Калыс Жакыпов, ырчы: “ЖУБАЙЫМДЫН КӨЗҮНДӨГҮ МЭЭРИМ СҮЙҮҮМДҮ ОЙГОТТУ”

Эстрада ырчысы Калыс Жакыпов жакында бийчи, актриса Айдана Тыныбековага баш кошту. Ошентип дагы бир жылдыздуу түгөй жаралды. Жашоонун жаңы барагы, инсандык өзгөрүүлөр, чыгармачылык изденүү жаатында Калыс мырза ой бөлүштү. 

 

– Калыс мырза, куш боо бек болсун дейли! Куттуктоого али кеч эмес болуш керек...  

– Үйлөнгөнүбүзгө 45 эле күн болду,  жаңы эле деп эсептелет го. Андыктан кабыл ала беребиз куттуктоолорду (күлүп).

– Сиздердин жол, тагдыр кантип бирикти?

– Айдана экөөбүз 2019-жылы бир концерттен жолугуп калганбыз. Анда чыгармачылыкка жаңыдан аттанып жаткан кезим эле, Улуттук телеканалга чакырылып, ошол жерден көрүп калгам. Айдана анда “Береке” бий тобунда бийлечү. Бир көргөндө эле “ай-ий, сонун кыз экен” деп жактырып калгам. Ушул кыз менен сүйлөшсөм деп көп убакыт кыялданып жүрдүм. Үч жылдай жакшы тааныш болдук, бирок ал менин аны жакшы көрөрүмдү билчү эмес. 2023-жылга чейин сыртынан көз салып жактырып жүрүп, анан сунуш киргизип, кыз-жигит болуп калдык. Сүйлөшүп жүрдүк, минтип убакыт-сааты келип баш коштук. Бирок азыр деле кыз-жигит болуп жүргөндөй сезимдебиз.

– Жубайлардын экөөнүн тең бир тармактан болушу бири-бирин түшүнүүсүнө жакшы дешет. Ошентсе да келечекте амбициялардын кагылышы болушу мүмкүн эмеспи?

– Жубайым чыгармачыл адам болгону менен, жашоого көз карашы башкача. Ал үй-бүлөлүк баалуулуктарды баарынан жогору коёт. Мисалы, экөөбүз кыз-жигит болуп сүйлөшүп баштагандан үч-төрт айдан кийин эле бийчиликти таштап койду. Менин “бийлебе” деп деле түз айтканым эсимде жок, “той-пойго барып бийлеп, кечинде кеч калып жатасың” дегендей айтсам керек эле. “Өмүр бою бийлебейм да, эртеби-кечпи баары бир таштайм” деп эле таштап койду. Балким, мурунтан ойлонуп жүргөндүр. Экинчи бир себеби – мен абдан кызганчаакмын. Бир-эки жолу кызганыч тууралуу кеп болгон эле, ошондон улам да бийлегиси келбеди окшойт. Ошондуктан жубайым ар дайым өз ордун билген, үйдүн куту, очогу болгон аялзаты болот деп ишенем. Эми чоң сүйлөбөй туралы, бул мендеги бир тилек десем болот.

– Анда бара-бара актрисалыгын деле ташташы мүмкүнбү?

– Андай деле эмес, окурмандар башкача ойлоп калышпасын (күлүп). “Жакшы долбоор чыкса тартыла бер” дегем, бирок азырынча өзүнө жаккан роль чыкпай жүрөт.

– Жаңы бүлөгө оңой эле көнүп кеттиби?

– Билесиздер, төрт бир туугандын кичүүсүмүн. Ата-энебиздин колундабыз. Айдана жакшы эле көнүп кетти окшойт. Ата-энем да жакшы кабыл алды.

– Жубайыңыз сизди кайсы сапаты менен багындырып алды?

– Бир көргөндө эле аябай жылдыздуу кыз экен деп баа бергем. Көздөрүндө бир сонун мээрим бар, адегенде ошону байкагам. Сыртынан татынакай кыз деп жактырып жүрсөм, жакындан билгенден кийин мүнөзү менен да арбап алды мени. Менин кыялым чорт, заматта чарт-чурт болуп кетет. Тез ачууланып, тез жазылам. Айдана болсо сабырдуу, салмактуу. Аны менен кыз-жигит болуп жүргөндөн кийин мен бир топ эле өзгөрдүм. Токтоо тартып, эмоцияларымды көзөмөлдөп калдым. Эмнегедир анын жанында жан дүйнөм тынч алат.

– Чын эле токтолуп калгандай сезилип жатасыз. Дагы кандай өзгөрүүлөр болду?

– Үйлөнгөндөн кийин үйгө шашып калат экенсиң. Мурда тойдон чыгып, андан ары достор менен кетмейим бар эле. Азыр “үйдө келинчегим тамак жасап күтүп отурат да” деп ойлонуп дароо үйгө жөнөйм.

– Сизге үлгү боло турган түгөйлөр барбы? “Ушулардай болсок” деген...

– Менин ата-энем бизге үлгү. Азыркыга чейин бири-бирин өзгөчө сыйлап, аздектеп турушат. Негизи эле биздин ата-энелерибиз же мурунку муун дейбизби, бизге караганда сүйүүнүн жана никенин ыйыктыгын сезип, сактай билген адамдар.

– Чыгармачылыкка келсек. Кичинеңизден бери сахнада жүрөсүз, тажрыйба топтоо жагынан “багажыңыз” жакшы эле толду окшойт?

– 2-класстан тарта ырдадым. Вокалдан сабак алып, комуз чертип көп сынактарга катышып алдыңкы орундарды алып жүрдүм. 5-класста Мелис Мырзакматов (ред.: Ош шаарынын мурдагы мэри) уюштурган “Атуулдук ырлар” сынагында 150 миң сом байге уткам. Бул мен үчүн чоң жеңиш болгон. Кийин 6-класска жеткенде өткөөл курак деп, ырдаганды токтотуп турушка туура келди, анткени үндү күчкө салсаң бузуп алышың мүмкүн.

2019-жылдан тарта чоң сахнага багыт алдым. Ага чейин Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда окудум, кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы университетте билим алдым. Окудум деп айтып коюш жеңил, бирок музыкалык жайда окуу чынында оор. Врач болуу үчүн студенттер көп жыл баш көтөрбөй окушат эмеспи, ырчылык дагы ошондой чоң мээнетти талап кылат. Көптөр чыдабай кетип калышат. Кудайга шүгүр, ошол окууларды чыдап бүтүп алып, анан чоң сахнага чыгып баштадым.

– Шоу-бизнеске жуурулушуп кетүү деле бир топ убакытты, мээнетти, нервди алды да? 

– Албетте, бардык иштин кыйынчылыгы бар. Бул чөйрөгө кирүү, ал жакта атыңды таанытуу оңой эмес. Ырларды жаздырып жаттым, башында жакшы кетпей жүрдү. Анын үстүнө ыр жаздырганга дагы чоң акча керек. Ошол убактарда чет мамлекетке барып иштеп келейин деген да ойлор болгон. Ошондой күндөрдүн биринде “Сени мага жараткан” деген ырым элге алынып кетти. Тойлорго бара баштадым, ошонун аркасынан акча түшүп, кийинки ырларыма жол ачылды.

– Сиз үчүн чыгармачылыктын туу чокусу кандай болушу керек, кандай элестетесиз?

– Адамдын каалоосунун чеги болбойт эмеспи. Көптү каалайсың, кыялданасың, жетесиңби же жетпейсиңби, ал Кудайдын колундагы иш. Мен азыркы абалыма деле шүгүр кылам. Анткени мени менен музыкалык окуу жайда чогуу окуган балдар-кыздардын баары эле “жарк” этип топ жарып чыгып кете алган жок. Мен окуган жерде Айдана Дека, Зарлык Камбаралиев, Элзар Тиленбаев окучу, баары менден улуу эле. Ошончо кыздар-балдардын арасынан суурулуп чыгып өз атын жасай алгандар ушулар эле, демек, канчасы калып кетти. Андан кийинки университетте да мыкты ырдагандар бар эле, бирок көбү топтон суурулуп чыгып кете алган жок. Баары эле башында Мирбек Атабеков болуп кетчүдөй кыялданышат да, бирок жылдызы жангандары аз.

– “Ат чуркабайт, бак чуркайт” дегендей, кээде музыкалык окуу жайда жакшы окугандар деле элге тааныла албай калышат негедир...

– Ооба, абдан жакшы окугандар илимге байланып калышат. Алар нотадан чыга албай “рамкада” калып кетишет. Мүмкүн, алар бир жерде жакшы мугалим болушат же алардан профессор, мыкты композитор чыгат. А мен укмуш билимдүү болбосом да, элге таанылгым келчү. Акырындап кыялдар орундалып келе жатат, буюрса.

– Сизге үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз, маегиңизге рахмат!

 

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1193, 24-30-октябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан