Шоумен, актёр, юморист, тамада Садык Нишанбай уулу учурдун активдүү чыгармачыл инсандарынын бири. Анын күлкүлүү баяндарына, тасмадагы ролдоруна көз илинип турган учур. Садык мырза кайсы адатынан арыла албай жүрөт? 10 жылдан кийинки өзүн кандай элестетет? Ушул жана башка суроолорго маектен жооп таба аласыз.
– Кандайсыз, Садык мырза? Жакында “Байбиче” деген тасмада башкы ролду ойнодуңуз, кепти ушундан баштасак?
– Жакшы, рахмат. Жакшы турасыздарбы? Бул менин тасмадагы үчүнчү чоң ролум, чыгармачылыктагы өзгөчө бир роль катары кабыл алдым. Эл дагы ошондой кабыл алды окшойт. Кыскача айта кетсем, бир жигит өзүнөн аябай эле улуу аялга ашык болуп калып, аны менен бактылуу болууга бел байлайт. Тасманын идеясы – инсан бактылуу болуш үчүн баарына бел байлашы керек деген маанини бергибиз келди. Адам ар кимдин сөзүнөн, көзүнөн коркуп “эл эмне дейт?” дебей, өз максатын көздөй эч нерсеге карабай кете бериш керек деген маани жатат тереңинде. Сценарийин өзүбүздүн эле команданын балдары чогуу жаздык. Бул тасма жалпы командабыз жараткан иш.
– Орусия жылдыздары Алла Пугачёва менен Максим Галкиндин мисалында тарткан жоксуңарбы?
– Жок, алардын мисалында эмес. Ар бир эркектин болбосо да, эркектердин ондон биринин башынан ушундай окуялар өтөт экен. Адатта балдар мектепте окуп жүргөндө бир мугалим эжейди жакшы көрүп калышат эмеспи. Командадагы балдар сүйлөшүп отурганда бири-бирибизден сурасак, көпчүлүгүбүздүн башыбыздан өтүптүр. Ошол нерсени киного айландырып, жакшы бир тасма жараттык деп ойлойм.
– Тасма болсо да жашы сизден бир топ улуу актриса Шайыр Касымалиева менен “сүйүшүү” ыңгайсыздык жараттыбы?
– Ооба, Шайыр эже кыргыз элинде бийик орду бар, театрдын жана кинонун залкар актрисасы да. Тажрыйбасын карап көргөндө эле сүрдөшкө туура келет го дейм. Башында сүрдөдүм, ыңгайсыз болдум. Бирок эжекени убара кылып кайра-кайра дубль кыла бербейли деп колумдан келишинче жакшы аткарууга аракет кылдым. Менимче, жаман болгон жок.
– Кесиптешиңиз Калыбек Турдубаев бир маегинде “Садыктын талантына баа берем” деди эле. Сиз кайсы актёрго баа бересиз?
– Ошентип айтты беле? Анда туура эле айтыптыр деп коё берейин (күлүп). Тамаша, эми колдон келишинче аракет кылып жүрөбүз. Биздин командадагы бардык балдардын талантына жогору баа берем. Анткени ар бирибиз ар башка талантка ээбиз. Мисалы, мен образдарды жакшы ачып берем деп ойлойм, ал эми Калыбек Турдубаев идея тапкычтыгы жагынан алдына киши салбайт. Жакшылык Аматовдун өзүнүн образы бар, Таир Исманалиев бат сүйлөп, так сүйлөп образды жакшы ачып берет. Эч кимге окшобогон таланттар чогулуп бир команда болгонбуз. Кыскасы, креативдүүлүк тараптан, актёрлук чеберчилик жактан, адамгерчилик жактан, айтор, баары төп келген мыкты жигиттер.
– Чыгармачылык сиздин жашооңузга эмне берди, сиз ал үчүн кандай курмандыктарга бардыңыз?
– Негизи бардык иште курмандыктарга баруу керек болот. Чыгармачылык эле эмес, жашоонун бардык тармагында курмандык кылмайынча иштин акыбети кайтпайт. Мен чыгармачылык үчүн убакытты курмандык кылдым. Мээнеттин, эмгектин аркасынан бизге учурдагы жакшы жашоо келди деп айтсам болот. Сахнада жүрүп өзүбүздүн команданы топтоп, ал жигиттер менен бир туугандай жакшы мамиледе болуп калдык. Ага-ини, ага-карындаш, эже-ини, айтор, абдан жакшы адамдар менен таанышып, жакшы санаалаш болдук. Айрымдар менен ишенимдүү доско айландык. Азыр ишеним деген нерсени табуу кыйын болуп калбадыбы. Баса, сахнада жүрүп мен өзүмдүн сүйүктүү жубайымды таптым. Экөөбүз эки кыздуу болдук. Жакшынакай жашап келе жатабыз.
– Азыр ажырашуулар көп. Үй-бүлөнүн бекемдиги, ортодо ынтымактын сакталышы көбүнчө эмнелерден көз каранды деп ойлойсуз?
– Сабырдуулукта го дейм. Көптөгөн үй-бүлөлөр ажырашып жатышат, талаш-тартыштар болууда. Бул нерсе адамдын таанымал же таанымал эместигине байланышы жок нерсе. Ажырашуулар чыдамсыздыктан, түшүнбөстүктөн келип чыгышы мүмкүн. Жалпы эле адамдар азыр сабырсыз, чыдамсыз, талапчыл болуп бара жатышат. Биздин тыл Кудайга шүгүр, жакшы эле. Эми эл катары бизде деле маселелер чыгат. Жакшы күндөр да, тескерисинче, кыйынчылык коштогон убактар да болот. Андайда адам сабыр кылып эле койсо, баары өтүп кетет деп ишенем. Жашаганыбызга сегиз жыл болуп калды, баары жакшы, буюрса.
– Балдарыңыз тууралуу айтып берсеңиз...
– Эки кызым бар, чоңу быйыл 1-класска барды. Экинчиси 5 жашта, бала бакчага барат. Колдон келишинче жакшы ата болгонго аракет кылып келе жатам.
– Өзүңүздү патриотмун деп эсептейсизби?
– Ооба, патриотмун деп айта алам. Мекенди сүйүү кызыктай сезим, айтып түшүндүрө албайсың, бирок дайым жүрөгүңдө болот. Кээде “өлкөдө андай эмес, мындай болушу керек” деп талашып-тартышып кетебиз, бул деле кайдыгер эместиктин, мекенге күйүп-бышкандын белгиси да. Кайдыгер болсок, өз арабабызды тартып унчукпай кете бербейт белек. Мамлекеттин атынан башка жактарга барганда көп нерселерди курман кылдык, өзүбүз үчүн эч нерсе таппай келсек да, мамлекеттин намысын коргогон учурлар болду. Эч нерсе утпайсың, бирок элдин, өлкөнүн намысы деп барып келгениңе ыраазы болосуң. Мекенди сүйүү – курулай кыйкырып-өкүрүп, талашып-тартышуу эмес, салым кошуу. Ар ким колунан келген ишин чын жүрөктөн кылса, өлкөгө кошкон салымы ошол деп билем. Ошондуктан мекенимди сүйгөн атуулдардын катарына кирем.
– Жакшы, сиздей патриоттор көп болсун. Арыла албай жүргөн жаман адатыңыз барбы?
– Бар (күлүп). Дагы деле жаш балдарга окшоп компьютердик оюндарды ойнойм. Пабж, футбол сыяктуу оюндар. Ушул адатымды аябай таштагым келип, бирок эч таштай албай жүрөм. Бирок ташташ керек, жашым деле бир топко барып калды. Эркек кишинин жүрөгү жаш баланыкындай болуп кала берет окшойт. Жакшы эле карманам, болбой эле кумарым кармап кайра оюнга кирип кетем.
– Он жылдан кийинки Садык мырзаны кандай элестетесиз?
– Ушул тууралуу негизи ойлонуп көрбөптүрмүн, алдыда эмне болорун бир Кудай эле билет да. Азыр сиз сурагандан кийин ойлонуп көрдүм. Кудай кааласа, он жылдан кийин өзүмдү бир чо-оң куудул катары элестеттим. Сахнада абдан олуттуу кебете менен туруп алып, шашпа-ай сүйлөп, элди күлдүрсөм деген тилегим бар.
– Тилегиңизге жетиңиз!
Нуржамал Жийдебаева