Жайгашкан жери – Талас облусу, Талас району, Шумкар-Уя айыл аймагы
Кожолуктун саны – 650
Элдин саны – 3557
Марат Орозалиев, айыл тургуну: “Аталышы булакка байланыштуу”
– Бул жерде илгери булактар көп болуптур. Булактардан чыккан суулар өзөндү түзүп, аны бойлой тал-теректер өсөт. Алыстан дүпүйүп көрүнгөндүктөн бул жер Талдуу-Булак аталып, кийин Талды-Булак деп айтылып калган. Айыл Союз учурунда №113 жылкы заводу деп да аталган.
Айылды аралап Кошой-Өзөн суусу агып өтөт. Элдин башын бириктирип, туура жолго баштаган “Манастагы” Кошой баатыр Таласка келгенде суу жээк ага жагып калып, ушул жерге отурукташыптыр. Айыл четинде Бакай-Таш деген тоо бар, аны илгери Бакай акылман жердеп турган деп айтылат. Ал төө кайтарып, Семетейдин Таласка келишин ошол жерден күткөн дешет.
Биздин айылга жакын Шумкар-Уя тоосу жайгашкан. Ал чынында тоону эмес, асканы элестетет. Манас баатыр ошол жерден шумкардын балапанын таап, таптап, атын Акшумкар коюп, кайда барса да аны жанында алып жүрчү экен. Баатыр көз жумгандан кийин ак шумкары ошол тоого кайтып келип өлгөн деген маалыматтар бар.
Бактыгүл Нусупова, мугалим: “Башка айылдарга караганда казандагы эт кеч кайнайт”
– Айылыбыз Бишкек-Талас жолунда, Өтмөк ашуусунан түшө берген жерде жайгашкан. Ашуунун түбүндө болгондуктан климаты суугураак. Эл негизинен мал чарбачылыгы менен жан багат. Биздин айылдан төкмө Амантай Кутманалиев, мамлекеттик жана саясий ишмер Төрөкул Жанузаков, Социалисттик эмгектин баатыры Искендер Осмонкулов сыяктуу атактуулар чыккан. Солто, кушчу, жетиген, жалаң найза, кара моюн, жоо чалыш жана башка уруулар жашайт. Бийик жерде болгондуктан чай, эт Таластын башка айылдарына караганда кеч кайнайт. Чоң-Кошой, Орто-Кошой, Жаргак тоолорунда тоо теке, аркар-кулжа, илбирс, элик, кекилик жана башкалар көп. Көкөмерен, кийик от, долоно, чычырканак, бөрү карагат, персия четини сыяктуу өсүмдүктөр кездешет.
Азамат Жумаев, жылкы заводунун жетекчиси: “Биздин айыл согушка ат даярдап турган”
– Биздин айылда жылкы заводу 1936-жылы советтик аскер башчы Семён Будённыйдын буйругу менен ачылган. Максат – кавалерияга согуштук асыл тукум аттарды даярдап берүү болгон. Ошого дон тукумундагы аттар менен кыргыз жылкыларын аргындаштырып, жаңы кыргыз породасын жаратышкан. Жылкылардын башын көбөйтүшүп, 2 миңге жеткиришкен. Жылкылар менен кошо 46 миң меринос кой, 3,5 миң топоз да багылып, алардын эт, тери, жүнү пайдаланылган. Союз тарагандан кийин жылкы заводу таланып, болгону 1 кашар, 1 сарай, 26 баш гана жылкы калган. 2013-жылы мен жетекчи болуп келдим. Учурда жаңы кыргыз породасындагы жылкылардын санын 50дөн ашырдык.
Асылгүл Түлөбердиева, врач: “Тез жардам” кызматы иштейт”
– Айылдагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда 1 врач (мен), 4 медайым жана “Тез жардам” кызматы бар. Аталган кызмат Бишкек-Ош жолунан Талас облусуна кайрылган аркадан баштап, Талды-Булак, Ак-Коргон, Кара-Ой айылын кошо тейлейт. Өтмөк ашуусунда, аталган 3 айылда автокырсыктар болсо барып ыкчам жардам көрсөтүп келишет. Операция болчу адамдарды, төрөй турган аялдарды ооруканаларга жеткиришет. Кызматта 2 “Тез жардам” унаасы, 4 фельдшер, 4 диспетчер, айдоочулар бар.
Алмаз Орозалиев, фермер: “7 үй-бүлө топоз багабыз”
– 1991-жылы 11-классты бүтүп, асыл тукум кочкор багууга өткөм. Аскар Акаевдин тушунда “Мыкты жаш чабан” деп табылып, сыйлыкка 10 кой, 1 жылкы, 1 топоз алгам. 2014-жылы 15 топоз сатып алып көбөйттүм. Азыр саны 200дөн ашык. Топоздон тышкары кой, уй деген бар. Учурда эттин 1 килограммын 500 сомдон сатып жатабыз. Топоздорду Өтмөк ашуусуна, Чоң-Кошой жайлоосуна чыгарып багабыз. Айылда менден башка дагы 6 адам топоз багат.
Кубанычбек Жаманкулов, жиу-житсу боюнча машыктыруучу: “Карыларга чейин спорт залда машыгышат”
– Бул тармакта 10 жылдан бери эмгектенем. Эски мектептин спорт залы менен 3 класстык бөлмөсүн оңдоп-түзөөдөн өз каражатым менен өткөрүп, машыгуучу залга айландыргам. Эртең менен 40ка жакын окуучу, түш мезгилде 30-70 жашка чейинки курактагы эркектер, кечки убак аялдар келип машыгышат. Карылар арыктоо, өнөкөт ооруларына, мисалы, артрит, бел ооруларына даба издеп келишет. Дарылык көнүгүүлөрдү жасашат, темир шаймандарды көтөрүп машыгышат.
Кол астымда машыккан балдар жиу-житсу боюнча республикалык турнир, чемпиондуктарга катышып, байгелүү орундарды алып турушат. Мисалы, 2005-жылы өткөн чемпиондукка 13 бала катышып, 5 алтын, 3 күмүш, 5 коло алышты. Элизат Шумкарова деген кызыбыз Кыргызстандын чемпиону болду. Өзүм күрөш боюнча спорттун чеберимин. Кармаш-уруш өнөрү боюнча өлкөнүн 4 жолку чемпиону, кара курдун ээсимин.
Улукбек Байгараев, жыгач уста: “Ээр жасап, комуз чабам”
– Устачылыкка бала кезден кызыкчумун. Мектепти бүтүп, кесиптик лицейден “жыгач уста” кесибин алып чыккам. Көбүнчө дарактардын дүмүрлөрүнөн түрдүү композицияларды, стол, стул, ээр жасап, кээде бешик, комуз чабам. Өзүм жасаган буюмдар менен “Көчмөндөр оюнундагы” көргөзмөгө катышкам.
Кымбат Байматова, уз: “Боз үйлөрдүн кийиздерин жасайм”
– Кийиз, боз үйлөрдүн кийиздери менен боо-чууларын жасайм. Боз үйлөр боюнча этно-фестиваль сынагында 1-орунду алгам. Колумдан чыккан буюмдарды каалагандар сатып алышат. Чет өлкөдөгү тааныш, туугандарына жөнөткөндөр да болуп калат.
Канымжан Усупбекова