кел баарын унутуп, татыктуу эс алалычы,- дейт.

– Чокуң!- деп кийимдеримди салыштырып баштадым. Экинчи мени жүзү көрбөйт.  

– Алдаганың аз келгенсип, сага үйлөнө албайм да дедиң! Анда менин эмне керегим бар?!- деп беттен алдым. Унчукпай туруп берди. Өзүмдү көчөдө калган селсаяктарга окшоштуруп кеттим. Менин башымды айлантып жүргөнүнө зээним кейип кетти. Аялы билсе, мени тирүүлөй жебейби! Бир саамдан соң ой басты мени. Акбарды таштап кетсем... Үй, машина, акча, кымбат кийимдеримди дагы унутууга туура келип калат эле. Жана эмоцияга алдырыптырмын. Азыр акыл калчап ойлонуп жатам. Балдары чоңоюп калышса керек, өз алдыларынча болуп. Аялы менен оорусу үчүн эле жашаса... Мага тоскоолдук барбы? Ойлонуп жатам.

 

 

 xxx

13.07.ХХХХ. Эжемдин үйүндөмүн. Акбар баягы күндөн бери күнү-түнү дебей телефонума чала берип тажатты. “Мен сени сүйөм, менден качпа” деген каттарды жөнөткөндөн тажабайт. А мен ал аралыкта терең ойго чөмүлүп жүрдүм. Эжем кабатырланып “баары жакшыбы?” дейт, “ооба” деп коём. Оюм чар жайыт, эмне кыларымды билбейм. Акбарга көнүп да калыптырмын. Өзүм теңдүү балдарды эч эле теңиме ала албадым. Негедир алар мага акылы өсө элек, жаш баладай сезилчү болду. Балким, жашы улуу киши менен сүйлөшүп, аң-сезимим дагы өсүп калгандыр. Мындайда кеңешер да эч ким жок. Эмне кылсам экен деп оюм жүзгө бөлүндү. Бүгүн базардан азык-түлүк алып келе жаткам. Үйгө жакындап калганымда машинанын сигналы угулду. Карасам Акбар экен. Унчукпастан жол уладым. Чыдабай кетти окшойт, машинасынан түшүп келип, колумдагы баштыктарды ала калды. Анан баягы эле сүйөм-күйөмдү айтып көпкө жалдырап турду. Мен дагы негедир жалдыраткым келди. Жо-ок дедим ичимден, мени алдап жүргөн кыянаттыгыңды башкача жол менен, өч аркылуу чыгарам. Менден жөн кутулбайсыңар, жалдыратып, бутума чөгөлөтпөсөм! Азыр сени... Кийинчерээк Бекзатты. Мени менен ойногон кандай экенин көрсөтөм. Акбар чыдабай кетип:

– Эмне каалайсың? Күнөөмдү жуучу эмне белек каалайсың?- деп жиберди. Издегеним жерден табылды окшойт. Болсо болду, болбосо жок дедим да, ички эркимди бир топтоп алып, оюмдагыны айттым. 

– Үйдү белекке бер. Анан сени менен мамилебиз уланат,- дедим. Чочугансып мени көпкө тиктеп, оозуна сөз келбей калды.

– Макул, колуңдан келбесе кете бер,- дедим да, колундагы баштыктарды жула, артымды карабай үйгө кирип кеттим. Үйгө кирип терезеден акырын карасам, машинасында ойлуу отуруптур. Көпкө отурду. А мен жатып алгам. Анан азыр ойлонуп жатам. Сүйүүсү канчалык күчтүү экен мага болгон? Чын эле Акбарды арбап алдымбы? Керсейген неме мага эки кабат үйүн бере коймок беле? Андан көрө башка дагы жаш кызды таап алганы оң эмеспи? Эх... Үйүмдү сагындым. Темир тулпарымды сагындым. Буюрганын көрө жатарбыз. Таң ата берсинчи.

 

xxx

17.07. ХХХХ. Кандай керемет таң! Терезеден соккон салкын жел короодогу гүлдөрдүн жытын ала келип, ак шейшепте жаткан менин чачымды сылай жана жанымда жаткан Акбардын уйкусун буза кеттиң. Түн “ысык” болгон. Анын үстүнө “өзүмдүн” үйүмдө таңды тосуу эки эсе жагымдуу экен. Ооба, бул үй эми документ боюнча мага тиешелүү. Ким мени басынтып, теңине албай, кор кылып жатты эле? Кана ошол адамдар азыр? А-уу! Кара мүртөз адамдар, чыккыла! Мен каякта да, силер каяктасыңар? Мен эми окуумду сырттан бүтүрөм деп чечтим. Мурдагы күнү окуумду сырттан окуу бөлүмүнө которуп келдим. Мен ханышадай жашашым керек. Акбар барында бардык керектөөмдү бүтүрүп алышым шарт. Себеби мунун жүрөгү оорукчан аялы кайсы күнү келип телтеңдетип Акбарды жетелеп кетет деп эле ойлоно берем. Ал Акбар айткандай өтө деле байкуш эмес экен. Көрүп келдим. Алгач телефондон сүрөтүн көргөм. Кээде гезит беттеринен да кезиктирип калам. Көбүнчө кайрымдуулук иштери менен чакан чөйрөгө белгилүү. Чынын айтайын, келишкен сулуу, мүчөлөрү эркекти суктандыра турган аял. Байлык эмнени гана кылбайт. Карачы, Акбардын көпкөнүн. Сулуу аялын чанып, жаш кыздардын жанын жеп жүргөнүн. Кызык, балдарына боорум ооруп турат. Атасынын катынпоз экенине менин күнөөм жок да? Балдары кандай болду экен, кызык. Баса, Мирзат үйлөнүптүр. Эжемдин ичи ачышып кала берди. Дагы деле мага нааразы болуп жүргөнсүйт. Бирок сыртынан билдирбейт. Байкеме эч нерсе айткан жокпуз, жашырып жүрөбүз. Мени көргөнү келгенде кээде эжемдин үйүнө бара калам. Эркелетип “сага күйөөнү өзүм тандайм” деп калат бир боорум. Анткени менен өзү менен өзү. Үй-бүлөсү менен тынч өмүр сүрөт, биз менен деле иши жок. Эжемди үйүмө алып келип коноктодум 2-3 күн. Баары бир ичи чыкпайт. Демейде сабактан "4" алып келген күндөрү ичи-коюнуна батпай сүйүнгөн эжемдин менин андан да чоң жетишкендигиме сүйүнбөгөн кылыгы ичимди жейт. Таарынам. Жеңил жумуш таап алсам деп ойлодум. Үйдө жата берсем да болбойт экен. Акбарга айттым, иш таап бер деп. Эч эле өзүнүн иштеген жерине жолоткусу келбейт. "Азыр үйдө болуп тур, бир айласын табам" деген. Ошол менен келе элек үйгө. Жалгыз жашап жатам. Мага күзөтчү керек. Себеби мындан бир нече убакыт мурун үйдү көздөй унаам менен келе жатсам, бир мотоцикл минген бала эч эле калбай артымдан аңдып келе жатты. Корктум. Себеби бул райондо жалаң байлар жашашат... 

 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1187, 12-18-сентябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан