Рахман Разыков: «АРТИСТТЕР МЕНЕН ИТ ДАГЫ УЧУРАШПАЙТ...»

Куудул Рахман Разыков 55 жашта. Ушул жашка келгени бир топ долбоорлорду ачып, кулкү менен элдин маанайын көтөрүп келет. Эмесе, чоң куудулдун чыгармачылык жолу, өмүр таржымалы тууралуу маекти окуңуз.

– Рахман агай, “Аралаштан” ашып, башка куудулдар менен ар айдын 25инде концерт коюп баштапсыз...
– “Ар бир айдын алтысы “Аралаштын” азил-күлкү кечеси” долбоорун жаап, башка ачалы дегем. Куудулдар “эл көнүп калды, биз иштей бербейлиби” дешкенинен кийинки долбоорду ачтым. Негизги курамды “Беш тапан”, “Беш абышка”, “Беш кемпир”, “Жоролор”, “Шаты” куудулдар тобу түзөт. Биздин заман өттү, биз кандайдыр деңгээлде өтөөчүбүздү өтөп койдук, эми жаш куудулдарды өстүрөлү.
– Сахнада бир топ жылдан бери жүрөсүз, ушул мээнетти актап дейбизби же мактап дейбизби, Маданиятка эмгек сиңирген ишмер наамын алыпсыз, куттуктайбыз.
– Маданият министри “документтериңизди алып, министрликке келиңиз” деп чакырды. Барсам, эми документ толтуруу бир топ эле машакат. Анан кайра министрге кирсем күлөт. “Сиз билбейсизби, биерде артисттер эртеден кечке эле жүрүшөт го. Мен келгенден бери 10 киши келсе, анын жетөө “наам бер” деп кирет” дейт. Ошентип, эртеси президент чакырып наам тапшырды.
– Президенттин сатира жөнүндө ой-пикирин уктуңуз, анан эмне деди?
– Президент “сатира – коомдогу идеологиялык чоң бир рычаг. Куудулдар айтпаган күндө деле эл аны пикетке чыгып айтып алат. Биз куудулдарды “туурап жатат, шылдыңдап жатат” дегенибиз болбойт. Өлкөдө сатира театры жок экен, бул тууралуу дагы сүйлөшөбүз” деди. Азырынча кире элекмин. Бирок сатира мамлекеттен оолак, эркин болгону эле оң. Биз бюджеттен театр ачсак, эртең сатира деген атын жоготушу толук мүмкүн. Себеби каржылап жаткан тарап көзөмөлдөп каларында шек жок.
– Президентти же башка бийлик өкүлүн тууроо ар бир куудулдун колунан келет, сиз буга кандай карайсыз?
– Пародия жарашса, жакшы. Президент, депутат же министр жаманбы-жакшыбы, эл тарабынан шайланган бийлик өкүлү. Ал инсандын беделин сакташ керек. Мындайда мыйзамы жок эле туураган куудул өзүнүн адебин, сүйлөп жаткан сөзүн көзөмөлдөй билсе.
– Сатирадан саясатка ооп кетейин деген ой бар да сизде?
– Азыр сатира – саясат болуп калды. Маданиятта мыйзамды оңдой турган көп көрүнүштөр бар. Депутат болсом, маданият тармагындагы толгон-токой маселелерди чечермин деген ойдо ат салышып көргөм. Эки жолу Баткенден, анан Кара-Суудан депутаттыкка талапкерлигимди койгом. Мен 5 санын жакшы көрөм. 5 пайыз шайлоочум бар экен деп тим болдум.
– “Баркын билип бакылдаган үнүмдүн, шайлоо болсо, шайдоот болуп сүйүндүм...” деген ыр саптарыңыз ошол кездеги шайлоодо жаралган белем?
– Ыр мага эмес, бүтүн артистмин дегендерге тиешелүү. Шайлоо болду, шайлоодо биринин артынан бири чалат, “бул партияга, тиги партияга иште” дешип, өмүрү тааныбаган аким, губернаторлор кайрыла баштайт артисттерге. Шайлоо бүттүбү, артисттер менен ит дагы учурашпайт.
– Бүгүнкү күндө сатира элге жакпай калуу коркунучу барбы?
– Кыргызды күлдүрүү кыйын. Ал эми саясий сатираларды бат кабыл алат. Турмуштук интермедияларды ойносок, элге анчейин жакпайт. Концертте парламенттеги болгон талкууну бир эле четин чыгарып койчу, калганын айттырбай түшүнүп, жыгылып калышат күлкүдөн.
– “Устаттан шакирт озуптур” дейт. Балдарыңыздын кимисин тың чыкма деп айтасыз?
– Ар биринин артыкчылыгы бар. Талант өзү жалгыз чыкканда куудулдукту катырат. Тынар жанында бирөө болсо интермедияны мыкты ойноп, боорду эзет. Санжар Манастын көчүрмөсү.
– Таптаган тарап менен талпынган жакта пикир келишпестиктер жаралууда, сиздерде мындай болду беле же ичке сактап жүрөсүзбү?
– Гүлшайыр менен Кенженин кайым айтышуусу туура эмес. Бири айтса, экинчиси жооп бербей кутулса болмок. “Бешиликтен” он жыл мурда Санжар менен Эрнист чыгып кетип, кийин кайра эле келишкен. Азыр өздөрүнүн топтору бар. Мага келип “агай, бизди кантип башкарып жүрдүңүз, азыр 3 балага түтпөй кетебиз” дешет.
– Колумда “Чоң куудулдун чөнтөк китеби” деген китебиңиз турат. Ырларды, сатираларды окуп, бир канча ой жаралды.
– Бир жылдан соң долбоорлорду жабайын деп турам. Чарчадым. Кээде өзүмө суроо берем, “мага ушунун баарынын эмне кереги бар эле?” деп. Кайра элден жакшы пикир угуп кайраттанам. “Аскадагы узун жол” деген роман баштагам. Ошого баш отум менен киришсемби деп турам.
– Маркум Манас Бердибеков тууралуу жазган ырларда досуңуздун сырын ачып койгонсуз, а киши тирүү болсо сиздикин айтмак экен?..
– Эми ал кезде жашпыз да, концерттерде кыздар менен сүйлөшүп калсам, Манас дароо “сени алам деп айттыбы, чоң кыз?” дечү. “Айта элек болсо, азыр айтат” дечү, ыраматылык. Бир энеден, бир атадан туулбаганыбыз эле болбосо, жакын элек. Бир күнү ооруп калып, укол сайдырып келгенбиз. Эртең менен ойготсом турбайт, «тамашалаба» десем, жок, ошол уктаган боюнча ойгонбой калды. Эки саат өзүмдү билбей турупмун. 3 күн уктабай калгам, ыйла дешет, ыйлай албай...
– Армандуу махабат тууралуу да жазыпсыз?
– Ал ыр 10-класста жазылган. Өмүркан деген классташ кызымды жактырчумун. 10ду бүтөрдө башкалар кудалап келишиптир. Мен “алам” десем, атам урушуп, “аскерге жөнө” дейт. Анан ал кыз өзүн “асып алам” деп коркутуп, өзүнчө эле кино болгон. Ошентип, Өмүркандын тоюна барып, аккордеон менен ырдагам, болгондо да ыйлап алгам десең. Эң кызыгы, мектепке 35 жылдыкка жолугушууга бардык. Кечени мен алпарышым керек болуп, “эже-агайларга алган калпак кайда?” десем, желмогуз балдар “калпактар тээтиги аялда, барып ал” дешти. “Эже, калпактарды бериңиз?” десем, ыйлап жиберсе болобу. Көрсө, ал Өмүркан экен. Айылда жашап, 9 баланын энеси болуп калса, тааныбай калыпмын.
– “Балдар калат каны да бир, жаны бир, кетип жатып ойлонуп көр дагы бир” депсиз, мен муну түз эле үй-бүлөңүзгө байланыштырдым...
– Бул ырды заказ менен жазгам. Ырчылардын суранычы боюнча. Үй-бүлөм тууралуу бирөө сураса эле, Манас досум: “Рахмандын менден өзгөчөлүгү, ажырашпай туруп үйлөнгөнүндө. Мен ажырашып, анан үйлөнсөм, бул ажырашпай туруп үйлөнөт” дечү каткырып. Үч аялым бар. Үчөөнөн 3 уул, 3 кыз. Азыр үчүнчү жеңең Диля менен жашайм. Экинчи аялымдан Каныбек, быйыл үйлөнтсөмбү деп жатам. Улуу балам үй-бүлөлүү, бала-чакасы бар. Чоң кызымды Санжар Кошбой уулу деген ырчы жигитке бергем, "Ай жеңелерди" ырдаган күйөө балам болот. Дагы бир кызым турмушта, бирөө Кытайда окуп жүрөт. Эң кенже уулум 10-класста окуйт. Өзүм соопчулук иштерин, бирөөгө жардам бергенди жактырам. Бирок дагы деле үйүм жок. Бек, Алинага үй алганга жардам берип эле, өзүмдү ойлобой койгон окшойм.

Бурул Исмаилова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Маек - Рахман Разыков
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
aminali
2011-03-04 21:12:54
3ayalim bar,dagi ele yiym jok?????
0
lider-kg
2011-03-05 09:01:28
Манас акамдин олтурганы деле кулкулуу
0
MurasKgPatriot
2011-03-05 15:14:21
Мен Рахман байкенин бир ыр китебин окугам.Ошондон кийин бул кишини,юморист катары эмес,акын катары бааладым.Создорунун философиясы абдан кучтуу.Эгер мумкун болсо медия порталга Тил жонундо анан Торолбой калган арман деген чыгармасынын МР3 фрматы болсо кошуп койсонор суранарым.
0
2011-03-06 05:35:39
Эмгектери бааланганына кубанам.
0
2011-03-06 17:05:52
Сыйлыгыныз кут болсун Рахман байке. Сиз Абдылда, жана Борончу мыктысынар соз жок, врожденный куудулсунар. Бирок жанагы Тынар Курбаналиев деген куудулунар такыр элге жакпайт.Ошол жигит такыр чыкпай эле койсо.Силердин жакшы составты ошол эле бузуп коет.
0
TolonturCN
2011-03-07 00:14:21
"Аралаш" ты түзүп канчалаган куудулук тобун түзүп, азыркы убакта болсо ар бир айдын алтысы, аралаштын азил тамашасы атту кечеликтин двд дисгин издеп таап көрүп келетабыз,жасаган эмгегиңиздерге алкыш,азаматсыздар,сиздердин концертиңиздерди дисктен көрүп жүрүп бирдекени көптөн бери ойлоп жүрөм (жакага кыстарып алуучу микрофонон) бир жүрүш белек кылгым келип жүрөт Кытайдан жиберип
0
Kirgizshaa
2011-03-09 06:35:59
3 аял алгандан көрө бир үй алып алсаңыз болчу экен агай :). Студент учурда куудул боло койчубуз деп Рахман агайыбыздын бир концертинде "интермедия койгула карап көрөбүз дегенинен" сүйүнүп-сүрдүгүп жетип барсак, убакыт тар деп койдурбай койгонун эстеп күлүп алдым :). Бар болуңуз агай!
0
sevinch
2011-03-11 22:25:04
"Санжар Манастын копиясы" дегенге таптакыр кошулбайт элем... сырткы келбети эле болбосо Манас Бердибковдун баласы дегенге татыктуу эмес деп ойлойм Санжар. Манас байке кыраакы, акылдуу, интелектуалдуу киши болгон. Санжарда мындай сапаттар таптакыр жок. Жалжандап эле эптеп элди кулдургону болбосо кээде мааниси жок суйлоп кыжырынды келтирет.
А Манас байкенин тамашаларында ар бириринин озунун философиясын табууга болот эле... Эх, Манас байкедей бир кылымды бир торолот го:(((
0
№ 435, 4-10-март, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан