Технология заманы канчалык арышын керсе да, адамдын аң-сезиминин түпкүрүндө ата-бабасынан калган каада-салттын эпкини жашайт. Кыргызда илгери кантип кыз берип, уул үйлөгөн? Аларда кандай философиялык ойлор катылган? Сөз ушул тууралуу болмокчу.
Кудалашуу
Үйлөнүү – өмүрдөгү эң маанилүү кадамдардын бири. Жубайлардын кандай урпактуу болорунун кепили катары кудалашууну карашкан. Элибизде буга абдан зор маани берилип, ошондон улам кудалашуу келип чыккан. Кудалашуунун бел куда жана бешик куда, жөн эле кудалашуу сыяктуу түрлөрү бар. Ырасында бел куда менен бешик кудада үйлөнө турган эки жаштын каалоолору эске алынбаганын айта кетүү керек. Бел кудалык балдар али төрөлө элек мезгилде аткарылса, бешик куда балдар бешикте жатканда ишке ашырылган. Бири-бирин көптөн бери билген, көңүлү жакын, мамилелеш адамдар кудалашкан. Анткени “тукумубуз жакшы чыксын, билген адамдар менен куда бололу” деген изги тилек болгон. Эгерде эки жаш чоңоюп бири-бирин жактырбай калышса, аларды зордошкон эмес. Көндүргөнгө аракет кылышкан, болбосо жайына коюшкан. Эгерде кыз жактырбаса, төлөнгөн калыңды кайра кайтарып беришкен. Эгерде жигит баш тартса, анда калың кыз тарапта калган.
Кыз издөө
Жакшы адамдан тукум алуу – кийинки муунга болгон камкордук. Бул нерсеге дыкаттык менен мамиле кылышкан. Адатта “бул жерде жакшы кыз бар, акылдуу же чебер, сулуу экен” деген кептер тарап, ошол кызга ар тараптан жуучу келип турган. Кадыр-барктуу, белгилүү адамдар уулун үйлөчү учурда өздөрү тандап кыз алып берген. Же баласына тажрыйбалуу сынчы кишини кошуп берип эл ичинен кыз издеткен. Бул жөнүндө кыргыз элинин уламыштарында, санжыраларында көп айтылат. Бай Жакыптын Манаска өзү тандап Каныкейди алып бергени, Жээренче чечендин уулуна кыз издеп, Акылкарачачты сынына толтурганы эл оозунда кылымдар бою айтылып келет. “Кымызды ичкенге бер, кызды сураганга бер” деп жуучу келип, кыздын ата-энесин көндүрүү каада-салтыбызда ушул убакка чейин бар.
Жети ата өткөрүп үйлөнүү
Ар бир кыргызга жети атасын шарттуу түрдө үйрөтүшкөн. Анткени тууган чыгып калса, баш кошкондордун ортосундагы бала майып төрөлүп калышы мүмкүн деп сактанышкан. Ар бир кыргыз уулунун жети атасына чейин билүүсү, санжыра сүрүштүрүүнүн негизги максаттарынын бири дал ошол – жакын туугандардын каны аралашып кетүүсүнөн сактоо болгон. Андыктан алыстардан кыз издөө максатка ылайык болгон. Кыз-жигит бири-бирине жагып, кудалар макулдашкандан кийин жылкынын көкүлүнө ак кебез байлап, калың башы кылып жөнөтүшкөн. Ак кебез таза көңүлдүн, ак дилдин белгиси болгон. Калың бычылып, төлөнүп бүткөндөн кийин гана тойго уруксат берилген. Эгерде калың төлөөгө алы жетпей бара жаткан болсо, жигиттин тууган-уругу аларга жардам берип чогуу төлөшүшкөн. Кийин гана мезгилдин өтүшү менен калыңды жекелеп төлөп калышкан.
Кыз оюн
Элибизде “калыңсыз кыз болсо да, каадасыз кыз болбойт” деген кеп бар. Той болордун алдында кыз оюн менен алып кетүү салты болгон. Колунда барлар үчүн той көп күнгө, кээде 40 күнгө созулган. Жаштар өзүнчө тамаша куруп, карылар кептин маңызын сүйлөп чер жазышкан. Кыз оюн атайын тигилген ак өргөөдө күйөөлөп келген жак менен кыз тараптын алым сабак айтышы менен коштолгон. 15 жаштан жогорку улан-кыздар катыша алышкан. Уландар үйдүн эр жагына, кыз-келиндер эпчи жагына отурушат. Адатта оюнду шакылдаган шайыр келин башкарат. Жезденин кулагын чоюп, жеңелер көрүндүк берип, айтор, абдан шаңдуу маараке уюштурулган.
Кыз узатуу
Кыздын жеңелери анын чачын экиге бөлүп өрүп, асем жасалгаларын тагып, шөкүлө кийгизишкен. Колуктунун жүзүн үлпүнчөк менен жаап коюшкан. Салт боюнча колуктунун бетин ачып көрсөткөндө, анын жеңелерине күйөө тараптагылар көрүндүк берүүгө тийиш болгон. Кыздын энеси, чоң энеси, жеңелери кыз менен коштошуп, кошок айтышат.
Кыз өз үйүнөн узагандан кийин той күйөө тарапта улантылган. Жаңы келген келинди чачыла чачып тосуп алышкан. Кыздын башындагы шөкүлөнү алып, кайненеси ак жоолук салат, келинди ак көшөгөгө киргизишкен. Ак түс – никенин символу. Келин күйөөсүнөн улууларды жүгүнүп тосуп алуусу керек болгон. Жүгүнүү – бир жагынан саламдашууну билдирсе, экинчиден, улууларды урматтоонун, сыйлоонун белгиси болуп саналат.
Сеп эмнеге берилет?
Сеп – күйөөгө тийген кызга ата-энеси берүүчү колго жасалган көркөм буюмдардын жыйнагы. Кыздын барган жери жаңы келиндин уздугун, ишмердигин себинен эле баамдашкан. Анткени сеп даярдоонун эң башкы максаты – кызды тестиер кезинен эле өз себин өзү камдоого даярдоо менен узчулукка үйрөтүү. Кыз энесинен, эжесинен, жеңелеринен, айылдагы чеберлерден сайма саюу, шырдак шыруу, чий чырмоо, курак куроо, килем токуу сыяктуу элдик өнөрдүн сырларын үйрөнгөн. Демек, сеп даярдоо узчулуктун мектебинен өтүү болгон.
Кыргызда ала качуу болгон эмес
Кызды сыйлап, аздектеген эл катары ала качуу болгон эмес. Кыздын макулдугу жок, ала качып үйлөнүү мүмкүн эмес болгон. Бул үчүн уруу аксакалдары талдап отуруп кээде кызды ала качып келген жигитке өлүм жазасын беришкени айтылат тарыхый маалыматтарда. Ата-энеси каршы болуп, бирок кыз өз көңүлү менен жигитке кошулуп качып келген учурлар кездешкен. Бирок муну дагы жактырылган жосун катары көрүшкөн. “Сен каадаң менен келген эмессиң” дегендей кептер болуп калышы мүмкүн эле. Ошондуктан ата-энесинин колунан жогорудай этаптар менен келген кыз барктуу, нарктуу деп эсептелген.
Нуржамал Жийдебаева