Үй тазалоочу каражаттарды колго жасайбыз

Белгисиз химикаттар кошулган тазалоочу каражаттарды колдонуунун ордуна үй шартында ал каражатты жасап алууга болот. Анан да дүкөндөн алганга караганда арзаныраак түшөт.

 

Ашканадагы майга каршы

Керектелүүчү каражаттар:

1. 1 стакан жылуу суу

2. 2 аш кашык уксус (9%)

3. 1 чай кашык сода

4. 1 чай кашык суюк самын

 

Аталган каражаттардын баарын аралаштырабыз да, чачыраткычы (пульверизатор) бар бөтөлкөгө куюп алабыз. Ашканада май болгон газ-плитанын, столдун жана башка аймактарды жууй берсеңиз болот.

 

Белгисиз химикаттар кошулган

Күнүмдүк үй жыйноо үчүн да каражат жасап алыңыз. Муну менен кафель, пол, раковина, керекпи айнек жууса да жарайт.

Керектелүүчү каражаттар:

1. 1 литр суу

2. 2 аш кашык лимон ширеси

3. 1 чай кашык туз

4. 2 чай кашык уксус

 

Баарын жакшылап аралаштырабыз, күндө колдоно берчү каражат даяр. Негизгиси колдонордун алдында колуңузга резина кол кап кийип алыңыз.

 

Жумшак эмерек тазалоочу каражат

Үйдөгү жумшак эмеректерди тазалоого өзгөчө кылдаттык менен көңүл буруу керек. Эмеректерди тазалоочу каражат төмөнкүдөй жасалат. 

Керектелүүчү каражаттар:

1. 0,5 стакан жылуу суу

2. 0,5 стакан уксус

3. 1 чай кашык суюк самын

Алгач бетиңизге бет кап, колго резина кол кап киесиз. Аралашмагы чүпүрөк салып нымдап алып, акырындык менен дивандын булганган жерлерин сүртүп койсоңуз болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1192, 17-23-октябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан