1. Тамакты зайтун майына жасаңыз. Башка майларга салыштырмалуу зайтун майынын килокалориясы азыраак болуп эсептелет.
2. Тамакты көлөмү кичине тарелкага салуу керек. Кичинекей көлөмдү көргөндө мээ алданат “аз жеп жатам” деп.
3. Тамак-ашты көк өңдөгү идиш-аякка салыңыз, көк өң адамдын табитин басат дешет. Байкап көрүңүз.
4. Тамактанардын алдынан 1 стакан жылуу суу ичип алыңыз. Диетологдор “алдын ала суу ичүү менен ашказандын бир бөлүгүн толтуруп, тамак аз желет” дешет. Чынында эле күнү бою белгилүү өлчөмдө (1,5-2 литр) суу ичүү зат алмашуу процессин жакшыртып, арыктоого жардам берет.
5. Тамак жасаганда соустарды эмес, алардын ордуна татымалдарды колдонгонго аракет кылыңыз. Соустардын курамында миңдеген килокалориялар бар. Бир аш кашыкта жүздөгөн санда болот. Ал эми татымалдарда андай калория жок.
6. Көп басыңыз. Телефондун же смарт-сааттын кадамдарды санаган функциясын кошуп алып басыңыз. Жаныңызда жакшы маектеш болсо андан сонун. Анткени жагымдуу сүйлөшүү адамдын маанайын көтөрөт. Жакшы маанай, позитивдүү ойлор адамдын нерв системин тынчтандырат. Арыктап эле тим болбостон, ден соолукка да чоң пайда келтирген болосуз.
7. Сапаттуу уктаңыз. Күнүгө саат 22:00-22:30 аралыгында уктаганга аракет кылыңыз. Уйку режимин тартипке келтирүү чоң эркти талап кылат. Бирок тартипке салса болот. Эрте жатыңыз дегенибиздин да жөнү бар. Анткени организмге керектүү, аны калыбына келтире турган гормондордун көбү саат 23:00-04:00 аралыгында бөлүнүп чыгат. Эгер бул убакытты ойгоо өткөрсөңүз, организмде гормоналдык дисбаланс жаралат. Дароо байкалбаганы менен, бара-бара топтолуп отуруп чоң көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Ал эми толук кандуу 7-8 саат уктагандардын ден соолугу да чың болот.