Динозаврларды тирилткен “Юр доорундагы дүйнө: Кайра жаралуу” тасмасы

Динозаврларды “жашообузга алып келген”, алардын көркөмдүгүн, күчүн, коркунучун экран аркылуу чагылдырган тасмалардын бири – “Юр доорундагы парк” тасмасынын алгачкы бөлүмү 1993-жылы чыккан эле. Бул алп жаныбарлар тууралуу тасма көрүүчүлөргө ушунчалык жаккандыктан, франшизага айланды. 2025-жылы 7-бөлүм – “Юр доорундагы дүйнө: Кайра жаралуу” экранга чыгып, бул жылдын эң кассалуу фильмдеринин тизмесинде 4-орунга илинди. Анда жаңы бөлүм тууралуу маалыматтарга көз чаптыралы.

 

Тарткан өлкө: АКШ

Чыккан жылы: 2025-жыл, 1-июль

Жанры: илимий фантастикалык боевик

Режиссёру: Гарет Эдвардс

Сценаристи: Дэвид Кепп

Узактыгы: 2 саат 13 мүнөт

Башкы ролдордо: Скарлетт Йоханссон, Махершала Али, Жонатан Бейли, Руперт Френд, Мануэль Гарсия-Рульфо, Эд Скрейн

Бюджети: 180-225 миллион доллар

Кассадан топтогон каражаты: 865,5 миллион доллар

Адам vs динозавр

Динозаврлар бар Юр дүйнөсү. «Genetek» корпорациясы оор илдеттен айыктырчу дары ойлоп табуу максатын көздөйт. Ал үчүн жоголуп бара жаткан динозаврлардын ДНКсы керек: мозазавр – деңиз жырткычы, титанозавр – чөп жеген гигант жана кетцалькоатль – жырткыч куш. Бул динозаврлар “ме” деп эле ДНКсын оңой берип койбойт да. Андыктан компания мыкты даярдыктагы адамдарды, медицина кызматкерин жалдап динозаврларды издеп жолго чыгышат. Күтүлгөндөй эле максат оңою менен ишке ашпайт, жырткычтар менен адамдардын кагылышуусу, кызыктуу окуялар, жаратылыштын кооздугу, флора-фаунанын түрдүүлүгү чагылдырылат. Өзүңүз же балдарыңыз динозаврларга кызыкса, тасманы көрүп койсоңуз болот.

Жаратмандар

Актёрдук курамдан белгилүү адамдарды, тагыраагы, Скарлетт Йоханссон, Махершала Али, Жонатан Бейли, Руперт Френд, Мануэль Гарсия-Рульфо, Эд Скрейн жана башкаларды көрсөк болот. Бирок “Юр доорундагы дүйнө: Кайра жаралуудагы” бул курам толугу менен жаңы. Тасманын мурунку бөлүктөрүндө тартылган актёр-актрисалар акыркы бөлүмгө чакырылган эмес.

Ал эми режиссёрлук пультта буга чейин “Годзилла” тасмасын тарткан режиссёр Гарет Эдвардс болду. Сценарийдин авторлугуна буга чейин аталган франшизанын 1-2-бөлүмдөрүн жазууга катышкан Дэвид Кепп чакырылган. Режиссёр менен сценарист ашыкча экшнден качып, чыңалуу, күтүү, коркуу, ырахаттануу сезимдерин жарата турган көз ирмемдерге басым жасаганын айтышат. Ал эми жаратмандардын баарын бириктирген тасманын аткаруучу продюсери Стивен Спилберг болду.

Скарлетт Йоханссондун кыялы орундалды

Актриса Скарлетт Йоханссон бала кезден “Юр доорундагы парк” тасмасынын күйөрманы болгонун айтат: “1993-жылы чыккан 1-бөлүмүнүн плакатын сатып алып, бөлмөмө чаптап койгонум эсимде. Кийин мен да жок дегенде бир бөлүмүнө тартылсам деген кыял пайда болду. Тасма башталган алгачкы 5 мүнөтүндө өлүп калсам деле мейли эле. Иши кылып тасманын бир бөлүгүнө айлансам дечүмүн”.

2025-жылы чыккан “Юр доорундагы дүйнө: Кайра жаралуу” тасмасындагы Зора Беннеттин ролуна алгач актрисалар Женнифер Лоуренс жана Аманда Сейфрид чакырылган эле, бирок экөө тең баш тартышкан. Анан Скарлетт Йоханссондун кыялы орундалып, кастингге чакыруу алган. “Сүйүнгөнүмдү айтпа, кастингге барганымда толкунданганымдан айтчу сөзүмдү унутуп “кулап” кала жаздагам” деп эскерет актриса.

4 мамлекетте тартылган

Тартуу иштери 2024-жылдын жай, күз айларына туура келди. Тартуучу топ жасалма эмес, реалдуу локацияга басым жасашкан. Тартуучу топ, актёрдук курам реалдуу жаратылышта чыныгы экспедицияга чыгышкан. 

Таиланд

Таиланддагы улуттук парк жана жунгли токойлору фильм тартылган негизги аймак болуп эсептелет. Тасманын режиссёру Таиландда тартуу иштери экстремалдуу болгонун, актёрлор токой, саздардан өтүп тартылышканын айтат. Жергиликтүү адамдардын жардамы менен күнүгө тартуу иштери өтчү аймакты уулуу жылан, пауктардан тазалап турушкан. “Актёрлордун жүзүндөгү коркунуч, ысык аба ырайы, белгисиздик сезимдерин көрөрман чындап сезсин дедик” дейт режиссёр.

Мальта

Мозазаврды издеп океанга барган сценалар Жер ортолук деңизинде тартылган. Команда деңиздеги күтүүсүз агымдарга, бороон-куюндарга туш болуп кыйналышкан. “Бул мен океандан тарткан акыркы тасма болсо керек, абдан оор экен” дейт тартуудагы көз ирмемдер тууралуу режиссёр. Динозавр кемеге кол салган учурлар, албетте, компьютердик графика жана ЖИнин жардамы менен жасалган.

Лондон жана Нью-Йорк

Улуу Британияда динозаврлар изилденген лаборатория тартылган. Ал эми Нью-Йорк шаарында шаардын көрүнүшү түшүрүлгөн эпизоддор жаралган.

Динозаврлар

Динозаврлар жана андан башка байыркы жаныбарлар кинофильмдерге визуалдык эффекттерди жараткан Industrial Light & Magic студиясында аниматроника жана компьютердик сүрөттөрдүн жардамы менен жасалган. Динозаврларды жаратууга палеонтолог Стивен Брусатти кеңешчи катары жардам берип, оңдоп-түзөөлөрдү киргизген.

Адамдарга каршы башкы антагонист Дистортус Рекс аттуу мутант динозаврды көрөбүз. Анын образы “Чужой” тасмасындагы ксеноморф, “Звёздные войны” фильминдеги ранкордун кошулмасынан жаралган. “Лабораториядан мутант динозаврларды чыгаруу менен адамдар табияттын мыйзамдарына каршы кадамдарды жасаганда кандай катастрофа болорун көрсөткүбүз келди...” дейт тартуучу топ.

Кассалык ийгилик

Фильмди тарткан Universal студиясынын маалыматына ылайык, “Юр доорундагы дүйнө: Кайра жаралуу” прокатка чыккан биринчи аптада эле дүйнөлүк прокаттан 318 миллион доллар топтоп койгон. Бул көрсөткүч буга чейинки бөлүмдөрүнөн ашып өткөн рекорд. Андан сырткары 2025-жылы чыккан тасмалардын кассалык эсебин чыгарганда “Юр доорундагы дүйнө: Кайра жаралуу” 4-орунду ээлеген. 1-орунда “Ажыдаарлардын падышасын жеңген Нэчжа”, 2-орунда “Лило жана Стич” анимациялары, 3-орунда “Minecraft кинодо” тасмасы турат.

Айрым кино сынчыларына жакпай калды тасма, кемчиликтерин айткандар көп болду. Бирок жөнөкөй көрөрманга жакты, буга кассадан чогулган 865,5 миллион доллар далил.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1190, 3-9-октябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан