Жаздын жыты, толкуну жана деми биринчи “ата мекенчилерге” жеткен өңдөнөт. Алар өлкөнүн экономикалык тармагын башкарган 1-вице-премьер Өмүрбек Бабановду “кет” дей башташты.
“Өмүрбек Бабановдун 1-вице-премьерлик кызматта калууга моралдык укугу жок, кызматтан кетиши шарт”,- дешет “ата мекенчилер”. Аталган партиянын фракциялык жыйынында Өмүрбек Бабановдун жээни “Манас” аэропортундагы “Күйүүчү май куюучу комплекс” ЖАКысын жетектей тургандыгы айтылды. “Андан тышкары вице-премьердин Орусияда чоң бизнеси бар. Башка мамлекеттен көз каранды болуп отурса, өлкөнүн башкы экономисти өзүнүн функционалдык милдеттерин кантип жакшы аткармак эле?”- дейт депутат Ташболот Балтабаев.
Алардын айтымында, Өмүрбек Бабанов дары-дармекке салык киргизүүнү көтөрүп чыгып, андан 200 миллион сом киреше көрүүнү каалап жатат. “Бирок өзүнүн тапкан пайдасы менен бөлүшкүсү жок”,- дешет.
“Ата Мекен” партиясынын маалыматына ылайык, Бабановдун жээни башкарган комплексте авиакомпаниялар күйүүчү майдын 1 тоннасын 300 долларга сатып алышат. Бул Алматыдагы баадан да жогору. “Жеке адамдын койгон баасынан өлкөнүн кызыкчылыгы жабыр тартууда”,- дешет социалисттер.
Кезинде “ата мекенчилер” “Республика” менен коалицияга биригүүгө макул болушкан. Бирок Текебаевди спикерликке шайлоодо керектүү добушту бербей койгондор да “республикачылар” болду эле. Андыктан парламентте “Республика” менен “Ата Мекен” тымызын тирешүүдө.
Эльвира Караева,
politika@super.kg