Биз экрандан даяр продуктту, тагыраагы, даяр тасманы гана көрөбүз. Ал эми ошол тасманы тартуу учурунда экран сыртында калган кызыктуу окуялардан кабарыбыз жок. Бул ирет Голливуд тасмаларындагы кадр сыртында калган кызыктар менен бөлүшөбүз.
Эки өлкөдө согуш чыгып кете жаздаган
“Жылдыздагы согуш IV: Жаңы үмүт” ("Звёздные войны. Эпизод IV: Новая надежда") тасмасы 1975-жылы Тунистеги чөлдөрдүн биринде тартылган. Тартуучу топ жайгашкан жер Ливиянын чек арасына жакын эле. Тасмада биз билгендей космосто учкан килтейген кемелер, техникалар бар эмеспи. Ошол техникалардын биринин макети, тагыраагы, кумдуу краулер Jawa да чоң өлчөмдө жасалган эле. Бул краулер “Жылдыздагы согуш” франшизасынын бир нече бөлүмүндө колдонулган. Ливиянын аймагынан Тунис чек арага жакын жерге ири көлөмдөгү аскердик техника алып келгендей көрүнгөн. Ошол кездеги Ливиянын башчысы Муаммар Каддафи коңшу өлкө кол салышы мүмкүн деп кооптонуп, Тунис бийлигине согуш чыкпасын десе чек арага аскерий күч топтоону токтотуу талабын айткан. Өз кезегинде Тунис бийлиги режиссёр Жорж Лукастан краулерди чек арадан алыс алып кетүүсүн суранган. Тартуучу топ локациясын өзгөртүүгө жана килейген реквизитин алып кетүүгө аргасыз болгон.
Марго Робби Леонардо Ди Каприону жаакка чаап...
“Уолл-стриттин карышкыры” (“Волк с Уолл-стрит”) тасмасын баарыбыз эле көрсөк керек. Тасмада актриса Марго Робби актёр Леонардо Ди Каприону жаакка “тарс” эттире чапкан эпизод бар эмеспи. Ал сцена тууралуу актриса “ушунчалык ролума кирип кетип, болгон күчүм менен Леону жаакка чаап салыптырмын. “Тарс” деп үн чыкканда өзүмө келдим, анан да тартуу талаасында жымжырттык өкүм сүрүп калды. Ошол замат мээме “сен азыр эле Леонардо Ди Каприону жаакка чаптың! Эми сени сотко берет!” деген ой келди” дейт. Марго дароо актёрдон кечирим сураган, Лео мырза болсо ачуулануунун ордуна каткырып күлүп, анын актрисалык чеберчилигине баа бергенин айтып, дагы бир жолу чабуусун суранган.
“Титаникчилер” баңгизат колдонуп...
Оо, “Титаникти” көрүп ыйлагандар барбызбы? Бул тасманы тартуу учурунда да кызыктар көп болгон. Анын бирин мисал кылалы. Тартуу иштеринин акыркы күнүндө актёрдук курамдын жана тартуучу топтун айрым мүчөлөрү моллюсктан жасалган шорпого ууланып калышкан. Тагыраагы, тамакка кимдир бирөө фенциклидин баңгизатын кошуп койгон. Бул баңгизат адамда галлюцинация пайда кылып, кыймыл-аракет координациясын жоготот. Тамактангандан 15 мүнөттөн кийин адамдар өзүлөрүн кызыктай сезип, бири ыйлап, бири кусуп, бири күлүп, айтор, таң калычтуу эле окуя болгон. Жабырлануучулар ооруканага жеткирилген. Ал эми тамакка баңгизатты ким кошкону белгисиз бойдон калган.
Чыныгы ууру кармалган
Француздардын “Леон” тасмасын тартуу учурундагы кызыктуу окуя менен бөлүшөлү. Анда атактуу актёр Жан Рено жана жаш актриса Натали Портман башкы каармандар. Нью-Йорктун бир көчөсүндө тартуу иштери жүрүп жатат. Экинчи көчөдө болсо чыныгы ууру жигит бир адамды тоноп, табылгасын көтөрүп качып жөнөйт да, баягы тартуу иштери жүрүп жаткан көчөгө келип калат. Ал жакта бир имаратты курчоого алган топураган полицейскийлер алдынан чыгат. Мени кармаганы келишкен экен деп жүрөгү түшкөн ууру эки колун көтөрүп, колго түшүп берген экен
Аңчылардан Чубаккуну кайтарып...
Кайрадан “Жылдыздагы согуш” тасмасына кайрылалы. Андагы Чубаккуну билесиз да. Чубаккунун келбетин режиссёр Жорж Лукас өз итинин кебетесине окшоштуруп жасаган. Тасманын “Жылдыздагы согуш VI: Жедайдын кайтып келүүсү” бөлүмүн токойдон тартуу учурунда Чубакку катуу кайтарууга алынган. Анткени Чубаккуну аткарган актёр Питер Мэйхьюну аңчылар атып кетпесин деген кооптонуу болгон. Актёрдун бою 2 метр 18 сантиметр, кошумча персонажынын костюмун кийгенде ого бетер коркунучтуу жандыкка айланып калган. Жергиликтүү аңчылар аны “кар киши” деп колго түшүрүүгө аракет кылышкан. Андыктан тартуучу топ актёрду кайтарып, жалгыз жана алыс кетпешин көзөмөлдөп турушкан.
“Тирүүлөй көмүлгөндөй сезчүмүн...”
Убагында тил укпай жаткан кичинекей балдарды “тил укпасаң сени Гринч уурдап кетет” деп коркутуп калышкан экен. 2000-жылы чыккан “Гринч – Рождествонун уурусу” тасмасында Гринчтин ролуна актёр Жим Керри тартылган. Актёрду Гринчке айландыруу үчүн 8,5 саат убакыт кетчү. Спандекстен костюмга топоздун жүнү чапталат, андан сырткары бетине атайын протездер коюлат. Күнүгө ушул процесс кайталанат. Жим Керри “күндө кайталанган грим учурунда өзүмдү тирүүлөй көмүлгөндөй сезип жатам” деп режиссёрго айткан. Стресске түшкөн актёрго жардам берүү максатында тартуучу топ ЦРУнун кызматкерлерин кыйноону кантип көтөрүү, жеңүү керектигин үйрөткөн атайын адисти чакырышкан. Адис Жим Керри грим процессин жеңил өткөрүшү үчүн түрдүү психологиялык манипуляцияларды жасап турган.
“Пиу-пиу-пиу...”
Ааламды душмандардан коргогон “Галактика сакчылары” фантастикасы. Анда башкы Жылдыздуу Лорддун ролун актёр Крис Пэтт аткарат эмеспи. Режиссёр Жеймс Ганн тасманы тартуу учурундагы бир күлкүлүү учур менен бөлүшкөн. Жылдыздуу Лорд космостук куралы менен атышкан сценаларды тартуу учурунда Крис Пэтт “пиу-пиу-пиу...” дей берген. Антип жатканын өзү деле сезген эмес, бирок кайталай берген. Кичинекей балдар оюнчук куралдары менен атышып ойногондо “тах-тах” же “пиу-пиу”, же дагы башка үндөрдү чыгарат эмеспи. Актёр балалыгын эстегенби, айтор, анын “пиу-пиу-пиусу” бир нече кадрды кайра тартууга алып келген. Тартуучу топ Пэттке эскерткенден кийин гана токтоткон. Кайра тартылып жумуш көбөйсө да актёрдун бул кылыгы тасма талаасын күлкүгө бөлөгөн.
Асыл Орозбекова