Адилет Акматов, каскадёр, актёр: СҮРДҮҮ КӨРҮНГӨНҮМ МЕНЕН, МҮНӨЗҮМ ЖУМШАК

Бул жолку каарманыбыз – көптөгөн чет элдик тасмаларда каскадёрлук милдетти аткарып жүргөн Адилет Акматов. “Каскадёрлук – кумар. Ага бир кирип алсаң, андан башка жашоону элестете албай каласың. Түрдүү трюктарды аткаруу жашоомдун ажырагыс бөлүгү болуп калган” деген каарманыбыз жаңылыктары, мүнөзү, эл билбеген өнөрлөрү менен бөлүштү.

 

– Саламатсызбы, Адилет мырза? Сизге чалганыбызда “съёмкада жүрөбүз, бошогондо байланышам” дедиңиз. Ошондо кайсы жанрдагы тасмага тартылып жатасыз?

–  Биз учурда "Мафия" деген тасмага тартылып жатабыз. Анда экшн-режиссёр милдетин аткарам жана өзүмдүн  командам менен трюктарды жасап жүргөнбүз. Тасманын продюсери Али Токтакунов, режиссёру Дастан Мадалбеков.

– Баш-аягы канча тасмага тартылдыңыз жана өзүңүз тарттыңыз? Алардын ичинен кыйынчылык жараткандары жана купулуңузга толгондору кайсылар болду?

–  Чынында, канча тасмада актёр, каскадёр катары тартылганымды эсептеп көрбөптүрмүн. Орточо эсеп менен 30дай тасмага тартылдым. Өзүм режиссёр болуп тарткандардын саны 10 чакты. Каскадёрлук – кумар. Ага бир кирип алсаң, андан башка жашоону элестете албай каласың. Түрдүү трюктарды аткаруу жашоомдун ажырагыс бөлүгү болуп калган.

Негизи кайсы тасманы болбосун тартып жатканда кыйынчылыктар чыгат. Кээ биринде материалдык жактан болсо, айрым учурларда актёрлор жакшы чеберчиликте аткара албай кыйнайт. Же ойдогудай мыкты актёрду табуу кыйын болуп чыгат. Купулума толгон азырынча 1 эле тасмам бар, ал – "Кызганыч".

– Казакстандын “Номад” каскадёрлор тобунун мүчөсүсүз. Чет элдик тасмаларга тартылууга ошол топ аркылуу чыгып келесиз. Кыргызстанда ошондой топ же мектеп түзүүгө болбойбу?  

– “Номад” каскадёрлор тобуна 10 жылдай кызмат өтөдүм. Анан ойлонуп, мекенимде "Warrior stunts" (“Жоокер”) аттуу жеке каскадёрлор тобун түздүм жана аны жетектеп келем. “Номаддын”артыкчылыгына келсек, бизге караганда Казакстанга   чет өлкөлүк киночулар көп келип, биргеликте көп тасмалар тартылат. Башкача айтканда, чет өлкөлүктөр менен иштешүүгө, тасмаларына тартылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Негизи таланттуу жаштар үчүн каскадёрлор мектебин ачып, ошолорго устат болсом деген оюм, планым бар болчу. Бирок мектептин жоопкерчилиги чоң болгондуктан топ эле ачтым.

– Сизди киного тартууга Кыргызстанда талап көппү же чет өлкөдөбү?

– Жеке топту ачкандан кийин чет өлкөлөр менен түз иштешүүгө мүмкүндүк түзүлдү. Сүйлөшүүлөрдү да жүргүзгөнбүз.   Мисалы, Азербайжан, Якутия, Өзбекстан менен. Бирок азырынча өзүбүздүн өлкөдө сунуштар көп болгондуктан, бул жакта иштеп жатабыз. Бизде кийинки кездерде тасмалар байма-бай тартылып, эл кинотеатрларды көздөй агылып калды. Бул мезгилден пайдаланып калууну каалаган режиссёрлор четтен чыгат. Ким билет, катар-катар тартылып жаткан кыргыз кинолорунун сапаты жакшырып, балким, өткөн кылымдын 80-жылдарындагы кыргыз кереметтериндей дүйнөлүк кинематографиядан өз ордун табар. Бирок азырынча масштабдуу фильмдер тартыла элек. Анан бизде каскадёрлор аралашкан тасмалар азыраак. "Курманжан датка" фильминде бир аз бар. Мурун фильм тартуучулар “каскадёрлор көп сурайт экенсиңер” деп айтышчу. Азыр, Кудайга шүгүр, бизге түшүнүү менен мамиле кылып, эмгекти баалап калышты. 

– Кыргызстанда басмачылар тууралуу вестерн  тартам деп жүргөн элеңиз. Качан тартасыз?

– Буюрса, даярдыктар жүрүп жатат, балким, 2026-жылы тартып башташыбыз мүмкүн.

–  Сизге, өзүңүзгө кандай жанрдагы фильмдер жагат?

– Мен комедиядан такыр алысмын. Эмнегедир күлө албайм. Мага илимий фантастика, тарыхый жана триллер, детектив жанрындагы фильмдер жагат.

– Бул суроону бербесем болбос. Канча ирет кайсы жерлериңизден жаракат алгансыз?

– Машыгууларда, кинолорго тартылуу учурунда жалпы 50дөй жаракат алдым, анын 30дайы киного тартылуудагы жаракаттар жана сыныктар. Ирилеринен мисал келтирсем,  2 колум тең 2-3 ирет сынган, бутум сынган, моюнумдан чоң жаракат алгам. Майда-чүйдөлөрү толтура.

– Кичинеңизден Жеки Чанды кумир тутуп, каскадёр, актёр болдуңуз. Ага жолуксаңыз эмне деп айтат элеңиз?

– Жеки Чанга жолуксам... Билбейм эмне демекмин, азыр айтуу кыйын. Анын актёрлук талантына, режиссёрлук изденүү, табылгаларына баа берем. Канча муундагы жаштарга эргүү берди, актёр болуусуна салым кошту. Анын тасмаларында канчалаган трюк сценалары, мушташуу бар болсо да, таң калычтуусу, көрүүчүлөрдө агрессия жаратпаганында. Мунун сыры, менимче, баары юмор менен бериле турганында. 

– Кытайга шаулинь кечилканасына (монастырь) барып, дагы көп нерсени үйрөнүп келүү кыялыңыз болгонун билебиз. Ал кыял качан ишке ашышы мүмкүн?

– Ал кыялымдан азыр кайткам. Себеби режиссёрлукка көбүрөөк басым жасап кеттим.

– Сыртыңыздан мүнөзүңүз каардуудай көрүнгөнү менен, сүйлөшө келгенде жумшак экенсиз...

– Баары эле “сүрдүү көрүнөсүң” деп айтышат. Мүнөзүм жумшак, өтө сабырдуумун. Ачуум келгенде бийиктиктен секирип, бугумду адреналин алуудан чыгарам (күлүп).

– Спорттун кайсы түрлөрү менен машыгасыз?

– Чынын айтсам, азыр  убакыттын тардыгынан спорттон алысыраакмын. Убагында алгач акробатика, паркур, кыргыз күрөшү, андан кийин у-шу, тайцзи, айкидо менен машыктым. Кыскасы, спорттун бир топ түрлөрү менен алектендим окшойт.

– Көпчүлүк биле бербеген дагы кандай өнөрлөрүңүз бар?

– Имараттардын долбоорун чием. Мен чийген долбоорлор менен Ошто беш-алты үй курулган. Андан сырткары, мактанбайын, жыгач устамын. 3 жыл эмерек жасаган цехте иштегем. Эмеректерден башка эшик, сандык, бешиктерди кооздоп жасай алам. Өзүм кесибим боюнча сүрөтчүмүн, Ош мамлекеттик университетинде сырттан окуп жүрүп 10 жыл дегенде бүткөм. Анткени 1-курста режиссёр Токтош Абыкеевдин «Шумкар» деген тасмасына тартылгандан кийин кино тармагына ооп кетип, окууну таштап койгом. Ата-энем урушуп жатып кайрадан киргизди эле, түрдүү кыска метраждуу тасмаларды тартам деп кайра куулдум. Ошентип жүрүп акыры бүткөм.

–  Атыңыз Адилет, сурайын дегеним, жашоодо да адилеттүү адамсызбы?

–Адилеттүү болгонго дайым аракет кылып жүрөм. Канчалык адилеттүүмүн, аны мени тааныган адамдардан сурап көрүшүңүздөр керек (күлүп).

– Каскадёрлук менен канча убакытка чейин алектенсе болот?

– Бул адамдын өзүнөн, бизде 60 жаштагы Султан Диканбаев деген каскадёр байке бар.

–  Чынын айтсаңыз, каскадёрлук менен үй-бүлөнү багууга болобу? Бир тасмадан канча каражат аласыздар?

– Азыркы учурда бакса болот. 10 жыл мурун оор болчу. Себеби 1 жылда 1 долбоор болот эле. Азыр Кудайга шүгүр, кээде жетишпей калабыз.

  – Өрт менен суунун ортосунда жүргөн адам үй-бүлөгө кандай болду экен?

– Үй-бүлөдө мыкты жар, ата болууга аракет кылам. Келинчегим азыр мени менен чогуу, кино тармагында гримёр болуп эмгектенет. Чоң кызым Чуйков атындагы көркөм окуу жайында 2 -курста окуйт.  Уулум менен кичүү кызым мектепте окушат.

 

 

Канымжан Усупбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1192, 17-23-октябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан