ААЛАМГА НУР ЧАЧ, АЯЛЗАТ!


Аялдарга арналган каалоону мен акын Шайлообек Дүйшеевдин икаясы менен баштагым келди. Акындан артык эч ким сөз таба албаса керек.

Биз, эркектер, аялдар үчүн бейиштен кубаланганбыз. Ким билет, балким, ал жүзүм жегендир, алма жегендир же анарга талгак болгондур. Теңир бизди жаратып жатып «бейиш бакта ээрчишип жүрсө» деп тилеген. Теңир биздин пенделик кыларыбызды билген жок эле. Билери менен бейиштен кубалап чыкты. Бейиштен узаарыбыз менен жылаңайлак таманыбыз тикенге тилинди, жылаңач денебиз шамалга кайыкты.
– Сага аныкынан өткөн бейишти куруп берем!- деп кыйкырдым. Бирок сага убада кылган бейишти али күнгө чейин куруп бере элекмин. Сага мен кээде бейишке караганда тозокту көбүрөөк жакындаткандай сезилем. Биз, эркектер, силерге бейиш курабыз деп жер талаштык, эл талаштык. Кимдир бирөөнүн бейишин талкалап, ошол урандылардын үстүнө бейиш курмай болдук. Кимдир бирөөнүн көз жашынан чатыр тиктик, гүл өстүрдүк. Теңирге тең ата болуп сага убада кылган бейишти куруп жаткансып курдук. Көр дүйнө кууп көккө чыгып, жерге түштүк. Көз бүтөлүп, көкүрөк сокур болду.
Аял, сен ушунун баарына чыдадың. Биз сага жерден да оор болдук. Бирок сен жерди көтөрүп турган жомоктогу көк өгүздөй чыдадың. Биздин антыбызга да, калпыбызга да тоюп бүттүң. Жер шарын бүгүн сен көтөрүп турасың, ыйык аялзаты! Жер үстүндөгү кыямат кайымдын, жакшы-жамандын, ырыс-таалайдын, кайгы менен муңдун, оору менен сыркоонун баары сенин ийиниңде. Айрым учурда сенин ийиниңде азган-тозгон, ал-күчтөн, ар- намыстан тайып эки бутун салаңдатып отурган эркектер дагы барбыз.
Көрсө, биз убада кылган бейиш өзүңөрдө экен. Бейиш силерде экен, аялдар! Бейиш энеде экен, бейиш балада экен, бейиш тынчтыкта экен! Үчөөң бар болгула! Үчөөң оорубагыла ылайым! Асманыңар күлүп турсун! Балдарыңар күлүп турсун! Силер күлүп тургулачы, аялдар!

ЭҢ МЭЭРИМДҮҮ ЭНЕ
1910-жылы албаниялык жемиш сатуучунун үй-бүлөсүндө Агнес Гонджа Бояджиу (мать Тереза) аттуу кыз жарык дүйнөгө келет. Тереза 18 жашынан баштап кечилдик жашоону тандап алат. 1948-жылдын 16-августунда Тереза Рим чиркөөсүнөн уруксат алып, эркин кечилдикке өтөт. Аалам кезип кайрымдуулук кылууну максат кылат. Индия, Сомали өлкөлөрүн, Калькутта шаарындагы жарды аймактарды, тактап айтканда, эң булганч, оору-сыркоо көп болгон жерлерди атайын тандап, адамдарга жардам берет. Дүйнөдө СПИД менен ооругандарга клиника ачкан биринчи адам да Тереза эне болгон. Анын иштери көпчүлүктүн көз жаздымында калбай, дүйнөнүн бардык бурчунан анын атына кайрымдуулук үчүн каражаттар агылып келе баштайт. Тереза 20 чактыдай госпиталь куруп, 10 чакты Балдар үйүн негиздеп, 50 миңдей адамды бага ала тургандай даражага жетет.
Терезага 1979-жылы “Нобель” сыйлыгы ыйгарылган. Бирок салтанатка келүүнүн ордуна Бейрутка учуп кеткен. Анткени кандуу өрөөндөн 38 жаш баланы алып чыгып кетүү миссиясы аталган сыйлыктан ары жогору, ары сыймыктуу эле. Жүрөгүнө ааламга жетерлик сүйүүнү батырган улуу эне 87 жашка чыгып көз жумган.

Жашоо – мүмкүнчүлүк, аны колдонуп кал.
Жашоо бул – сүйүү, сүйүүнүн даамын тат.
Жашоо – табышмак, аны чечүү өз колуңда.
Жашоо – күрөш, татыктуу түрдө жеңип чык.

Тереза.

ЭҢ СУЛУУ АЙЫМ
“Дүйнөнү сулуулук сактап калат” дешет. “Бардык мезгилдин сулуулук ханышасы” деген атка ээ болгон америкалык Одри Хепбёрн 1929-жылы туулган. Сулуулугу дүйнөнү багындырган актриса, модель Одринин көзүн тиктеп, режиссёр “ушунчалык сулуу көздөрдө неге коркуу катылган?” деп сураган.
«11 жашында немис аскерлеринин колуна түшүп, үч күн туткунда жатып качып чыккан Одринин жүрөгүндө түбөлүк коркуу сезими катылып, өмүр бою аны коштоп жүргөн» дешет. Дүйнөлүк атакка жеткен учурда да аброюна шек келтире турган иш, жаман адаттарды кылбагандыгы менен да ал аруулуктун символу катары калган. Одри Хепбёрн 1993-жылы каза болгон.

ЭҢ ТААСИРДҮҮ ХАНЫША
“Дүйнөдөгү эң таасирдүү айым Елизавета II – Улуу Британиянын жана Түштүк Ирландиянын ханышасы. 10 жашында тактыга мураскер аталып, 1952-жылы таажы киет. Ханышанын таажы кийүү салтанатын телевизордон көрүү мүмкүнчүлүгү биринчи жолу түзүлгөн.
Елизавета II эмнеси менен таасирдүү? Ал элин чын жүрөгүнөн сүйөрүн иши менен далилдеп, Экинчи дүйнөлүк согушта титулуна, таажысына карабай жарадарларды ташыган машинанын айдоочусу болуп, кээде санитардык да кызматтарды аткарган. Принципиалдуулугу, ханышалык сөөлөттү бийик туткандыгы менен эл оозунда калган. Елизавета эң узак мөөнөткө бийлик кылган монарх катары да белгилүү. Учурда ал 84 жашта.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

8-МАРТТА АЯЛЗАТЫ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛАСЫЗ?

Жолборс Жоробеков,
профессор:
– Бул майрамды бизге СССР таштап кетпедиби. Адамзаттын экинчи жарымы болгон аялзаты үчүн эмне кылсак да аз. 8-Мартта өмүрлүк жубайымды, неберелеримди, кесиптештеримди жылуу сөздөр менен куттуктайм. Негизи, аялзаты үчүн гүл мыкты белек болот го.

Нуржигит Бекболсун уулу,
студент:
– 8-Мартта сүйүктүү карындашыма жумшак оюнчук белек кылайын деп жатам. Жандай көргөн апама эмне белек алууну дагы деле чече элекмин. Анан интернеттен таанышкан Sweet one аттуу бийкечке открытка камдап койдум. Буюрса, жолуксак өз колуна тапшырам.

Эм Альберт,
айдоочу:
– Мен 8-Мартта Орусияга сапар тарткандыктан, жолдо болуп калат экем. Ошондуктан пландалган сюрприздеримди кыла албай калат окшойм. Эми алыс жакта болсом да телефон аркылуу кичинекей небере кыздарымды куттуктап СМС жазам.

Урмат Супатаев,
инженер:
– 8-Март күнү атайын Ысык-Көлгө барып алтын апам менен карындаштарымды куттуктап келейин деп жатам. Бишкектен алардын көңүлүнө жага турган белектерди алып кетем. Силердин гезиттен эмне белек кыларымды окуп алышпасын. Ошондуктан айтпай турайын.

Орозобек Аккабаков,
Свердлов райондук администрациясынын уюштуруучусу:

– Бул күндөрү Свердлов району тарабынан уюштурулуп жаткан Чернобыль окуясында каза болгон адамдардын жесирлерине майрам уюштуруп берүүнү көздөп турабыз. Азыр ошол чакыруу баракчаларды таратып жүрөм.

Айбек Исмаилов,
студент:
– 8-Март күнү мен үйдөгү иштердин баарын моюнума алам го деп ойлоп турам. Баалуу жана оригиналдуу белектерге гүл кошуп берем. Менден белек күтө турган адамдар – сүйүктүү апам, келиним жана сүйлөшкөн кызым. Үчөөнү бул күнү кубандыруу – менин милдетим.

Эльдар Иманалиев,
студент:
– Майрамга азыр эле чын дилимден каалоо айтып кетсем болобу? Биздин апаларга энелик бакыт, жаштарга таза ыйман, тунук акыл жана ийгиликтерди каалайм. Бул күнү апам менен карындашыма колдон келген белегимди берем.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
aminali
2011-03-04 21:18:53
Mairaminizdar menen nazik ayalzaty!!!!
0
arlekino
2011-03-05 10:53:37
Сенин кунун 8 март дегендей болбой, калоорум аялзатты ар бир куну жылуу соз менен мырзалар эркелетип турса, аялзат кулагы м-н суйот болуп, мырзалардын козу м-н суйгонуно тырышат эле.........Акылдуу, назик, уян, сулуу!!!
0
jumiraja
2011-03-05 21:48:31
Дуйнодо тендешсиз аял затына таазим озгочо апаларыбызга майрамыныздар мн.
0
smile
2011-03-11 06:20:16
Super info sonun kaaloo eken Rahmat;)
0
Akulina
2011-03-11 14:11:17
чооооң рахмат!!! Урматту быздин мырзылыр сиздерди да 23-февраль өтүп кеткен майрамынар менен куттуктайм!!!
0
№ 435, 4-10-март, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан