Садыр Жапаров БУУда Европаны кескин сындады

Президент Садыр Жапаров Нью-Йоркто 23-сентябрда башталган БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын алкагында сөз сүйлөдү. Анын сөзүнүн урунттуу жерлерин сунуштайбыз. 

 

САНКЦИЯЛАРГА КОММЕНТАРИЙ

Анда өлкө башчы Батыш өлкөлөрүнүн Кыргызстанга карата киргизген санкцияларын кескин сынга алды. Мамлекет башчынын айтымында, негизсиз санкциялар өлкөнүн экономикасына түздөн-түз кысым көрсөтүү болуп саналат жана алар ички иштерге кийлигишүү катары кабыл алынат. Президент өз сөзүндө Кыргызстан ар дайым эл аралык милдеттенмелерин так аткарарын, бирок жарандардын кызыкчылыгы жана экономикалык өнүгүү биринчи орунда турарын баса белгиледи. “Биз өз экономикабызды жарандардын кызыкчылыгы үчүн бекемдөөгө аракет кылып жатабыз. Бирок кызыкчылыктардан баш тартып, санкцияларга моюн сунууга даяр эмеспиз”,- деди Жапаров.

Президент санкциялар тууралуу маалыматтар айрым бейөкмөт уюмдар менен жарандардын жалган билдирүүлөрүнө негизделгенин айтып, Кыргыз банктарынын ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн көз карандысыз эл аралык аудит жүргүзүүгө даяр экенин билдирди.

 

БАТЫШКА СЫН

Мамлекет башчысы Батыш өлкөлөрүн кош стандарттуулукка айыптады. Анын айтымында, Евробиримдик өткөн жылы Орусия менен 141 миллиард долларга соода жүргүзгөн, анын ичинен 36 миллиарды импорт болгон. Ал эми Улуу Британия санкцияларга карабай Орусия менен 2,2 миллиард долларлык соода алака кылган. “Силер өз кызыкчылыгыңарды коргоп, Орусия менен алака түзөсүңөр. Бизге болсо тыюу саласыңар. Бирок бизди Орусия менен байланыштырган экономикалык мамилелер силерге караганда алда канча чоң”,- деп билдирди Жапаров.

 

КУРАЛ ЖАРЫШЫН ТОКТОТУУ СУНУШУ

Президент Кыргызстан көп тараптуу тышкы саясат жүргүзүп, бардык өлкөлөр менен кызматташууга даяр экенин белгилеп, Англияга жыл сайын 1 миллиард долларлык алтын сатыларын мисал келтирди.

Президент ошондой эле дүйнөлүк коомчулукка курал-жаракка сарпталып жаткан триллиондогон долларларды адамдардын жашоосун жакшыртууга багыттоону сунуштады. “Биз табиятты жана абаны курал жарышынан жогору коюп, элдин жашоосун жакшыртууда атаандашышыбыз керек”,- деди ал. Жапаров Кыргызстандын Тажикстан жана Өзбекстан менен чек ара маселелерин тынчтык жолу менен чечкен тажрыйбасына да токтолду. “Бүгүн бул чек аралар – достуктун, сооданын жана кызматташуунун чек аралары”,- деп белгиледи ал.

 

ПАЛЕСТИНАГА КОЛДОО

Ошондой эле президент дүйнө коомчулугун Газадагы согушка көңүл бурууга чакырып, Палестина элине колдоо көрсөттү. Ал “геноцидди токтотуп, эл аралык соттук иликтөөнү баштоо зарыл” деп белгилеп, туруктуу тынчтык үчүн “эки мамлекет – эки эл үчүн” принцибин ишке ашырууну сунуштады. Белгилей кетсек, Башкы ассамблеянын 80-сессиясы “Биргеликте аракеттенүү – тынчтык, өнүгүү жана адам укуктары үчүн” деген ураандын алдында өтүп, ага 195 өлкөнүн башчылары жана делегациялары катышууда.

 

 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1189, 26-сентябрь-2-октябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан