23-февраль күнү Ноокат районунда Салык инспекциясынын бөлүм башчысы Сагынбек Алимбаев атылып өлтүрүлгөнү белгилүү. Бул ишке байланыштуу 25-февраль күнү Ноокат РИИБинин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү адамдар кармалды. Бул кылмыш ишин иликтеп жаткан тергөөчү Өткүр Абдыкахаров бизге төмөнкүлөрдү айтты:
“4 адам бул кылмышка шектүү катары кармалды. Алардын көрсөтмөсү боюнча, буйрутма берген адамдын ким экендиги толук такталды. Ал адамга сот санкция берип, издөө жарыяланды. Азырынча ушуларды гана айта алам”.
1-март күнү Алимбаевдин 100-150дөй тууганы райондун борборуна чогулуп, “заказ берген адамды таап, жазалагыла” деп милиция кызматкерлерине талап коюшкан. Алар менен облустук, райондук милициянын башчылары жолугушуп, сүйлөшүүлөрдөн кийин адамдар тарап кетишкен дешет. Бирок саат 12 чамасында кайрадан 200дөй адам чогулуп, “заказ берди” деген адамдын Калинин көчөсүндө жайгашкан үйүн карай бет алып, анда үйдү өрттөп салышат. Ал кезде үйдө эч ким болгон эмес. Үйдү өрттөгөн 20 адам милиция тарабынан камакка алынып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң кайра коё берилген.
Бул окуяларга байланыштуу Ноокат районуна ИИМдин кызматкерлеринен турган кошумча күчтөр жөнөтүлгөн. “Элдин тынч болуусун суранабыз” деген ИИМ кызматкерлери күнү-түнү иштеп жатышат. Азыркы кезде Ноокатта абал тынч.
Ал эми такталбаган маалыматтарга караганда, Ош облусунун губернатору келип, маркумдун туугандары менен жолугушуптур. Ал өзү туугандарын “заказ берди” деген адамдын үйүнө ээрчитип барат. “Мына анын үйү, кааласаңар үйдү өзүңөргө өткөрүп алгыла” деген. Анын жообуна нааразы болгон туугандары “эмне, бизге үй керек беле?” дешип, үйдү өрттөп жиберишкен.
“Заказ берди” деп шектелген адам Адылжан аттуу өзбек улутундагы ири ишкер экен. Ал мурда эле Орусиянын жарандыгын алып, туугандарынын баарын чет өлкөгө алып чыгып кеткен дешет. Анын үйү да жөнөкөй үйлөрдөн эмес, заңгыраган чоң сарай экен.