Бишкектин четинде кичинекей бөлмөдө ижарада эки баласы менен жашаган Венера Исабаева үчүн ар бир күн — сыноо. Мисалы, жакында анын тынч жашоосу күтүлбөгөн коркунучка кептелди – майыптыгы бар Венера айым кошуналары тарабынан кол салууга кабылганын, өлүмдөн араң аман калганын айтып чыкты. Азыр ал өз укугун коргоо үчүн күрөшүп, ошол эле учурда балдарынын коопсуздугу үчүн тынчсызданып жатат. Биз ага жолугуп болгон окуяны, жашоо-шартын өз оозунан угуп келдик.
- Венера айым, алгач өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз. Азыркы жашооңуз кандай өтүп жатат?
- Мен Исабаева Венера, 1986-жылдын 22-декабрында туулгам. Бала чагымдан I топтогу майып болуп эсептелем, майыптык арабасынын жардамы менен гана кыймылдай алам, эки колумдун функциялары чектелүү. Учурда Бишкектин четиндеги үйлөрдүн биринде ижарага алынган бөлмөдө жашайм. Эки балам бар, кичүүсү 1 жаштан ашты, ал дагы оорукчан. Дарыгерлер балдардын шал оорусу деп диагноз коюшкан. Жашоо бирде өйдө, бирдей ылдый болуп, айтор, ар кандай сыноолор менен уланып жатат.
- Сизге кол салуу болгону тууралуу маалымат тарады. Ошол окуяны кенен айтып бере аласызбы?
- 2024-жылдын май айында коңшум күйөөсү экөө мага кайрылып, бир жылдык мөөнөткө карызга акча сурашкан. Макул деп накталай акча бергем, карызды бөлүп төлөөгө сүйлөшкөнбүз оозеки. Коңшум карызды ай сайын 2 жолудан бөлүп төлөп жатты. Кийин дагы ири көлөмдө карыз сураганынан дагы акча бергем. Карызды кайтаруу мөөнөтү өткөндөн кийин мен коңшума бир нече жолу кайрылып, карызды берүүсүн сурандым, анткени турак жай сатып алууну пландаган элем. Бирок ал тараптан коркутуулар башталды. 2025-жылдын 25-сентябрында саат 15:00дө алар мени сабоого аракет кылышты. Эшикти тепкилеп ачууга аракет кылышты, эшик бек болгондуктан ача албай кетип калышты. 2025-жылдын 8-октябрында болжол менен саат 23:00 чамасында кошунам күйөөсү экөө бөлмөмө кирип келип, мени коркутушту. Мен алардан карызды кайтарып берүүнү талап кылып, “болбосо милицияга кайрылам” деп эскерттим. Күйөөсү ар жакта турган чайнекти ала калып, ичиндеги кайнак сууну башыма куюуга аракет кылды. Жогоруда айтканымдай, колдорум алсыз, өзүмдү коргой албадым жана качып чыга алган да жокмун. Бирок ошол маалда кошунам күйөөсүн түртүп жиберди эле чайнек колунан түшүп, раковинага кулады. Андан кийин күйөөсү мени муунта баштады, аялына оозумду жабууну буйруп, мени ысык электр мешине бетим менен басууга аракет кылды. Мен кошунамдын колун тиштеп, ал колун тартып алган учурда кыйкырып жибердим. Кыйкырыгымды угуп башка кошуналар кирип келишти, ошондо күйөөсү бөлмөдөн чыгып кетти. Бирок кошуналардын эч кимиси милиция чакырууга батынган жок, “102” номерине өзүм чалып жардам сурадым. Милиция кызматкерлери келген учурда катуу стресс абалында болчумун, сүйлөө кыйын эле. Алардын бири: “Оозун жапкыла же тынчтандыруучу дары бергиле” деди. Мен “алар мени өлтүрүүгө аракет кылышты” десем, милиция кызматкери “Өлтүрүшкөн жок го” деп жооп берди. Балким, ошол учурда өзүмдүн эмоционалдык абалыма байланыштуу болдубу, милиция кызматкеринин бул сөзү мага абдан катуу тийди. Кийин ойлосом, коркконумдан улам кайра-кайра кыйкыра берип милициянын ишине тоскоолдук жараткан окшойм. Азыркы учурда тергөө жакшы жүрүп жатат, буюрма. Экспертизадан мойнумдагы тактар адамдын кол изи деп таанылып, кылмыш иши ”адам өлтүрүүгө аракет” беренесине которулуп тергелип жатат.
- Азыркы учурда коопсуздугуңуз кандай?
- Азыркы тапта өзүмдү жана балдарымды кооптуу сезип жатам. Ар дайым үйдүн эшигин ичинен кулпулап отурам, кошунам тарабынан дагы кол салуу болушу мүмкүн деп коркуп турам. Күйөөм башка айылда иштеп жатат, бир жумада 1 жолу келип кабар алып кетүүдө.
- Денеңизде олуттуу жаракаттар жокпу ошол окуядан кийин?
- Биздин үйгө кошунабыз тараптан кол салуу болгондо менин моюнумду муунткандыктан моюнум дагы деле оорутуп жатат. Стресстемин, катуу коркуп калганымдан уйкуда жаман түштөр кирип чочуп ойгонуп жатам. Кол салуу учурунда кызым мени көргөндүктөн нес абалында калган жана кызым да стресс абалынан толук чыга элек.
- Коомчулуктан же мамлекеттен кандай жардам күтөсүз?
- Мага кол салган кошунам: аялы күйөөсү экөө биргеликте мыйзам алдында, тийиштүү түрдө жазасын алсын. Ушуну суранам. Кудайдын мага деген ырайымы менен кырсыктан аман калдым деп ойлойм. Урматтуу кыргыз элим, урматтуу окурмандар. Маегим жарык көргөндө мени колдоп, коштоп, укугумду коргошуп коюуңуздарды суранат элем. Маалыматты кененирээк бөлүшүп коюуңуздарды өтүнөм. Баарыңыздарда жакшылыктар гана болсун!
Асел Нурбекова