Жер планетасы жана Күн системи кирген галактика – Саманчынын жолу деп аталат. Бул аталыш кыргыздарда самандардын узунунан чачылып калгандай көрүнүштө болгонунан улам келип чыккан деп айтылат.
“Сүттүү жол” деп да аталат
Саманчынын жолу башка элдерде “Сүттүү жол”, “Асман дарыясы” деп да аталат. Бул сөз байыркы гректердин “galaxias” – сүт-түү айлампа деген сөзүнөн келип чыккан. Грек уламыштарына кайрылсак, алардын биринде нике, үй-бүлө Кудайы Гера күйөөсү Зевстин башка аялдардан туулган балдарын эмчек сүтүн берип багуудан баш тарткан. Бир күнү ал уктап жатканда Зевстин башка аялынан баласы Гермес анын төшүнө Гераклды жаткызып коёт, ал эмип баштайт. Гера ойгонуп кетип эмчегин тартып алганда, чачыраган сүт “Сүттүү жолду” түзүп калган деп айтылат. Галактиканын жашы болжолдорго караганда, 12800-13600 миллион жылдын тегерегинде.
Күндөн чоң жылдыздар бар
Курамында орточо эсеп менен 100-400 миллиард жылдыз бар. Алар бири-биринен ар кандай алыстыкта жайгашкан жана бетиндеги температурага жараша өңдөрү да ар башка. Ак-көгүш өңдөгү жылдыздар эң ысык жылдыздар болуп эсептелет. Ал эми кызыл жылдыздар муздак жылдыздардын катарына кирет. Жылдыздардын аралыктарында чаң жана газдар бар.
Күн болсо жылдыздардын бири. Көпчүлүк жылдыздардын чоңдугу Күндүн чоңдугундай. Тагыраак айтканда, диаметри 1 390 000 чакырым. Кээ бир жылдыздар Күндөн 100 эсе чоң болсо, кээ бирлери 300 эседей чоңдук кылышат.
Саманчынын жолу курамына 100дөй башка галактикаларды камтыган “Жергиликтүү галактикалар тобуна” кирет жана чоңдугу боюнча Андромедадан кийинки орунда турат. Биздин галактиканын 20дай спутниги бар, алардын ирилери Магалландын Чоң жана Кичине булуттары. Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө караганда, 4 миллиарддай жылдан кийин Саманчынын жолу менен Андромеда кагылышып, жаңы галактика жаралышы мүмкүн.
Дал ортосунда Кара тешик жайгашкан
Биздин галактика көрүнүшү боюнча спиралдуу галактикалардын катарына кирет жана башкаларына салыштырмалуу жаркырап турат. Так ортосунда абдан массивдүү, чоң “Срелец А” кара көңдөйү жайгашкан. Ал абдан бекем тыгыздыкка жана мыкты тартылуу күчүнө ээ. Андыктан андан жарык да суурулуп чыга албайт. Чоң кара көңдөйдүн тегерегинде майда кара көңдөйлөр жана жаштары 2 миллиард жылды түзгөн картаң жылдыздар айланып жүрүшөт. Асман материялары кара көңдөйгө сорулганда майда бөлүктөргө бөлүнүп, күчтүү нурданууну чыгарышат.