Азамат Сарыбаев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: "ЖЫЛДЫЗЫМДЫ "БУЛЬВАРЫМ" ЫРЫ ЖАНДЫРДЫ"

Оор басырыктуу, токтоо мырза, лирикалык ырларга басым жасаган Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азамат Сарыбаев бул ирет бизде конокто. Учурда Улуттук филармонияда Алымкул Үсөнбаев атындагы эл шайырлар тобунун көркөм жетекчиси болуп эмгектенип келүүдө. Баса, бул топтун жасап жаткан иштери да атайын сөз кылууга арзыйт.

 

– Саламатсызбы! Ырды сиз элдин көңүлүн ачуучу курал катары көрөсүзбү же жан дүйнөнүн үнүбү?

– Амансыздарбы! Сонун суроо экен. Мен үчүн жан дүйнөнүн үнү десем болот. Ар бир ырымды жүрөгүмдөн өткөрүп ырдайм.

– Сиздин ырларыңызда кайсы эмоция көбүрөөк орун алган деп ойлойсуз?

– Ырларым ар кайсы жанрда. Мисалы, жеңил жана тойлордо элдин көңүлүн ача турган ырларым деле бар. Бирок басымдуу бөлүгү лирикалык, классикалык, нукура эски ырлар. "Кыргыздын уулу" аталышындагы ырымды өзгөчө эмоция менен аткаргам.  Кыргыздын жигитин барктап ырдагам. Бардык ырда мазмунуна жараша эмоция бар.

– Эгер дүйнөлүк бир ырчы менен дуэт жаздыруу мүмкүнчүлүгү берилсе, кимди тандамаксыз?

– Эгер мүмкүнчүлүк болсо, дүйнөгө белгилүү Андре Боччели, Николай Басков менен дуэт ырдамакмын. Бул инсандардын чыгармачылыктарын баалайм.

– Сахнадагы Азамат ага менен кадимки жашоодогу Азамат ага бири-биринен канчалык айырмаланат?

– Күндүз чыгармачылык менен алекмин, кечинде  да тойдо, студияда болом.Чет мамлекеттерге да чыгып турам. Сахнадан түшкөндөн кийин деле чыгармачылык менен алекмин. Себеби ырчы изденүүнүн үстүндө гана жүрөт.

– Бир гана ыр менен элдин жүрөгүнөн орун алам десеңиз, кайсы ырыңызды тандамаксыз?

– Туура. Ар бир ырчынын бирден ыры болот. Ошол ыры анын жылдызын жандырып, калың элге таанытат. Меники – "Бульварым" ыры. Көптөгөн ырларым бар, бирок кайсы жерге барсам эле "Бульварым" ырымды сурана беришет. "Бир ырчынын багын бир ыр ачат" деген туура.

– Эгер ырчылыкты эмес, башка кесипти тандаган болсоңуз, кайсы тармакта жүрмөксүз?

– Дарыгер болмокмун. Атам менен апам экөө тең  медицина тармагында үзүрлүү эмгектенишкен. Кичинемде ата-энемдин жолун жолдоп дарыгер болом дечүмүн. Бирок мектепте окуп жүргөндө ырдап жүргөндүктөн мектепти аяктаганда терең ойлонуп, ырчылык менин жан дүйнөмдүн каалоосу экенин түшүнгөм.

– Өзүңүзгө таандык чыгармаңыз барбы?

– Өзүмө таандык бир обонум бар. Ага акын Жыпара Исабаева эже сөзүн жазып берген. "Досторум" деген чыгарма. Андан сырткары обондорум бар. Элге тартуулай элекмин.

– Эң биринчи жолу сахнага чыккан күнүңүздү эстей аласызбы?

– Жогоруда айтылгандай, мектепте ырдап жүрчүмүн. Алгачкы жолу улуттук филармонияда 1-курс кезимде чоң сахнага чыккам. Комуз менен Асанкалый Керимбаевдин "Энекем" ырын ырдаганым эсимде.

– Кайсы учур сизге "ырчылыкты тандап туура кылыптырмын" деген сезимди берген?

– Сүйгөн кесибим менен ырдап жаткандан кийин ар дайым сыймыктанам. Элдин кол чабуусу эргүү берет. Эмгек сиңирген артист наамын алганда да абдан сүйүндүм.

– Чыгармачылыгыңызды өнүктүрүү үчүн ыр жаздырууга, клип тарттыруу үчүн карызга батып көрдүңүз беле?

– Жок. Бир ырдын чыгышы деле оңой эмес. Шашпай шартыма карап чыгара берем.

– Үй-бүлөңүз тууралуу да айта кетсеңиз...

– Эң улуусу кыз, аты – Айкөл. Уулдарым Темирлан, Муса. Үчөө тең ырга шыктуу. Кызым менен экинчи балам башка кесипти тандашты. Кичүү балам Муса мектеп курагында. Билим алуу менен бирге Шубин атындагы музыкалык мектепте фортепиано классында окуйт. Ар кандай сынактарга катышып жүрөт. Менин жолумду жолдосо керек. Ырчы болом десе колдойм.

– Келинчегиңиз экөөңүздөр бири-бириңиздердин кайсы сапатыңыздарды баалайсыздар?

– Келинчегим абдан токтоо, сабырдуу. Ар бир кыймылын ойлонуп калат. Ал мени "балдарга аябай камкор атасың" дейт. Келинчегим экөөбүздүн токтоо мүнөзүбүз окшош.

– Калың эл билбеген кандай сырларыңыз бар?

– "Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" демекчи, үйдө устачылык кылам.  Андан тышкары сууда сүзгөндү жакшы көрөм.

– Филармониядагы кызматыңыз тууралуу да айтып берсеңиз?

– Филармонияда  Алымкул Үсөнбаев атындагы эл шайырлар тобунда иштейм. Эки жылдан бери топтун көркөм жетекчисимин. Топто кыргыз сахнасынын каймактары иштешет. Былтыр "Раймалы менен Бегимай" мюзиклин тартуулаганбыз. Азыр Чыңгыз Айтматовдун "Жамийла" чыгармасын мюзикл кылып даярдап жатабыз.

– Чыгармачылыктагы дагы башка жаңылыктарыңыз?

– Буюрса, өзүмдүн "Асыл жарым" деген ырым жарык көрөт. Сөзүн Баян Акматов, обонун Кубан Алиев жазып берди. Ноябрда Анкарадагы бир телеканалга чакыруу алдым. Ар бир өлкөдөн бирден ырчы тандап жатышыптыр. Бир ырчы 30 мүнөт оркестрдын коштоосунда жандуу үн менен концерт коёт экен. Түрк ырчысы менен дуэт болот. Ошого кызуу даярданып жаткан кезим.

 

Мээрим Дербишалыева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1192, 17-23-октябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан