Белгилүү куудул, алып баруучу, тамада, ырчы Назира Жетигенова кайсы кыялына жете элек?
– Назира айым, кандайсыз? Эмне жаңылыктарыңыз бар?
– Учурда Маданият жана искусство университетинде актёрлук чеберчилик факультетинде сырттан окуп жатам. Театрга ишке орношоюн десем, дипломсуз болбойт дешкенинен окууга туура келди. Андан тышкары концерттерге, тойлорго барып жатам.
– "Жаш көрүнөсүз" деген комплимент көп айтылат болуш керек сизге... Мунун сыры эмнеде? Мүмкүн, жашооңузда позитивдүү өзгөрүүлөр көптүр?
– Жашарганым – жаштарга кошулуп, студент болуп окуп жатканымдан болсо керек деп койбоюмбу. Негизи жаш көрүнүү деле тукум кууйт экен, эжем Алина, апам, мен, кыздарым деле өз курактарынан жаш көрүнүшөт. Жеке жашоомдо өзгөрүү жок, “банкрот”.
– Бир маегиңизде “мурдум учтап койгон карандаштай болуп өзүмө жакпай жүрөт. Анан дагы экинчи ээк менен көздүн алдындагы бырыштан арылуу үчүн операция жасатам” деген элеңиз. Жасаттыңызбы?
– Мен жөнүндө бир кезде “бетин тарттырды” деген сөз таратышкан. Бирок мен операцияны 10 жыл мурун көзүм менен мурдума эле жасаткам. Себеби өзгөчө капталдан караганда мурдум өзүмө жакчу эмес. Өзүмчө эле “комплекс” боло берчүмүн. Көзүмдүн болсо бир жагынын сурмасы чоң, бир жагы кичине болуп териси жабылып турчу. Көргөндөр операциядан кийинки өзгөрүүнү дароо байкашкан. Мындай операцияны менин кесиптештерим, аялдар гана эмес, эркек кишилер деле жасатышкан. Бирок эмнегедир көбү жашыра беришет. Кудайдан жашырбаган элден жашырмак белем. Келбетиң оңоло түшсө, өзүңө жагымдуу болуп, ишенимдүү жүрөсүң.
– Басып өткөн жолуңузга саресеп салсаңыз, адегенде кандай кыйынчылыктар эсиңизге түшөт?
– Жаш кезибизде болбогон нерселерди деле маселе көрүп, ыйлактай берет экенбиз. Кийин кыйынчылыктарды бизге Кудай тарабынан жиберилген сыноо деп түшүнүп калдым. Ооба, убагында кыйналган күндөр болгон. Кыздарымды таштап ишке чыгып кетейин десем, алар кичине болуп кармалып калчумун. Бир жолу 2 кызым ачка “нан” деп ыйлап айламды кетиришти. Бирөөгө барып сурап келсем деле болмок, бирок негедир намыстанып эч кимден сурабай койгом. Анан ошол акыбалымдан улам өзүмө зээним кейип, ыйлагам. Кудайга шүгүр, акырындап баары жакшы болуп кетти.
– Сиздин “фишкаңыз” дейбизби, айтор, концерттерде, тойлордо энергиялуу, шайыр-шатман жүрөсүз. Бул сапаттын пайдасын көп көрөсүзбү?
– Өзүмдү шайыр, позитивдүү алып жүргөнгө аракет кылам. Өзүмдөй адамдарды да баалайм. Бирок күлө турган жерден күлүп, күлбөй турган жерде олуттуу эле жүрөм. Кээде алыс жактарга тойлорго аттанганда унаамды айдагым келбесе, такси менен кете берем. Ичиндегилер мени таанып, тиги-мунуну сурап, сөзгө тартышат. Сүйлөшө келгенде “омей, сен серьёзный турбайсыңбы?” деп таң калышат.
– Өзүңүздү тасмаларга тартылып сынап көрдүңүз. Жыйынтыгы купулуңузга толдубу?
– 10 чакты киного тартылдым. Чынын айтсам, ичинен өзүмө 1-2 кинодогу эле ролум жагат. Адегенде “Кылмыш-2ге” тартылгам. Кийин башкаларына тартылган соң салыштырып көрүп, ошол ролум жакшы чыгыптыр деп калгам. Азыр деле тартылууга сунуштар түшөт. Сценарийи мыктысы чыкса ойлонуп көрөм.
– Айрым атактуулар “атактуулуктун да төлөчү нерсеси болот” деп калышат. Сиз атактуулуктун акысын төлөгөн учур болобу?
– Чыгармачыл адамдар эл көзүндө болгондуктан, өзүңдү ар жактан тыя берип, “рамкага” түшүп, андан чыга албай калат экенбиз. Башка адамдар болсо ээн-эркин жүрө беришет. Ушул нерсе атактуулуктун акысын төлөгөнгө кирет десем жарашчудай.
– Азыр көпчүлүк психологияга кызыгып, изденип, өздөрүн изилдеп жатышат. Сизде да кызыгуу барбы?
– Психолого барууну терапевт, стоматологго баргандай эле кабыл алыш керек. Ал жан дүйнөнүн дарыгери да. Ар бир адам чоң маселеден улам стресске, депрессияга кабылат. Психологго баргам, бирок кээ бирлердей болуп тигини-муну да билчүмүн, үйрөнчүмүн деп психологиянын артынан түшүп кеткен жокмун. “Убакыт дарылайт” деген орустардын жакшы макалы бар го, ошол сыңары баары акырындап унутулуп, жашооң ордуна келет экен. Албетте, жаман кабар, жаман сөз, саткынчылык дегендер убагында жүрөгүңдү оорутуп, уйкудан калтырары чын.
– Сахна артындагы же тойлордогу эсте калган окуялардан кеп кыла кетпейлиби?
– Бир жолу Кара-Балтада той алып барып жаткам. Тойдун 2-бөлүгүн баштаарга аз калганда мас байке ышкырып, мени чакырып калды. Барсам, “1-антрактта элге айткан табышмагыңдын жообун мага айткын!” дейт. “Аны өзүңүз табышыңыз керек” десем бир уят табышмакты айтып, ушуну элге айткын десе болобу. “Уят табышмак экен, муну элге айтканга болбойт!” деп ары барып туруп калдым. Аңгыча артымдан келип, эркекти жулкугандай жулкуду, анан муштум менен тумшукка сокту дейсиз... Эсимди жоготуп коюптурмун. Мени эсине келсин деп бетиме суу чача беришиптир. Эсиме келип, кейпиме карасам кирпиктерим менен 1 тишим түшкөн, мурдум канап, шишиген, макияж жок. Ызы-чуу болдук, ооруканага түштүм. Мээм да чайкалыптыр. 17 күн дарыланып чыккам. Анан тиш салдырдым.
– 6 балага таенесиз, таене болуу кандай экен?
– Небере баладан да таттуу болот деген чын экен. Керек болсо алар үчүн жаныңды бергенге да даярсың. Менде болгондордун баары, анын ичинде мээримим да алар үчүн.
– Жашоодогу баалуулуктарыңыз эмнелер?
– Жаштыгым, кыздарым, неберелерим, апам, бир туугандарым. Эл-журттун тынчтыгы, мекендин бүтүндүгү.
– Жетпей калган кыялыңыз, өкүнүчүңүз тууралуу айтып берсеңиз?
– Жаш кезде 2 кыз, 2 уулдуу болом деп кыялданчумун. Кудайга шүгүр, 2 кызым, неберелерим бар. Бирок өзүмдүн колумда жүрүп, өбөк-жөлөк болор уулумдун жоктугу өкүндүрөт. Эркек балалуу болуу кыялым орундалбай калды.
– Элдин пикирине карап жашаган туурабы же туура эмеспи?
– Элдин пикирине карап жашагыча жашабай эле коюш керек.
– Азыркы абалыңыз бир кездеги кыялыңыз болчу да. Мындан ары дагы кайсы чекке жеткиңиз келет?
– Ооба, бул менин бала чактагы кыялым болчу. Бул кесип менен ичер суум түгөнгүчө иштей берем.
КЫСКА-НУСКА
– Сизди “шопоголик” деп айтсак болобу?
– Ооба, шопоголикмин. Артист болгон соң жакшы кийинип жүрүү зарылчылыгы бар.
– Жалгыздыкты жактырасызбы?
– Жаратылышта, мончодо жалгыз болуп, чачыраган ойлорумду топтоп, жашоомду анализдөөнү жактырам.
– Калп айтасызбы?
– Көбүнчө бир жакка кечигип жатканда зыянсыз калп айткан учур болот.
– Кошумча киреше булагыңыз барбы?
– Былтыр фитнес зал ачкам. Быйыл дагы бир бизнес ачтым. Бирок чыгаша чыкмайынча киреше кирбейт деп коюшат го. Ошол сыңары азырынча киреше кире элек.
– Эл билбеген өнөрүңүз...
– Чач жасалгалай алам. Керек учурда эжем, байкем, кыздарымдын, өзүмдүкүн жасалгалай салам.
– Берешенсизби же сараңбы?
– Берешенмин. Алгандан көрө көп берем. Бергенде алган адам сүйүнсө, ошондон ырахат алам.
– Калтыра албай жүргөн адатыңыз?
– Кайсы жерде болбосун, бир күлүп алсам өзүмдү токтотушум кыйын.
Канымжан Усупбекова