Ооруканада 4 жашар кыз каза таап, апасы дарыгерлерди айыптап жатат

Жүрөк жана органдарды трансплантациялоо улуттук илимий институтунун дарыгерлери шалаакылыкка жол беришти деген айыптоолор айтылууда. Бул тууралуу ооруканадан каза болгон 4 жашар кыздын апасы Мээржан Кадиралиева социалдык тармактар аркылуу билдирди. Анын айтымында, кызы 10-октябрда жүрөк операциясы үчүн Республикалык диагностикалык борборго жаткырылган. Дарыгерлер текшерүүдөн кийин операцияга каршы көрсөтмөлөр жок деп билдиришкен. 16-октябрда операция ийгиликтүү өткөнү айтылган, бирок бир нече сааттан кийин баланын абалы кескин начарлап, кан басымы түшүп, жүрөгү үч жолу токтоп калган. Кадиралиева дарыгерлер ЭХО текшерүүсүн убагында жүргүзбөй, абалдын себебин “наркозго реакция” деп түшүндүргөнүн айтат. 17-октябрдын түнүндө кыз чарчап калган. Үй-бүлө "азыркыга чейин өлүмдүн себептери тууралуу расмий жыйынтык ала элекпиз" деп билдирет. Каза болгон кыздын апасы президентке жана УКМК төрагасына кайрылып, объективдүү териштирүү жүргүзүүнү суранды.

Аталган институттун директору Самидин Шабыралиев ЖМКларга комментарий берип, операция техникалык жактан ийгиликтүү өткөнүн, бирок бейтапта “жүрөк кемтиги синдрому” болушу мүмкүн экенин билдирди. “Кээде катуу стресс учурунда организм көп адреналин бөлүп чыгарат, бул жүрөк булчуңдарын жабыркатып, анын иштешин токтотот. Ар бир операция чоң коркунуч жана стресс менен коштолот”,- деди ал.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1193, 24-30-октябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан