Белгилүү куудул, ырчы Кубик Калыков агабыз 60 жашка чыгып отурат. Ал ушул жашка чейинки өмүрү, чыгармачылыгы, балдарынын тарбиясы, үй-бүлөлүк бакытынын сырын бөлүшүп, кеңсебизге жарык маанайда келип, маек берип кетти.
– Кош келдиңиз, Кубик ага! Кутман куракка келип калыпсыз, бул мааракени атайын белгилейин деп жатсаңыз керек...
– Саламатсыңар, ооба, мааракеде элге отчёт берип коёюн деп концерт бергени жатам. Он жыл мурун “50дөн берген отчётум” деп концерт бергем. Биринчиден, балдарым чоңоюп калышты. Экинчиден, ден соолукка байланыштуу “ата, силерди биз эле карайлы, ушуга чейин бактыңыздар, эми апам экөөңөр неберелерди эркелетип эле үйгө отуруп бериңиздер” дешти. Неберелерди эркелетип үйдөмүн, бирок чыгармачыл киши үйдө бекер жата албайт экен. “Кыбыраган кыр ашат” деп обон жарата коём, чакырган жерлерге барып тамадалык да кылып калам, ушинтип келе жатам.
– 60 жаш кандай курак экен?
– 60 жаш деген мүчөлүү жаш бекен,
Алтындай агарган баштагы жаш экен.
Мүчөлүү жаш деген жетимиш жаш бекен,
Жетилген чынардай жемиштүү бак экен... деп жакында эле ыр чыгардым. Анын сыңарындай, жемиштүү курак экен. 80ге чыккан бир аксакалдан “80 жаш кандай экен анан?” деп сурашса, ал айтат экен “алтымыш жаштагыдай эле экен” деп. Андыктан 60 жаш 40 жаштагыдай эле экен. Ушул жашка чыктым, болду эми деп жатып алсам, балким, билинмек. Адам баласы кыймылдабаса токтоп калган машинедей болуп калат. Ошондуктан колдон келишинче кыймылдай бериш керек.
– Жакында сыркоолоп калганыңызды уктук эле, жакшы болуп чыктыңызбы?
– Жамбашымда протез бар. 45 жашымда операция болгом, чебер хирург Сабырбек Жумабеков жасаган. Врачтар айткан көрсөтмөнү сактап жүрүшүм керек болчу. “Оор көтөрбө, чуркаба, ат минбе, отун жарба, күрөк менен жер теппе. Бул протез сенин денеңди гана көтөрүп жүрө алат” дешкен. Бирок ысык жанбыз дегендей, өзүм да жаным тынбаган дыйканмын. Жайында жайлоого барып ат минем, чуркайм, кыскасы, ошол протезге оордук келтирип, кайра жаңы салууга туура келди. Ооба, мага эскертилген, туура эмес кылганымды моюнума алдым. Хирург “Кубик, жашың алтымышка барып калды. Эми колдон келишинче өзүңдү этиятта. Жөн жүр, кутурба” деди. Аракет кылып жатам.
– Кыздарыңыздын бири белгилүү ырчы, бири блогер, эл көзүндөгү адамдар. Кыздарга тарбия берүүдө эмнелерге басым жасадыңыз?
– Эл ойлогондой стереотип менен тарбиялаган жокмун. Атасы ырчы болсо, балдары да ырчы болуш керек же менин гана жолумду жолдойсуңар деген тарбия берген жокмун. Мени да ата-энем эркин тарбиялаган. Баланын эркине коюш керек. Ар бир бала тубаса жөндөмү менен төрөлөт. Эстүү болгонго, калп айтпаганга, бирөөнү алдабаганга үйрөтө алдым болуш керек, бирок эл көзүндөгү адам болушсун деген эч оюм болгон эмес. Мисалы, биз үй-бүлөдө сегиз бир тууган болсок, сегизинин тең кесиби ар башка. Врач, милиция кызматкери, архитектор, эсепчи, ветеринар, кыскасы, ар биринин кесиби ар башка. Бир туугандарымдын арасынан бир эле менин боюм кичинекей, бир эле мен сахна адамы болдум. Балдарым да кесип тандоодо эркин болушту. Айпери кызымдын кесиби дипломат. 3 чет тилин билет. Уулум архитектордун окуусуна тапшырган, бирок кийин режиссёр болуп кетти. Азыр “Замана” студиясында режиссёр болуп иштейт. Кичүү кызымдын кесиби башка болчу, ал блогер болуп кетти. Ар бир киши кесибинен ырахат алып, нан таап жесе абдан жакшы. Мен азыр деле бир башка кесипти аркаласамбы, эмне кылсам болот болду экен деп изилдеп жүрөм. Адам баласы каалоосун чектебеш керек. “Болду, мен майып болуп калдым, үйдө эле отурайын” деп ойлоно албайм. Күнүгө бир жаңы нерсени ойлоп тапкым келип турат.
– Каалоо деп калдыңыз, бул нерсенин чеги болбосо керек...
– Ойлонуп көрсөң, адам баласынын курсагы эки кесим нанга эле тоёт. Бирок кедей байга жетем деп, бай Кудайга жетем дейт экен. Ошентип кубалашып жүрүп, көр дүнүйө деп жүрө берет экен адам. Каалоонун чеги жок да, бирок шүгүрчүлүк кылып, напсини тизгиндеп туруу керек.
– Жубайыңыз менен ысык-суукту бирге басып келатасыздар. Сиздин үй-бүлөнүн туруктуулугунун, бекемдигинин сыры эмнеде деп ойлойсуз?
– Мен 15 жашымда апамдан ажырап калгам. Ийгиликтеримди апам көргөн жок. Өгөй эне деген болду, бирок мен чоң ата, чоң эненин колунда жүрдүм. Мындайча айтканда, 8-классты бүткөндөн кийин өз тагдырымды өзүм чечип жашадым. Көп нерсени көрдүм, быштым. Кийин үйлөндүк, бир кашыктан болсо да жубайым экөөбүз чогуу чогулттук. Үй курдук, бутка турдук дегендей. Ошентип чогуу келе жаткан жол баарынан барктуу болду мен үчүн. Ачка калганда деле жубайым жанымда эле, Кубик боло элегимде деле, Кубик Калыков болуп аншлаг менен концерттерди койгонумда деле жанымда болду. Ошол жолдун баркын билгенден кийин уруш-талаш деле болбойт. Сыры ошол эле го дейм.
– Демек, жубайыңыз да сабырдуу, түшүнүктүү жан болуш керек...
– Артисттин аялы болуш абдан кыйын. Себеби артист ар ким менен бийлейт, кучакташат, фанаттары болот. Ошонун баарын көтөрө билиш керек. Уруш эки эле нерседен чыгат, бири – акча жоктугунун айынан, экинчиси – кызганычтын айынан. Ушул экөөнөн сактанса болду, жашоо жакшы эле кетет.
– Мүнөзүңүз жумшак экенин байкадым...
– Жумшакмынбы билбейм, бирок жашыкмын. Кайгылуу кино көрсөм деле ыйлап калам. Апамдан эрте ажыраганым үчүн апа тууралуу таасирдүү бир нерсе окусам, көрсөм же кайсы бир адамдардын апасын кор тутуп жатканын көрсөм чыдабай ыйлап жиберем. Ошондуктан кайгылуу нерсени көп көрбөгөнгө аракет кылам.
– Кептин аягында алдыда болуучу концертиңиз тууралуу айта кетсеңиз, кандай жаңылыктар болот?
– Концертке эки жыл даярдандым, өзүм сценарий жаздым. Башынан эле эч кимге ишенбейм, концертке сценарийди өзүм жазам. Чапан, калпакты кийип, бир бурчка отуруп алып “кана менин ырларымды ырдагыла” деп отуруп алган да мааракелик концерттер болот. Бирок мен андайды каалабайм. Болушунча элге, жаштарга кызыктуу болсун деп аракет кылдым. Жандуу үн менен ырдайм, музыкалык аспаптарда өзүм ойнойм. Сахналаш досторум келип ырдашат. Канча жылдан берки иштешип жүргөн Бек Борбиев, Асел Турдалиева, Борончу Кудайбергенов жана башкалар келишет. Кызым Айпери менен ырдайм. Айтор, кызыктуу болот деп ишендирип айта алам.
– Маегиңизге рахмат!
Нуржамал Жийдебаева